Атактуу модельер Наиль Байкучуковду сабап кетишти

9-ноябрдан 10-ноябрга оогон түнү «Промзон» эс алуу клубунда Кыргызстандык модельерди сабап кетишкен. Азыркы кезде модельердин абалы жакшы. Анын айтымында, сабап жаткан кезде эс алуу клубунун күзөт кызматы жардам берген эмес. «Промзон» клубунун жетекчилиги Байкучуковдун айткандарын моюнга алган жок.

Наил Байкучуковдун билдирүүсүнө караганда, өзүнүн досуна болушкандан кийин, мас абалдагы клубдун кардарлары тарабынан сабалган.

«Мени сабаган адамдар, башында биздин компанияда иштеген кызды коргоп жаткан менин досума атырылышты, андан кийин мен аларга барып, аларды урушпагыла деп айтсам алар мени да сабап башташты»,-деп айтып берди модельер «Клоопко» берген интервьюсунда.

Байкучуковдун айтымында, аны сабап жаткан кезде «Промзон» эс алуу клубунун коопсуздук кызматы жардам берген эмес.

«Үйүлгөн топ мени сабап башташты, мен колум менен жабалактап калдым. Мага идиш аяктар менен ата башташты. Күзөтүү кызматы тез жардам чакырган да жок»,-деп айтты модельер.

Байкучуковдун айтуусунда, жардам бергендин ордуна клубдун сакчылары алардан төлөө акысын сурашкан.

«Менин досум эс учун жоготуп койгон кезде  аны көчөгө ыргытып салышты. Жакшы дагы жолдо эки жаш кыз жигит бараткан экен алар досумду ооруканага жеткиришти. Мен канжаланып турган кезде клубдун бир сакчысы келип төлөм кагазын сунду»,-деп айтты модельер.

Бирок, «Промзон» эс алуу клубунун жетекчилиги болгон окуянын жалган экенин айтып, эч кандай уруш талаш болтурбоонун алдын алганы аракет кылышканын айтышты.

«Эс алуу клубунун коопсуздук кызматты эч кандай уруш талаш болтурбоонун аракетин кылып, андан сырткары укук коргоо кызматкерлерин жана тез жардам чакырышкан»,-деп билдирди клубдун жетекчилиги.

Алардын билдирүүсүндө, болуп өткөн жаңжалда жабыр тарткан Байкучуков өзү күнөлүү.

«Байкучуковдун компаниясы мас болуп алып, идиштердин сындырып мушташ уюштурушкан»,- деди «Промзона» клубунун кызматкерлери.

Катуу сабагандын кесепетинен башынан жабыр тартканын билдирип, бирок азыркы кезде досторунун жана өзүнүн абалы жакшы экенин кошумчалап кетти модельер.

«Жаракат алдым деп баарына жарыя кылгым келбейт. Мен менен болгон окуя башка кардарлардын башына да түшүшү мүмкүн. Бирок бир нерсени билгим келет. Эгер сен клубга келип, жакшы суммадагы акча төлөп жаткан соң, өзүңдүн коопсуздугуңа ишене аласыңбы?»-деп суроолу карап өттү Байкучуков.

Байкучуков ур-токмокко алынгандыгы тууралуу Октябрь РИИБне арыз жазгандыгын билдирди. Бирок, макала даярдалып жаткан учурда комментарий алууга укук коргоо органдары тарабынан мүмкүнчүлүк болгон жок.

Токмоктолгондугу жөнүндөгү маалыматтын «Дизель» форумунан жок болушу

Белгилүү «Дизель» интернет форумунун «Саясат жана коом» бөлүмүндө модельерди сабап кеткендиги жөнүндө маалымат пайда болгон. Бирок, модератор тарабынан бул маалымат «Антиреклама» бөлүмүнө киргизилип жабылган.

Жабыр тарткандын курбусу Светланын оюнда, Байкучуковдун сабалганы жөнүндөгү маалымат «Промзон» клубунун жетекчилигинин суранычы боюнча форумдан алынып салынса керек.

«Балким клубдун жетекчилиги интернет форумга акча төлөп койгон. Себеби бул окуянын ММКларга бат таркап кетишин алар каалаган эмес да»,-деп ойлойт Светлана.

Модельер Олег Беда, Байкучуковдун сабалышы жөнүндөгү маалыматтар атайын эле өчүрүлүшү мүмкүн деп ойлойт.

«Албетте «Промзона» клубу бул окуянын жайылышын каалабайт. Анткени, болгон жаңжал клубдун аброюна шек келтирип, коопсуздук кызматы үчүн да терс көрсөткүч болмок»,-дейт Беда.

Макала даярдалып жаткан мезгилде «Промзона» клубунун жетекчилиги жана «Diesel.elcat.kg» сайтынын модераторлору комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.

«Дизель» форумунун шарттары боюнча, антиреклама «Жарнама» бөлүмүндө гана жайгаштырылышы керек.

Байкучуковдун ишмердүүлүгү

Кыргызстандык модельер Наил Байкучуков 16 жашында ишмердүүлүгүн баштаган .

Сегинзинчи класстын баласы тарабынан «Дебют» аттуу биринчи коллекция тартууланган. Наил ушул эле коллекциясын «Алтын жип» жана «Жаңы кылымдын мыкты чебери» атуу конкурстарда көрсөтүп, байгелүү орундарга жетишкен.

Байкучуковдун кийимдери 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдарга ылайыкташтырылган. Анын негизги кардарлары болуп казакстандык «FM» жана кыргызстандык «Кыз Бурак» тобу эсептелет.

Байкучуковдун кийимдери бир нече жолу чет элдик көргөзмөлөрдө көрсөтүлүп келген. 2009-жылы Берлинде жана Парижде модельердин коллекциясынын көргөзмөсү болуп өткөн.

Орусчадан кыргызчага которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Диана Рахманова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы