Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияныны төрагасы Ормон Шаршенов, Чубак ажы Жалиловдун Сауд Аравиясынын хандыгына жазган катына нааразы. Анткени, муфтий бул катында кыргыздарды «бедуиндер» менен салыштырган. Шаршеновдун айтымында, «бедуин» сөзү кыргыздын намысын тепселеген сыпаттама. Муфтий болсо бул сөздү эч бир терс мааниде колдонбогонун билдирди.
Шаршенов, муфтий Сауд Аравиясынын падышасы Абдаллы ибн Абдель Азизге ажылыкка кошумча 1500 орун берилишин өтүнүп жазган катында кыргыздарды «бедуиндерге» теңеп жазган,-деп нааразы.
«20 жылдан бери көз карандысыз — светтик өлкөбүз. Өз элин мыйзам эмне экенин билбеген көчмөндөр, мал-айбан деп айтууга ким укук берди? Алардын («бедуиндердин») билими жок, «карңгы» эл»,- дейт Шаршенов.
Чубак ажы Жалил «Клоопко» берген интервьюсунда, ажылыкка кошумча орун берүүнү өтүнүп Сауд Аравиясынын падышасына кат жибергенин танган жок.
«Бедуин» сөзүн муфтий «көчмөн» маанисинде айтканын билдирип, бул сөздү кыргыз жана араб элдеринин ортосундагы рухий жакындыкты көрсөтүү үчүн, атайын колдонгонун айтты.
«Көчмөндөр — эркиндикти сүйгөн эл. Президент инаугурациядагы сөзүндө да кыргыз эли көчмөн цивилизациянын бир бөлүгү экенин айтып кеткен. Ошондуктан биз тилибизди жана жерибизди сактап калганбыз»,-дейт муфтий.
«Бедуин» сөзүнүн маанисин түшүнбөгөндөр өздөрү «сабатсыз»,- деп кошумчалап кетти Чубак ажы .
Дин боюнча эксперт Кадыр Маликов, араб тилинен «бедуин» сөзү «көчмөн» деп которулат, ал эми араб маданиятында «намыстуу, меймандостук жана эрдик» деген түшүнүктөрүнүн синоними дейт.
«Арабдарда бедуиндер так ушул сапаттары үчүн (меймандостугу, эрдүүлүгү жана намыстуулугу) бааланып, шаардын тургундарынан айырмаланып келет»,- дейт эксперт «Клоопко» берген интерьюсунда.
Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасынын билдирүүсүндө, кыргыздарды «бедуиндер» менен салыштырганы анын кыргыз катары намысына тийген.
«Мыйзамсыз муфтий болуп жүрөсүң, анан кыргыздарды мыйзам тааныбаган элдер дейсиң? Кыйын болсоң, мыйзамдуу түрдө муфтий болуп тандалып алчы — 2009-жылдын 27-июнунан бери Курултай өткөрө албай жүрөсүң»,-дейт Шаршенов.
Шаршенов бул жерде муфтийдин шайланышы уламалар кеңеши аркылуу эле өтүп, жалпы ислам алымдарынын курултайга чакырылбаганын белгилеп кетти.
Муфтий комиссиянын төрагасынын күнөөлөрүн четке кагып, апрель окуялары болуп калганы үчүн курултай өткөрүү мүмүкүн болбогондугун айтып кетти. Ошондуктан, уламалар кеңешинин чечими менен шайландым,- деп билдирди.
«Уламалар кеңешинин 35 мүчөсүнөн 33ү катышкан. 6 адам талапкерлигин көрсөткөн, мен үчүн 21 адам добушун берген, б.а. 75%»,-дейт Жалилов.
Муфтийдин айтымында, мамлекеттик комиссия меккеге болгон ажылык сапарынын уюштуруу иштерин сынга алып жатат.
«Кептин баары, Меккеге ажылык маселелерин ким уютуруш керек экендигинде. Шаршенов, бул маселени комиссия чечсин дейт. Бирок, анын кадамдары бийлик менен динди бүлөштүрүү принциптерине каршы болуп калат»,-деп муфтий кошумчалап кетти.
Шаршенов Жалиловдун сөздөрү менен макул эмес, анын айтымында 2010-жылкы апрель окуяларынан кийин Курултай өткөрүүгө муфтийдин жеткиликтүү эле убактысы бар болчу.
« Эки жылдын ичинде ар бир адам Курултай өткөрүүгө аракет кылмак. Биз бул убакыттын ичинде, жаңы конституцияны кабыл алдык, жаңы президентти, спикерди, премьер-министрди шайладык»,-дейт Комиссиянын төрагасы.
Муфтийди шайлоонун тартиби
Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставы боюнча муфтий Уламалар кеңешинин чечими менен кабыл алынат. Уламалар болсо курултайда шайланат.
Уламалар шайлагандан кийин, жаңы тандалган муфтий жалпы курултайда бекитилиши керек.
Чубак ажы Жалилов мурунку муфтий Маратаалы ажы Жуманов каза болгондон кийин 2010-жылы июль айында Уламалар кеңешинин чечими менен шайланган.
Сүрөт ээси: Кувейт китепканасы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Авторлор: Айкөл Болотбекова жана Сейил Шералиева