Президенттике талапкерлердин бири Арстанбек Абдылдаевге космостон аян берилди

Президентикке талапкерлердин бири Арстанбек Абдылдаевтин видео тасмасы интернет колдонуучулар арасында өтө таанымал болуп жатат. Абдылдаевдин «Кыш келбейт», келе жаткан «жаңы эра» кыргыздардан башталат деген сөздөрү видео тасманын атактуулугунун жогорулушуна алып келди.

Учурунда президенттике талапкердин бири болгон Арстанбек Абдылдаев, 28-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда, Кыргызстан кыска мөөнөттүн ичинде «кыргыз идеологиясына» ылайыкташтырып Конституциясын өзгөртүшү керектигин айтты.

Кыргызстан ааламдын жүрөгү, кыргыздар -жаңы жашоону башташат жана «жаңы цивилизациянын башаты» деген кабар мага космостун таасири алдында аян берди деп түшүндүрдү саясатчы.

«Эгер кыргыздар туура жолго багыт албаса, бүт ааламда өнүгүү болбойт»,-дейт талапкердин жардамчысы Мирлан Асакеев.

«Кыш келбейт, муну мен айта алам. Азыр Батышта ташкын болот»,-деп айтты сөзүнүн аягында Абдылдаев пайгамбарлык касиетин көргөзүп.

Абдылдаевдин бул сөзү интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, алардын арасында кызыгуу жаратты .

Пресс-конференцияда катышкан Абдылдаевдин жардамчысы Мирлан Асакеевдин, «Кыргыздар менен Библиядагы Адамдын урук-тукумунун жалпы байланышы бар» деген сөздөрү менен эсте калды.

6-декабрда «Ютуб» порталына аталган видеотасманы TheDastan01 колдонуучусу жүктөгөн. Бир жума ичинде видеотасманы 175 миңден ашуун адам көрүп чыккан.

http://www.blive.kg/video:99884/

Бир жарым миңден ашуун колдонуучу өз пикирлерин жазып калтырды— бирөөлөрү ачык эле нааразычылыгын билдирип жатышса, көпчүлүктөрү анын сөздөрүн тамаша катары кабыл алып жатышты.

«Эми эмне дейм... Келесоолор ар бир өлкөдө бар, Мындай кылыктары менен  элди уят кыла берет»,-деп жазат Cortes003 лакап атындагы колдонуучу.

«Ар нерсени сүйлөй берсе болот, бирок эмнегедир, акыркы учурларда Кыргызстан өзүнө көп жүктү алып жатат. Кайсы бир учурда Кыргызстан аяз атанын мекени болду, эми болсо жер шаарында жашоо кыргыздардан башталган деген кабарды угуп жатабыз?!»-деп кыжырданды интернет колонуучусу FrauJGo.

Ошого карабастан, Абдылдаевди «экинчи Ванга» деп, анын көз караштарын колдогондор да пайда болууда.

«Бул деген патриоттуулук. Кыргыз патриоттуулугу»,- дейт колдонуучу veromax2008.

«Кыргыздар-улуу эл. Россия, бүтүндөй дүйнө биздин алдыбызда. Жакында бардыгы кырылып жок болот, Кыргызстан улуу-держава болот»,- деп fghdfghdfgify колдонуучу тамашалап жазган.

«Кыш болбойт» - «This is жакшы»

Стас Давыдовдун « This is хорошо» программасында бул видеотасма каралып, ал орус интернет колдонуучулары арасында атактуулукка жетти. Давыдов видеотасмага тамаша түрүндө комментарийлерин берип кеткен. Анын программасын миллиндон ашуун адамдар көрүштү.

http://www.blive.kg/video:99868/

Давыдов Абдылдаевди, 20-кылымдын 30-жылдарында арий улутунун үстөмдүгүн белгилеп келген фашисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер менен салыштырды.

Абдылдаев жана Мирлан Аскеевдин «Клоопко» берген интервьюсунда, Абдылдаевдегидей өзгөчө сезим Нострадамус жана Вангада болгон. Ошондуктан, мындай өзгөчө сезимдин жардамы менен Европада боло турган суу ташкындарынан кабардар экендигин айтты.

«Бизде аян деген түшүнүк бар — ошол аяндын жардамы аркылуу бардык маалыматтар алынат. Мындай адамдар бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө да бар»,- дейт Асакеев.

Абдылдаевдин жардамчысы «Клоопко» берген интервьюсунда, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министри Владимир Путинге жетекчисинин аяндык касиети бар экени жөнүндө кат жибергендигин билдирип өттү.

«Көктөгү күчтөрдүн жардамы менен Арстан Алай (Арстан Абдылдаев) Эл атасы, Куткаруучу, адамзаттын Жаңы эрага жол көрсөткүчү деп таанылды. Көкө теңирден маалыматтар ага гана келип турат. Анын башкы милдети адамзатты куткарып калуу, жеке материалдык эч бир кызыкчылыкты көздөбөйт»,- деп жазган Мирлан Асакеев Орусиялык жетекчиликке жиберген катында.

Абдылдаев, журналисттер андан интервью ала турганын билген соң, аларды жардамчысына жиберип койду.

Орусчадан кыргызчага которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Мээрим Назарова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы