СИЗОдогу шарттарга каршы митинг 35 адамдын кармалышы менен аяктады

Жүзгө жакын адам 16-декабрь күнү парламент имаратынын алдында митинг уюштуруп, СИЗОдо кармалгандардын шарттарын жакшыртууну талап кылышты. Бир нече сааттан кийин 35 адам тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын арасында  кош бойлуу айымдар бар болуп, кармоо учурунда бир аял жаракат алган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Клооптун» кабарчысына берген маегинде, ал Биринчи май РИИБнин изоляторуна алынып келинген демонстранттардын арасынан 6 аялды “суранып” чыгарып алганын айтып берди. Анын айтымында, ал алтоо тең кош бойлуу эле жана бул аларды чыгарууга себеп болду.

Тартип коргоо кызматкерлери тарабынан митингчилерди кармоо учурунда, бир аял башынан оор жаракат алган. Абдирасулованын айтуусу боюнча, митингге чыккандарды автобуска жүктөп жаткан кезде аял жыгылып түшкөн. Азыркы маалда жаракат алган аял ооруканага жеткизилген.

Акцияда кармалгандарга администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодестин 371-беренесине ылайык күнөө коюлган. Анын негизинде, адам ички иштер органдарына моюн сунбаса, 30 күнгө чейин камакка алынат.

Абдирасулова, тартип коргоо кызматкерлерине бул жагдай боюнча аталган кодекстин 392-беренеси менен карап чыгуу суранычы менен кайрылганын айтты. Бул учурда, кармалгандар митинг өткөрүүдө белгиленген тартипти бузган деген негизде айыпталып айып пул аркылуу жазаланышмак.

Биринчи май РИИБинин нөөмөтчүсүнүн «Клоопко» берген интервьюсунда, кылмышкерлердин туугандары убактылуу жайда көпкө кармалган эмес, алардын баары сотко жиберилгенин билдирди. Милиция кызматкери андан ары кеңири  маалымат берүүдөн баш тартты. ИИМдин жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, аларда кармалган митингчилер жөнүндө кабарлар жок.

 Тергөө абактарындагы шарттарга каршы митинг

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 35 адамдын баары, 16-декабрь күнү ак үйдүн алдында болуп өткөн  каршылык акциясынын катышуучулары, Клооптун кабарчыларынын баамында ал жерге жүздөй адам чогулган. Митингчилер-тергөө абактарында кармалып турган жарандардын туугандары. Алар жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун кызмат ордунан кетишин талап кылышкан.

Тергөө абактарында жарыяланган ачкачылыкты колдоо ирээтинде нааразычылык акциясы өткөрүлгөн. Абактагылардын туугандары убактылуу кармоочу жайлардын шарттарынын начардыгына арызданышат, айтымдарында алардын балдары жана жакындары ур-токмокко чыдап жана бир керебетке бир нече адамдан жатышат.

«Мен ооруп жатканыма карабастан алыстан балам үчүн бил жерге келип отурам. Менин балам да оорукчан бирок ал да ачкачылык кармап отурат. Ал жакта жашоо абдан начар шартта экен. Биздин балдарга караганда айбандарга да азыр жакшыраак карашат,», - деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири «Клооптун» кабарчысына берген интервьюсунда.

Көпчүлүк митингчилер тергөө абагындагы туугандарын ур-токмокко албасын деген коркунуч менен өздөрүн тааныштыруудан баш тартышты.

«Түрмөдө жогорку кызматтагылардын балдары жок, жалаң карапайым элдин балдары. Бир керебетке экиден адам туура келет, андан сырткары абактагыларды ар күнү уруп токмоктошот экен. Алардын жашоо шарттары өтө оор. Эгер алардын шарттары (ЖАМК айткандай) болсо, анда алар эмне үчүн ачкачылык уюштуруп жатышат? Биз аларга ар кандай керек болгон нерселерди – тамак-аш, кийим алып барып турабыз, бирок аны да жөн жеткирип беришпей жатпайбы?», - деп билдирди митингге катышкандардын ичинен бир аял.

Андан сырткары, кармалгандардын туугандарынан үч кишини тергөө абактарына киргизишкенде ЖАМКнын кызматкерлери «баарын жакшыртып койгонун» кошумчалады.

ЖАМКнын орун басары Калыбек Качкыналиев «Клоопко» берген интервьюсунда алардын дарегине айтылган айыптоолорду жокко чыгарып, бул акциянын артында кандайдыр бир адамдар тургандыгын билдирди.

