Парламент спирт ичимдигине болгон жаш чектөөсүн жогорулатууда

Мындан ары алкоголдук ичимдиктерди 18 жаштан эмес 21 жаштан гана сатып алууга мүмкүн. «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу» жөнүндөгү мыйзамга ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү депутаттар сунуштап, «калктын саламаттыгы» үчүн кам көрүп жатабыз деп түшүндүрдү.

Жашы жете элек балдарга алкоголдук ичимдиктерди сатпоо жөнүндө «Кыргызстандын мыйзамдык актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү» боюнча бул мыйзам долбоорунун демилгечиси «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир улуу.

«Алкоголдук ичимдиктердин колдонулушу психологиялык жана физиологиялык жактан өспүрүмдөрдүн ден соолугуна коркунуч туудурат. Жаш балдар аз көлөмдөгү алкоголдук ичимдикке мас болуп калышат жана бул андагы спирттин көлөмүнө көз каранды эмес»,- деп жазылат мыйзам долбоорунун текстинде.

Демилгечилердин айтымында, 8-декабрдагы парламенттик угууларда депутаттар алкоголдук ичимдиктерди сатып алууга чектөөнү 18 жаштан эмес 21 жашка чейин көтөрүүнү сунушташкан.

Өзгөртүүлөрдү сунуштаган «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Равшан Сабиров, жаштар арасында алкоголь ичимдиктеринин жайылышы, өзгөчө айыл аймагында, мушташтарга алып келет дейт.

«Эгер 21 жашка чейинкилерге алкоголь сатууга тыюу салсак, элибиздин сак саламат болушуна жакшы негиз түзүп беребиз»,-дейт Сабиров «Клоопко» берген интервьюсунда.

Демилгечилерди башка фракциялардын өкүлдөрү да колдоп жатышат. Социал-демократ Эгемберди Эрматовтун айтымында, Кыргызстандагы кылмыштуулуктун көпчүлүгү алкоголдун таасири алдында болуп келет.

«Ата-Журт» партиясынын депутаты Азамат Арапбаев, бул чектөөлөр мамлекеттик казынага түшкөн салыктардын азайышына алып келет, бирок бул олуттуу маселе эмес,-деп жөн кабыл алды.

«Мамлекеттин казынасын жаштарыбыз жана элибиздин ден соолугу менен толтурбашыбыз керек»,-дейт депутат.

«Ар-Намыс» партиясынын депутаты Эсенгул Исаков АКШны мисал келтирип, ал жерде алкоголду 21 жашка чейинкилер сатып алуу же ичүүгө мүмкүн эмес, бул мыйзам башка штаттарда  колдонулуп иштеп келээрин билдирди.

Исаковдун пикиринде, элдер акырындык менен өзгөртүүлөргө көнө баштагандан кийин  бул мыйзамдын жыйынтыгын 2-3 жылдан кийин байкасак болот.

Жаңы мыйзам долбоору боюнча спирт ичимдигин сатуучу дүкөн сатып алуучулардан паспортун талап кылуусуна туура келет.

Эгер алкоголь ичимдиги жашы жете элек өспүрүмгө сатылса, сатуучу акчалай айып төлөп калат.

Равшан Сабировдун айтымында, акчалай айыптын өлчөмү алкоголдун баасына жараша болот.

Азамат Арапбаевдин билдирүүсүндө «алкоголдук ичимдиктерди жарандыгын тастыктаган документти көргөзүүсүндө гана сатуу керектиги тууралуу атайын норма болоорун» айтып кетти.

Ичимдикти сатып алууда өспүрүмдөрдүн жаш чектөөсүн жогорулатуу боюнча депутаттардын мындай сунушу азыркы кезде Жогорку Кеңештин агрардык комитети тарабынан каралып жатат.

Агрардык комитет боюнча серепчи Анарбек Матисаковдун «Клоопко» берген интервьюсунда, мыйзам долбоору 22-декабрда каралаары айтылды.

«Мыйзамда жашы жете электерге деп жазылган, ал эми депутаттар болсо «21 жашка чейин» деп өзгөртүүлөрдү сунуштап жатышат. Мындай болсо, демилгечилер жаш көрсөткүчүн өзгөртүп жаңы мыйзам долбоорун түзүшү мүмкүн же болбосо өзгөртүүлөрдү киргизиши керек»,-дейт серепчи.

Алкоголь өндүрүүчүлөрү депутаттардын демилгесин ар кандай көз карашта кабыл алууда.

«Шампанвинкомбинаттын» сатуучусу Алманбет Монбаев, «Жаңы мыйзам өндүрүшчүлөрдүн жана сатуучулардын кирешелерине терс таасирин тийгизет»,-деп билдирди.

«Бул туура эмес чечим. Биз мындай болбойт деп ойлойбуз»,-дейт Монбаев.

«Абдыш -Ата» аз алкоголдуу жана алкоголсуз суусундук компаниясынын жетекчиси Жылдыз Жусумалиеванын айтуусунда, жаңы кабыл алынган мыйзам алардын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизбейт жана анын ишканасы жаңы мыйзам менен иштешүүгө даяр экенин билдирип өттү.

«Биз дени сак улут үчүн, бул туура деп эсептейбиз. Биз мыйзамдын негизинде иш алып барабыз»,-деп айтып өттү Жусумалиева «Клоопко» берген интервьюсунда.

Депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыгуу менен алек болуп жаткан кезде, студенттер депутаттардын демилгесине терс көз карашта экенин билдиришүүдө.

Биринчи курстун студенти Дарья Павельеванын айтымында, 18 жашка чейинки чектөө сакталбаган сыяктуу эле, бул мыйзам башкалар тарабынан баары бир сакталбайт.

Анын айтымында, жашы жете элек дос-курбулары кече жакында арак сатып алышкан. Бирок, эч ким аларга тоскоолдук кылган эмес.

Алар жаңы мыйзам кабыл алуунун ордуна, ошол мыйзамдардын сакталуусун көзөмөлгө алса болмок. Андан кийин гана башка мыйзамдарды өзгөртө беришсин»,-деп айтты Павельева.

Улуу муундун өкүлдөрү мындай өзгөртүүлөрдү колдошсо, айрымдары мындан да башка катуу тартипти сунуштоодо.

Мисалы, Ош жергесинин тургуну Ташполот спирт ичимдиктери улуу адамдарга гана сатылышы керектигин айтып жатат.

«30-40ка келгендер гана алкогол иче башташсын, ага чейинкилерге мен каршымын»,-деди Токтополот.

РТСУнун студенти Валентин, 21 жашка чыга электерге спирт ичимдигин сатууга тыюу салынган депутаттардын демилгесине каршы экенин билдирди.

«Балдарды 18 жаштан аскерге жиберишет, ал эми спирт ичимдиктерине болсо 21 жашка чейин чек койгонун мен түшүнбөдүм»,-дейт студент.

Улуттук университетинин мугалими Нуржан Валентиндин пикирин колдоорун билдирип, бийлик өкүлдөрү учурдагы эле чектөөнү калтырыш керек,-деп билдирди.

«18 жаштан кийин адам чоңоюп өз алдынча чечим кабыл алууга жарап калат. Ошондо гана өзүнө спирт ичимдигин ичүү керекпи же ичпеш керекпи ал өзү чечет»,-деп кошумчалады мугалим.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Раиса Киргизова