Хроника: Жанаозенде каза болгондордун саны 14 адамга жетти

Мангистаут областынын Жанаозен шаарында Казакстандын көз карандысыздыгынын 20-жылдыгын майрамдоо полиция кызматкерлери жана нефтичилердин кагылышы менен аяктады. Бийлик өкүлдөрү 11 адам каза тапты десе, укук коргоочулар бул көрсөткүч эки эсе жогору деп жатышат. Башкы прокуратуранын маалымында, Шетпе айылындагы кагылышууда 1 адам каза таап, 11и ооруканага жеткирилген.

Казакстанда болуп жаткан баш аламандыктын күбөсү болдуңузбу? же Жанаозендесизби? Болуп жаткан окуялар тууралуу төмөнкү номурлар аркылуу SMS жиберип, маалыматтарды кабарласаңыз болот: +996779896685.

18 декабря

23:36 Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында Жанаозендеги кагылашуулардан каза тапкандардын саны 14 адамга жеткен.

«11 адамдын аты такталды, калган үчөөнүкү такталып жатат»,-деп жазылган башкы прокуратуранын сайтында.

23:23 Казакстан президентинин кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев «Tengrinews.kz» сайтына берген интервьюсунда, Жанаозендеги кырдаалдын болушуна «үчүнчү күчтөрдүн аракети» алып келди дейт.

«Мына, Рахат Алиев сыяктуулар бийликти күнөөлөп, жарандык согуш баштады деп кырдаалдын чыңдалышына алып келди. Көз карандысыздык күнү бийлик өз элине кантип ок атат? Мунун баары жалган, фальсификация...»,-дейт «Tengrinews.kz» кабар агенттиги Ертысбаевдин сөздөрүнө шилетме жасап.

Президенттин кеңешчисинин, акциянын өткөрүлө турган жери «атайын» тандалган деген сөзүн кабар агентиги кошумчалап кетти.

«Акциянын темир тартипте уюштурулганын байкасаныз, бул митинг кылдаттык менен пландалып жакшы каржылангандыгында шек жок... Акциянын өткөрүү датасы жана жери да атайлап тандалып, казак элинин жана өлкө башчыбыздын майрамдык маанайын бузууга багытталган...»,-дейт Ертысбаев «Tengrinews.kz» кабар агенттигине.

22:04 «Улуттук партия Алга!» коомбук бирикмеси «Твттердеги» блогуна, Актау шаарынын Ынтымак аянтында 1000ден ашуун адам чогулгандыгын кабарлаган.

"Lada.kz» сайтынын маалыматы боюнча, «Каражамбасмунай» АКнын кызматкерлери Жанаозенде жана Шетпе айылында өткөн кагылышууларга пикирин билдирүү үчүн Ынтымак аянтына 18-декабрда эртең менен чогулушкан.

"Lada.kz” кабар агенттиги, «Каражамбасмунай» АКнын Ынтымак аянтындагы кызматкерлерине түшкү саат бирде 20-30 жашка чейинки 400дөн ашуун адам кошулган деп маалымдайт.

«Взгляд.ру» орус басылмасынын маалыматында, Ынтымак аянтына чогулгандар бийлик өкүлдөрүнөн Жанаозенден аскерлердин чыгарылышын талап кылып жатат.

20:02 Казакстан башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Нурдаулет Суиндиков, Жанаозенде кырдаал нормалдашып жатканын айтты.

Өзгөчө кырдаалдын киргизилишинин керектигин айтып, «Жанаозенде административдик соттун имаратын басып алуу аракеттери, талап-тоноочулук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуулар токтотулду»,-дейт Суиндиков.

Казакстан мамлекетинин прокуратурасынын өкүлү массалык кан төгүүлөр жөнүндөгү ушактарды да четке какты.

«Бул ушактардын баары негизсиз эле сөздөр, кырдалды курчутуу үчүн атайын айтылган сөздөр. Акыркы суткада Жанаозенде милиция кызматкерлери тарбынан эч бир ок атуучу курал колдонулган жок»,-деп Суиндиков кошумчалап кетти.

19:55 Нурдаулет Суиндиковдун маалыматы боюнча, Жанаозендеги каза тапкандардын саны 13кө жетти.

«Акыркы маалымат боюнча, 86 адам жаракат алып, 13 адам каза болду. Айрымдары укук бузуучулардын айынан каза болуп калышты»,-деп айтты Суиндиков.

Анын айтымында, жабыр тарткандардын арасында ар түрдү жарадар болгондор бар.

«Укук коргоо кызматкерлери баш аламандык болуп жаткан кезде эч кандай курал жарак колдонушкан эмес»,-деди прокуратуранын өкүлү.

19:46 Мангистаут областынын прокуратурасынын басма сөз катчылыгы кармалган үч журналист жөнүндө кабар берди. Журналиттердин аты-жөнү такталгандан кийин, ИИБ Азар, Соловьев, Шапошниковго транспорт жана «журналисттик ишмердүүлүгүн улантууга» коопсуздук кызматкерлери да кошуп берген.

«Аттары көрсөтүлгөн журналисттер азыркы күндө эч бир тоскоолдуксуз өз ишмердүүлүгүн улантууда»,-дейт прокуратуранын пресс-релизинде.

Президентин жарлыгы менен Жанаозенде өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен текшерүү максатында журналисттер кармалган,- дейт прокуратуранын басма сөз катчылыгы.

«Өзгөчө кырдаал жарыялангандыктан, радио-теле аппаратура, аудио жана видео жазуучу техниканын колдонулушуна чектөө коюлган, докуметтерди, транспорттук каражаттарды жана сумкаларын текшерүү жүрүп жатат»,- дейт басма сөз катчылыгы.

19:28 «Форбс» журналынын сайты, «Коммерсанттын» башкы редактору Михаил Михайлиндин сөзүнө таянып, Соловьев, Азар жана Шапошниковду Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов өзү ИИБге келип бошоткондугу жөнүндүгү сөздөрүн маалымдап жатзган.

Евстифеевдин документтери текшерилип бүткөндөн кийин бошотулаары айтылды.

19:14 Илья Азар, один из трех задержанных российских корреспондентов, на своей странице в «Твиттере» написал, что их отпустили.

Кармалган үч журналисттин бирөө Илья Азар, «Твиттредеги» блогунда «бизди кое беришти»,-деп жазган.

«Бизди кое беришти, шаардан араң чыктык, Актауга баратабыз. Баарыңарга рахмат!»-деп жазган «Лента.ру»нун кабарчысы.

18:44 Казкстандын Башкы прокуратурасы Шетпе айылындагылардын аракеттерин «хулиган/тентектик» деп атап өттү.

«50гө жакын хулигандар полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, вагондорго өртөнүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышып жүк ташуучу тепловозду өрттөп жиберишкен»- дейт башкы прокуратурасы.

Казакстан бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, укук коргоо кызматкерлери «айла жоктон» митингчилерге ок ачышкан.

«Хулигандардын аракеттери жарандардын жана полиция кызматкерлердин жашоосуна коркунуч туудургандыктан, курал колдонууга аргасыз болушту»,- дейт Казакстандын башкы прокуратурасынын сайты.

Прокуратуранын маалыматы боюнча Мангистаут райондук ооруканага ок атылган жаракаттары менен 12 адам түшкөн, алардын бирөө каза болгон.

18:08 Би-би-синин маалыматы боюнча Шетпедеги митингчилер темир жолду тосуп, локомотивди өртөөп салышты. Митингчилерге каршы ок атылып, 1 адам каза тапты, 11и жардар болду.

Шетпе айылындагы митингдер 17-декабрда башталган. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, митингчилер 300дөн ашуун адамы бар №309 поездинин жолун тосуп алышкан.

«Жолду тосуп алгандар Жанаозендеги митингди колдоого чакырып келишкен»,- дейт башкы прокуратура.

Темир жолдорду тосуп алгандыктан үч жүк ташуучу жана жети жарандарды ташуучу поезд кармалып турган.

18:00 Би-би-синин маалыматында, 18-декабрда Жанаозендө орусиялык «Коммерсант» жана «Лента.ру» кабар агентигинин үч журналисти себепсиз эле камакка алынган.

«Лента.ру» агентиги атайын кабарчысы Илья Азардын Жанаозенде кармалгандыгы жөнүндө кабар берди.

«Лента.рунун» маалыматы боюнча, Илья Азар менен биргеликте «Коммерсант» басылмасынын кабарчысы Владимир Соловьев жана сүрөтчүсү Василий Шапошников кармалган.

«Журналисттерди себепсиз эле шаардык ИИБге алып келишкен жана алардын буюмдарын алып салган»,- дейт «Лента.ру»

Үч журналист тең Казакстанга Жанаозендеги окуяларды чагылдыруу үчүн келишкен.

17 декабря

21:42 Казакстандын премьер-министри Карим Масимов «Твиттердеги» блогуна, Жанаозендеги окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөндүгүн айтты.

«Казакстандын премьер -министринин биринчи орун басары Умирзак Шукеевдин жетекчилиги асытында Жанаозен маселери боюнча атайын комиссия түзүлдү»,-дейт Карим Масимов.

21:23 «Тенгри Ньюздун» кабарчысы Асель Сатаеванын маалыматында, Жанаозендеги кагылышуулардын айынан шаардык ИИБ башчысынын орун басары катуу жаракат алган.

Мангистаут областынын акиминин кеңешчиси Жанна Ойбышеванын сөздөрү боюнча, «Башынан катуу жаракат алып, комада жаткан. Кечээ операция жасалып, азыр ооруканада. Абалы канатандыраарлык»,- деп билдирет Тенгри ньюз .

Акимдин кңешчиси кабар агентигине берген интевьюсунда, Жанаозенде талап-тоноочулук болгонун айтып өттү — эки чоң дүкөн таланып, 50гө жакын майда дүң соода жерлери, 10 банкомат тонолгон.

Ойбышеванын маалыматы боюнча, азыр шаардагы абал укук коргоочулардын көзөмөлү алдында.

21:12 «Регнум» кабар агенттиги Казакстандын батыш жагында жайгашкан Жанаозендеги кагылышууларга АКШнын тиешеси болгондугун күмөн санап ага каратта басым жасап, макала жарыялашкан.

«Регнум» graf_kanovsky колдонуучусунун «Живой Журнал» блогунда жазылган маалыматка таянып макаласын жарыялаган.

«Казакстанда АКШнын атайын операциясы башталды. Назарбаевдин легитмдүүлүгүн БУУда карап чыгуусун жана бийликти алмаштыруу маселесин көтөрүп чыгee»,- деген жазуусун жарыялаган.

20:57 Казакстандын Башкы прокуратурасы баш аламандыкка берилбөөнү суранып, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырып кеткендиги жөнүндөгү кайрылуусуна басым жасап «БиНьюс» кабар агенттиги маалымдаган.

Казакстан Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Нурдаулет Суиндыковдун « Жанаозендин жана башка аймактардын тургундарын, ызы-чууга түшбөөсүн жана ушак сөздөргө ишенбөөсүнө чакырып кеткендигин. Ошондой эле мыйзамдарды бузбагыла!» деген сөздөрүн интернет порталга жарыялаган.

20:38 «Ата-Мекендин» депутаты Наталья Никитенконун «Клоопко» берген интервьюсунда, Казакстандагы кагылышуулар бийлик жана элдин ортосунда диалог болбогондон келип чыкты дейт.

«Күч колдонуп бул митингдерди токтотушу мүмкүн, бирок эл арасында терс таасир калат. Кандайдыр бир деңгээлде бийликке ишеними да төмөндөйт»,-дейт Никитенко.

«Кыргызстандагы 2010-жылдагы 6 -апрелдеги окуялар саясий багытта болсо, Казакстандагы Жанаозендөгү окуялар аймактык гана көйгөй. Жанаозендеги кагылышуу — экономикалык келишпестиктерден, бийлик жана элдин ортосундагы кызматташтыктын жоктугунан болгон»-дейт депутат айым.

20:26 «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдун «Клоопко» берген интервьюсунда казак бийлиги бул митингдерди токтотуу үчүн «катуу чаралар» колдоноору шексиз дейт.

Бирок, бул митинг Казак бийлигинин саясатты бир аз «жумшагыраак» жүргүзүүгө ойлондурушу мүмкүн экендигин да кошумчалап кетти.

Жанаозендеги кагылышууларды жана 2010-жылы апрелдеги Талас окуялары менен салыштырууга болбойт анткени, саясий кырдаал эки башка экендигин айтып өттү.

«Бизде мындай митингдер 6-апрелде бардык областтарда башталган, ал эми Казакстанда 1-2 эле шаарда болуп өттү»,-дейт Бекешев.

«Республика» фракциясынан Алмазбек Батырбеков, Казакстандагы кагылышуулардан эч кабары жок экендигин айтып, казак өкмөтүнө кырдаалдын нормалдашын каалап кетти.

«Митингддер токтогону жакшы. Анткени, коңшу өлкөдө кагылышуулардын болушу бизге деле кереги жок»,-дейт Батырбеков.

20:02 «Клооптун» Алматыдагы кабарчысы Казакстанда «Твиттер» жана «АКИпресс» иштей баштагандыгын кабарлады.

Алмата жана Актау ортосунда авиа учуулар кайтадан улантылууда. Алмата аэропортунун интернет сайтында көрсөтүлгөндөй, Актауга СКАТ жана «Эйр Астана» авиакомпанияларынан 18:31 жана 19:47 кечки рейстери болду.

Президентин басма сөз катчысы, өлкө башчысы азырынча комментарий бербей турганын билдирип, расмий кайрылуу дүйшөмбү күнү болушу мүмкүн деди.

18:56 Казакстандын Башкы прокуратурасы Жанаозедеги 11 адам каза болгонду тууралуу жаңы маалыматтын кабарлады.

Кечээки окуялар боюнча бийлик өкүлдөрү митингге чыккан нефтичилер жана «тентек балдардын тобу» деген эки түшүнүктү колдонуп жатышат. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, «тентекчилер» милиция кызматкерлери жана майрамдап жаткан жарандар менен кагылышууну башташкан.

Ал эми нефтичилер болсо, тентекчилердин «таасирине кабыл болгон»

Мангистаут областынын акиминин кеңешчиси «Тенгри Ньюз» порталына берген интервьюсунда, Жанаозендеги абал укук коргоо органдарынын көзөмөлү алдында экенини айтты.

«Жанна Ойбышеванын айтымында, катуу жарадар болгондордун арасында ИИБ башчысынын орун басары да бар. Жанаозендеги абал укук коргоочулардын көзөмөлү алдында, шаарда бардыгы тынч»,-деп жазат «Тенгри Ньюз».

18:19 Жанаозенде өзгөчө кырдаал жөнөндө жана фото-видеого тартууга тыюуу салынган.

17:54 Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий сайтында, Жанаозендө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, күнөөлүлөр жазаланат деп сөз берген.

Назарбаевдин айтымында нефтичилер «мамлекетке ыраазы болуш керек»

«Акыркы жылдары Жанаозендөгү социалдык абалды жакшыртуу үчүн бир топ кадамдар жасалган. Айлык акы көтөрүлгөн. Жанаозенгө башка өлкөлөрдө жашаган жердештерибизди чакырып келип, бардык шарттарды түзуп бергенбиз. Мамлекетте ыраазы болуш керек»,-дейт Назарбаев

17:50 Жанаозендө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Нурсултан Назарбаев Жанаозенде 2010-жылдын 5-январына чейин өзгөчө кырдаал киргизилишине буйрук берди. Мындан сырткары Жанаоозендө кечки саат 11ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат киргизилди дейт «тенгри Ньюз» кабар агенттиги.

Жанаозендө транспорттордун жүрүшүнө, байланыш куралдарынын колдонулушуна чектөө коюлду.

17:46 lada.kz веб-сайты, Мангистаут областынын акими Крымбек Кушербаев менен болгон интервьюну жарыялады. Аким Жанаозендө 46 имарат, анын ичинде акимият, «Озенмунайгаз» жана жергиликтүү мейманкана жабыр таркандыгын айтты.

17:37 Алматыдагы эки булак «Клоопко» аскер бөлүктөрүндө иштеген туугандары Жанаозенге «кырдалды тескөөгө» жиберилип жатканын айтышты. Бирок, бул ИИМдин Жанаозенде кагылышуулар токтоду деген сөзүнө каршы чыгат.

17:17 «Республика» гезити, Жанаозендеги кырдаал ИИМдин «Интерфакска» берген интервьюсуна айткандай эмес деп билдирет.

«Нефтичилер азыркыга чейин аянтта жүрүшөт,эң аз дегенде эле 1500 киши»,-дейт гезитин кабарчылары Нурлан Атамбаев жана Шарипа Искакова.

«Республика» гезитинин маалыматы боюнча, Жанаозенде аянтта 1500 дөй нефтичи жүрөт, аянт полиция кызматкерлери тарабынан курчалгандыктан эч ким кете албай жатат.

Айжангуль Амированын сөздөрү боюнча, акыркы эки күндүн ичинде нефтичилерге кол салуулар болуп, кара джипте келип ок аткандарда болду.

«Эки жолу кол салуу болду, жыйынтыгында 20 адам катуу жаракат алган»,-дейт «Республика»

17:07 «Хабар» телеканалындагы жаңылыктар түрмөгү Казакстандагы 2011-жылкы кызылчанын түшүмү, Кызылордадагу 102-жаштагы чоң эне жөнүндөгү кабардан башталды.

КТК каналы орус Геннадий Хазановдун концертин берип жатат.

Азыркы мүнөттөрдө Астанада Жанаозендеги кырдаал боюнча башкы прокуратуранын брифинги башталды.

17:03 Би-би-синин кабарчысы Динмухаммед Каликуловдун маалыматы боюнча, Жанаозендеик ооруканада жаракат алгандарга орун жетпей, көпчүлүгүн 150 км алыстыктагы Актауга жеткирилип жата.

Бул маалыматты Ютуб порталында жарыяланган видео тасмалар да тастыктайт. 2011Aktau колдонуучусу тарабынан жүктөлгөн видеодо жарадар болгондордун Актауга жеткирилиши тартылган.

Би-би-си, Жанаозенде 500-800 жарадар болду деп маалымдайт. Расмий маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 10го жетти, оппозиция эки эсе көп деп жатат.

Жанаозен азыркыга чейин маалыматтык блокадага айланууда.

16:45 Казакстандын башкы прокуратурасы журналисттер үчүн 17.00дө брифинг болоорун айтты.

Кечээки брифингге башкы прокуратура каза тапкан 10 адам жөнүндө кабар берген. Кагылышуунун күнөөкөрлөрү деп нефтичилерди айыпоодо.

Брифингде журналисттердин суроо берүүсүнө уруксат берген жок.

14:28 «К+» телеканалы тарабынан «Ютубда» жүктөлгөн видеодо Жанаозендеги аянттагы жаңы жылдык балаты жана автобустун өрттөлүшү көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, акимиаттын имаратынын өрттөлүшү да көрсөтүлгөн.

Видеонун аягында аскер машиналар менен кадрлар көрсөтүлгөн.

http://www.youtube.com/watch?v=QipuMCU1QzI

13:54 Актаудагы булак, шаарда тынч, Жанаозендөгү жагдайдан кабардар эместигин айтты.

13:51 Алматындагы митингдин катышуучусу Андрей Гришин атайын аскердик бөлүктөрү тарабынан 20дай адам кармалгандыгын айтты — бул маалымат журналист Ирина Медникованын «Фэйсбуктагы» баракчасында жарыяланган.

Кармалгандардын арасында улуттук-демократтардын лидери Хасен Кожоахмет да бар.

«Алматыдагы аянтка 300дөй адам митингге чыкты... Митинг НурОтанда башталды, Абай-Байсеитов көчөлөрүнүн кесилишинде аларды ОМОНдор кармап, 20дай адамды ИИБге алып кетишкен. Калгандары болсо тарап кетти»,-дейт Медникова Гришиндин сөздөрүнө шилтеме жасап.

Бул маалыматка кээ бир колдонучуулар күмөндөрүн билдирип жатышты.

«300дөй адам, бул-акимиаттын өкүлдөрү, полиция, УККнын кызматкерлери,журналисттер»,-дейт Талгат Жунусов.

13:38 Алматыдагы булактын маалыматы боюнча, нефтичилерди колдоого митингде 200-300дөй адам катышкан.

«НурОтандын» кеңсеси жанында полиция кызматкерлери кармоо жүргүзгөндө, бир автобус толуп калган. Ал эми Алматыда кармалгандардын саны такталууда.

13:14 Азыркы маалыматтар боюнча, Алматыда нефтичилерди колдоого өткөн митинг тынч болгон жок.

Митингчилер бир топко чейин Республика аянтында турушкан, бирок «НурОтандын» кеңсесин көздөй бет алганда атайын аскердик бөлүк тарабынан камакка алынышкан.

Бул маалымат тастыктоону талап кылат.

12:55 Алматыдагы нефтичилерди колдоо боюнча митинг соңуна келди. Жашуурун бойдон калууну каалаган журналист, митинг тынч өттү деди.

12:43 «Твиттердеги» колдонуучулар «Эйр Астана» компаниясынын Алмата-Актау рейси токтотулган деп билдирди.

Бул маалымат аэропорттун интернет сайтында да жарыяланган.

Актауга кийинки рейс кечки саат 18.00дө болот.

12:35 «Интерфакс-Казакстан» Казакстан ИИМ башчысы Калмуханбет Касымовдун Жанаозенде жагдай стабилдешти деген интервьюсун жарыялады.

Касымовдун айтымында, 70тен ашуун адам кармалды.

«Жанаозенде кагылышуулар токтоду, шаарда абал тынч, аянтта эч ким жок»,-дейт Касымоа интервьюда.

12:23 2011aktau колдонуучусу «Ютубда» жүктөгөн видеодо Жанаозенден Актауга жарадарлар жеткирилип жаткан.

Видеонун чындыгын тастыктаган жалгыз фактор машиналардын номери, R тамгасы болгон.

http://www.youtube.com/watch?v=cFTTYieY4gw

11:32 «Караван» гезитинин түз трансляциясына таянсак, Алматадагы митингге эч ким тоскоолдук көрсөткөн жок.

10:55 Казакстан бийлиги башкы прокуратуранын 16-декабрдагы кайрылуусу менен эле чектелди. Жаңы маалыматтар жок.

Карим Масимовдун «твиттери» кечеки күндөн тартып тынч.

«Казахтелеком» 16-декабрда «Твиттер» блогунун ишмердүүлүгүн чектегндигин четке какты.

«Бул интернет тармактын бекитирип калышы бул сайттын көйгөйү»,-деп жазаган «Тенгри Ньюз»

«Тенгри Ньюздун» колдонуучулары бул пикирге күмөн санап жатышат.

«Күлкүн келет. Анткени прокси сервер аркылуу твиттерге кирсе болот»-дейт ОЛОЛО лакап атындагы колдонуучу.