«Ар бир абактагынын бирден керебети бар. Эки адамга бирден керебет деген – бул жалган кеп. Алардын идиш-аяктары жетиштүү. Бүгүндөн баштап республика боюнча абактагылар ачкачылыкты токтотушуп, кадимкидей режимде тамактана башташты. Биз бардык шартты бир күндө оңдоп жибере албайбыз. Бул үчүн миллиондогон акча керек. Мамлекеттин мынча акчасы жок. Азырынча бийлик атайын бир комиссия түзүүгө сөз берип, кийинки жылга шарттардын оңолушу үчүн жардам беришээрин билдирди»,-деп айтты Качкыналиев.

 Адам чыдагыс шарттар

Азиза Абдирасулова «Кылым шамы» коомдук уюмун жетектеп келет. Аталган уюм пенитенциардык мекемелерде, анын ичинде убактылуу кармоо жана тергөө абактарында мониторинг жүргүзүп турат.

«Клоопко» берген интервьюсунда Абдирасулова, акцияга чыккандардын сөздөрүн тастыктап, тергөө абактарындагы шарттардын адам чыдагыс экендигин айтты.

Ал өзүнүн кесиптештери менен бирге Бишкектеги тергөө абактарына барганын айтып берди. Мындай баруу маалында укук коргоочулардын абактагылар менен сүйлөшүп аларга жашоо шарттары тууралуу суроо берүү мүмкүнчүлүгү бар.

«Абактагылардын биринин айтуусу боюнча, алардын камерасында 14 адам бар. Алар дагы кичинекей камералар жана ал жерде 14 адамдын кармалышы – бул өзү эле оор шартка кирет. Алар бир керебетке экиден болуп жатышат. Керебет жетпей калгандар жерге жатышат экен. Төшөнчү, матрацтарыңар барбы деп сураганда, алар матрацтар аябай эски, жамынганга болсо эч нерсе жок деп айтышты. Идиштер болсо болгону беш адамга жетет, түрмөнүн шартында бул санитардык нормага туура келбейт. 14 адамга болгону үч кашык жана сегиз идиш, алар дагы баклажкадан жасалган»,- деп айтып берди укук коргоочу.

Ошондой эле Абдирасулова тергөө абактарынын кызматкерлеринин мамилесин сынга алды. Анын айтымында абактагыларга тамак-аш алып келген же алар менен жолугушууну каалаган туугандарына одоно мамиле жасап, камераларды тинтүүдө баарын аңтарып астын-үстүн кылышып, кийимдерди тепсеп, чай-тамактарды баштыктары менен жыртып-тыткылап, жерге ыргытышып тепселешет.

«Эркиндик үнү» укук коргоо фондунун жетекчиси Сардар Багишбеков да Абдирасулованын айткандары менен жалпы жонунан макул экендигин айтты. Мониторинг жүргүзүү учурунда ал жана анын кесиптештери, абактагылардан келип түшкөн арыздардын көбүнчө турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелер болгондугун аныкташкан. Абдирасулова келтирген маселелерге Багишбеков айрым камераларда айнек-терезелердин жок экендигин жана жогорку кабаттагы камераларда тамдан тамчы аккандыгын кошумчалады.

Анын айтуусу боюнча, пенитенциардык мекемелерде өздөрүнүн коррупциясы өкүм сүрөт. Абактагыларга тамак-аш, кийим-кечек берип жиберүү үчүн туугандары абактын кызматкерлерине акча төлөөсү керек.

Пенитенциардык мекемелерге мамлекеттен канча каражат бөлүнөөрүн тиешелүү бийлик өкүлдөрү ачык айтуудан баш тарткандыгын, Багишбеков билдирди.

ЖАМКнын орун басары Качкыналиев "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда, абактагыларды тамак-аш жана төшөнчү менен камсыздоо үчүн мамлекет 175 миллион сом акча каражатын бөлүп берээрин билдирген.

БУУ баяндамачысынын келиши

Жакында Кыргызстанга келген, БУУнун кыйноолор боюнча баяндамачысы Хуан Мендес, эркинен ажыратылгандарды кармоо жайларындагы шарттардын начарлыгы тууралуу айтты. Анын сөзү боюнча, негизги маселелердин бирин – бул медициналык кызматтын жоктугу жана санитардык шарттардын абдан начардыгы деп белгилеген.

«Убактылуу кармоо абактарында (УКА) медициналык кызмат жок, эгер медициналык жардам керек болсо, анда алар тез жардамды чакырышат. Санитардык шарттар абдан начар»,- деп билдирген Мендес журналисттердин алдында суроолорго жооп берип жатып.

Мендес Кыргызстандын бийлигине, абакка кесилгендердин УКАнын жана тергөө абактарынын катаал шарттарынан чыгарылып, жашоого ыңгайлуураак болгон жайларга которулуусун сунуштаган.

Ошондой эле Мендес, абактагыларды оор шарттарда кармоо, аларга колдонулган кыйноолордун бара-бара күчөшүнө жол ачаарын баса белгилеген.

Редактор Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бекмамат Азаматов жана Элмурат Аширалиев