Убактылуу кармоочу жайлар «өтө жаман абалда»

 

Укук коргоочулар жана акыйкатчынын өкүлдөрү Ош областынын убактылуу кармоочу жайларынын абалы өтө начар жана жашоого ыңгайсыз экендигин аныктап чыгышты. Укук коргоо органдары укук коргоочулардын пикирине кошулушат, бирок «жакшы өзгөрүүлөр» болуп жатакандыгын кошумчалап кетишти.

«Соломон Нуру» укук коргоо фондунун жеткечиси Садыкжан Махмудовдун айтымында, Оштун СИЗОлору «өтө жаман» абалда.

Анын билдирүүсүнө караганда, Кара-Суу районунун изолятору көптөгөн өзгөртүүлөргө муктаж, себеби изолятор 3 метр тереңдиктеги жер алдында жайгашкан.

«Изоляторго аба да, жарык да оңой менен жетпейт экен»,-дейт Махмудов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Ош облусундагы акыйкатчынын өкүлү, Ош СИЗОлорунун абалдары өтө аянычтуу абалда экендигин айтып, камераларда керебеттер жоктугун, жылытылбаганын, аба алмаштыруу системасынын иштебегенин жана полу жок экенин билдирди.

«Атайын жуунучу жайлары Араван районунда гана бар. Ош шаарынын изоляторлорунда атайын жунуучу жайлар жаңыдан гана курулуп башталды. Оштогу башка райондордо камактагылар ачык асмандын алдында жуунушат»,-деп билдирет укук коргоочу уюм.

Акыйкатчынын өкүлү изоляторлордун бардыгында видео камералар жайгашкандыгын, бирок Араван районунун изоляторунда гана камеранын ичиндегилерди байкоо мүкүн экендигин маалымдап кетти.

Мындан сырткары укук коргоочулар СИЗОдогу начар тамктанууну да белгилеп кетишти.

«Ноокат районунда жана Ош шаарынын изоляторлорунда бир күндө эки жолу тамак берилет, калган райондордо болсо бир күндө бир эле жолу берилет»,-деп билдирди укук коргоочулар.

Укук коргоочулар изоляторлордо медиктердин жоктугуна да нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, камактагыларды милиция кызматкерлери карап коюшат. Медицина кызматкерлери Ош шаарында жана Кара-Суу районунда эле бар.

Укук коргоочунун айтымында, фонд жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга Кара-Суу изоляторун башка жерге курууну сунуштаган жана башка жерден жер берилээрине, ошондой эле имаратты курууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Оштун СИЗОлорун жакшыртуу жүрүп жатат

Ош шаарынын ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков, УКИлерде кемчиликтер болгондугун моюнга алат.

Бирок, азыркы күндө шарттар оңолуп жатат. Акыркы жылдары камераларда вентиляция системасы орнотулду, эс алуу бөлмөсү жана жолугуу бөлмөсү оңдолгондугун Сыдыков белгилеп өттү.

«Тамактар биз макулдашып койгон ресторандардан алынып келинет. Мындай этүү тамактар биздин кызмакерлердин капчыгына да ылайык эмес »,-дейт Сыдыков.

УКИлерде мурун 100-150 адам кармалчу, бирок стандарт боюнча 48 гана адам кармалышы керек. Азыркы күндө УКИде 14 адам кармаларын Сыдыков кошумчалап кетти.

Бишкектеги СИЗОлордун шартарына каршы митинг

16-декабрда Ак үйдүн алдына жүздөн ашуун адам СИЗОдогу адамдардын жашоо шарттарын жакшыртуусун талап кылып митингге чыгышкан.

Митингге чыкандар — Бишкек СИЗОлорундагы кармалгандардын туугандары — жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байгазиевдин кызматынан кетишин талап кылышты.

Митингдин натыйжасында 35 адам кармалды, арасында кош бойлуу айымдар да болгон. Кармоо учурунда бир айым жаракат алган.

БУУнун кыйноолор боюнча атайын кабарчысы Хуан Мендес 13-декабрда Кыргызстандын СИЗОлорунун шарттары боюнча өз баасын берип өткөн.

Мендестин билдирүүсүндө, УКИлер камактагыларды кармоого жана алардын жашоо шарттарына ылайыктуу эмес.

Изоляторлордогу эң негизги көйгөйлөрдүн бири медициналык тейлөөнүн жоктугу жана начар санитардык шарттардын болгондугун атайын кабарчы белгилеп өттү.

Мендес камактагылардын начар шарттарда кармалышы кыйноолордун колдонулушуна өбөлгө түзөөрүн айтып, кыргыз бийлик өкүлдөрүнө шарттары начар СИЗО жана УКИлерден кармалуучуларды жакшыраактарына которушу керектигин сунуштады.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Азиз Ташбаев