Оштогу мектептерге жарым миллиондон ашуун китеп жетишпейт

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын түштүк аймагында окуу китептеринин жетишпестигин «жеткиликтүү каржылоонун» жоктугу менен түшүндүрөт. Окуу китептеринин жоктугунан окуучулар үй тапшырмаларын жасабай келишет деп арызданышууда мугалимдер.

Билим берүү министрлигинин маалыматында Ош шаарынын мектептерине 600 миңдей окуу китептер жетишпейт.

Кыргыз тилдүү мектептер 53%га окуу китептери менен камсыздандырылган — бул азыркы күндө эң жакшы көрсөткүч.

Өзбек тилдүү мектептер 23%га, орус тилдүү мектептер 11%га камсыздандырылган.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукееванын маалыматында окуу китептеринин жетишпестиги тууралуу меселесин чечүү үчүн бир жылда 300 млн.сом керектелет — бул 2-3 млн. китеп басып чыгарууга жетет.

Анын айтымында, азыркы күндө өкмөт китеп басып чыгарууга 100 млн.сом бөлүп берет.

Ош мэриясынын билим берүү башкармалыгынын директорунун орун басары Адыл Торгоновдун айтымында окуу китептери дээрлик бардык мектептерге жетишпейт.

«Китептер жоктугуна балдар үй тапшырмаларын аткарышпайт. Китеп жетпегендер ксерокөчүрмөсүнөн чыгарышат же болбосо өздөрү сатып алышат»,-дейт орус тилинин мугалими Гульзат Матисакова.

«Мектеп окуучуларынан окуу китептери үчүн аренда акысын алууну пландап жатабыз, азыркы кезде китпетер бекер берилет»,-дейт Керез Жукеева

Китептер үчүн аренда акысы төлөнсө жаңы китептерди басып чыгаруу чыгымдары азаят. Ошондой эле ата-энелерге  китеп сатып алуудан көрө арендага алуу арзаныраак түшөт.

Гульзат Матисакованын айтымында, жогорку класстарда адабият жана англис тили китептеринин жетишпестиги кескин байкалат.

Мектеп окуучулары китептин көчүрмөсүн жасап ошонун негизинде окууга туура келет.

Бирок, англис тили мугалими Неля Питаеванын айтымында көчүрмөнү жасатуу ата-энелерге өтө кымбатка турат.

«Бир барактын ксерокөчүрмүсү 3 сом турат. Балдар окууга умтулуп, тилди терең үйрөнүүгө кызыгышат бирок мүмкүнчүлүктөрү жок»,-деп арызданат Питаева айым.

Китепти колунда бар үй-бүлөнүн балдары гана сатып ала алат. Ал эми англис тилин терең үйрөнүүгө китептер дээрлик жок, калган англис китептери болсо заманбап талаптарга жооп бербейт.

«Китептер — социалисттик революция, Владимир Ленин жөнүндөгү эски китептер»,-дейт мугалим.

Үчөөнө бир китеп

Сардал Шамшиеванын кызы Ош шаарындагы мектептердин биринде окуйт. Ал кызына окуу китептеринин жарымын өзү сатып берген.

«Бир окуу жылына китептер үчүн 1200 сом коротобуз. Бир китеп 150-200 сом турат. Балдарыбыз татыктуу билим алышы үчүн китептер менен камсыз кылууга аракет кылабыз»,-дейт Шамшиев.

Дагы бир окуучунун апасы Гульбара Сатинбаева электрондук китептерди киргизүүнүн сунуштайт.

«Бир күндө 7-8 сабак болот, кичинекей балага 7-8 китеп алып жүрүү оор»,-дейт Гульбара айым.

Китептердин жетишпестигинен кызынын билими төмөндөп жаткандыгын билдирди Сатинбаева айым.

10-класстын окуучусу Анара Чолпонбаева классташтарынын китептеринен ксерокөчүрмөсүн жасатып алаарын айтты.

«Күндө ксерокөчүрмө жасатуу кымбаттка турат, бирок башка айлам жок — окушубуз керек. Китептин жоктугун мугалимдерибизге дайыма эле айтабыз»,-дейт окуучу кыз.

Мээрим Замир кызы, бир китепти үч окуучу колдоноорун билдирди .

«Мурун китептер жетиштүү эле, азыр болсо жетишпейт. Менимче бул глобалдуу маселе. Окуу китептерин мен өзүмө сатып алам, кийинки жылы биздин китепканага бекер эле өткөрөм»,-дейт Мээрим.

«Бирок, азыркы күндө эч ким деле окууга умтулбайт, менимче китептин жетишпестиги бул чоң маселе деле эмес», деп кошумчалап кетти.

Сүрөт ээси: Куин Домбровски 
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Бермет Мустафаева