Жылдын баштапкы суук күндөрү байкалууда

19-декабрга караган түнү Бишкекте жана Чүй областында абанын температурасы -23 граудска төмөндөгөнү байкалган. Бул көрсөткүч 2011-жылы ордо калаабызда  катталган эң төмөнкү температура болуп калды.

Мындай төмөн температура дагы үч күн кармалаарын кыргызгидромет борбору  билдирди. Түн ортосунда температура -20 градуска чейин төмөндөп, күндүз -10 градуска чейин болот.

Кыргызгидромет борборунун кызмткеринин «Клоопко» берген интервьюсунда, 2011-жылы катталган эң төмөнкү температура -11 градус болгондугун айтты.

«Аба ырайы жана климат» сайтынын маалыматы боюнча, 2011-жылы эң суук күн 25-январда катталган, температура -16,7 ге түшүп кеткен.

«Биз азыр Казакстандын борборунда жайгашып турган, аз кыймылдаган антициклондун алдындабыз. Абада азыр жогорку басым байкалууда, мындай көрүнүш кышында өтө аз болот»,-дейт гидромет борборунун кызматкери.

Метеорологдор айтып жаткан төмөн антициклон ызгаар суук менен коштолот.

Би-би-синин маалыматы боюнча, мындай төмөн температура Бишкекте 23-декабрга чейин болот. Андан кийин жума күнү абанын температурасы -8ке чейин көтөрүлөт.

«Климат жана аба ырайы» сайтынын маалыматында мындай көрсөткүчтөгү төмөн температура Бишкекте беш күндөн бери кармалууда. Акыркы жолу 14-декабрда абанын температурасы +7ге чейин жогорулаган.

Жалпысынан декабрь айында абанын температурасы -8ден +4кө чейин болуп турган, 17-декабрдан абанын температурасы кескин түрдө муздай баштады.

Гидромет борборунун кызматкеринин айтымында, Бишкекте эң суук күн 1930-жылы катталган. Ал учурда аба температурасы -34 градуска төмөн түшкөн, бирок метеоролог так датаны айталган жок.

«Климат жана аба ырайы» сайты башка маалыматты билдирүүдө, Бишкекте эң суук күн 1956-жылы 7- жана 8-январда катталган, абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөгөн.

«Тазалык» мекемесинин кызматкери, ордо калаабызда азыркы учурда 18 кар тазалоочу машина жана эки самосвал иштеп жүргөнүн айтып кетти.

Жолдогу тайгак муздар менен күрөшүүдө 37 тонна туз кеткендигин «Тазалыктын» кызматкери кошумчалап өттү.

Жолдун абалы боюнча Бишкектин тургундары башкача пикирде — Ырыскан Асылбаева тротуарлардагы муздун калыңдыгын айтып жана тайгактык жолдо жүрүүдө ыңгайсыз абал жаратып жатканына нааразычылыгын билидирди.

«Жолдор өтө тайгак, мендей улгайган адамдарга бир топ эле кыйын. Бирок эмне кылабыз? Кыш да!»,-дейт Ырыскан апа.

Бишкектин дагы бир тургуну Айганыш Сатыбалдиева, аба ырайынын сууктугунан аялдамада марштрутканы күтүп жатып аябай үшүп кетткенин айтты.

«Сууктан атамдын машинасынын эшигин ача албай койдук, себеби тоңуп калыптыр»,-дейт Айганыш.

Тыныч болсо мындай аба ырайынан эч кандай кыйынчылыкты көрбөйт.

«Адам өзү өзүнө кам көрүшү керек, ошондо гана ал адамга суук болбойт жана үшүбөйт»,- дейт Тыныч.

Кыш болбойт

Мындай ызгаар сууктун түшүшү интернет колдонуучулар арасында Арстанбек Абдылдаев жөнүндө тамашанын улануусуна түрткү болду. Эскерте кетсек, эки жума мурун президентке талапкер болгон Арстанбек Абдылдаевдин «кыш келбейт» деген видео тасмасы интернетте өтө атактуулукка жеткен эле.

«Кыш келбейт дегени азырынча тастыкталбады»,-деп жазат Твиттер» тармагынын колдонуучусу Michaelageev.

Дагы бир Твиттер колдонуучу 100_gram_brains, «Кыш келбейт деп, жылуу кийинбей жүрсөк, бизди президентке талапкер алдап кетти))),-деп жазган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Аида Ишмухамедова