Хроника: Асылбек Жээнбеков төрага болуп шайланды

Төрагалык кызматка эки талапкер ат салышууда- КСДП фракциясынан сунушталган Асылбек Жээнбеков жана «Ата-Журттан» Курманбек Осмонов. Парламенттик отурумда «Ата-Журт» партиясынын лидери оппозицияга кетиши тууралуу маалымдады.

16.50. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Асылбек Жээнбеков 78 добуш менен шайланды. Курманбек Осмонов 25 добуш алды.

16.57 Жаңы төрага депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, адилеттүү иш жүргүзөм деп сөз берип кетти. Осмонов мырза дагы колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

15.36.Отурум учурунда «атамекенчи» жана «атажуртчу» депутаттардын ортосунда талаш-тартыш болуп өттү. Алар 2007-жылдагы парламеттик шайлоону талкууга алышты.

«Урматтуу Курманбек Эргешович, 2007-жылкы парламенттик шайлоодо ким жеңгенин так айткан жоксуз. «Ата Мекен» жеңдиби же жокпу?»,-дейт Асия Сасыкбаева

Осмоналиев, төрт жыл мурун «Ата Мекен» парламенттик шайлоодо уткан, бирок аларды парламентке өткөрбөй койгон,- деп жооп берди.

Осмоновдун сөзүнө Жылдызкан Жолдошева колдоп кетти. Ал учурда БШКда иштеп жүргөндүгүн жана шайлоодо улутчул-социалисттер уткандыгын айтып кетти.

Торобаев, 15 мүнөттүк тыныгууга жарыялап, андан кийин жыйын уланаарын айтып кетти.

Эскерте кетсек, төрагалык кызматка Асилбек Жээнбеков жана Курманбек Осмонов талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

15.05. Курманбек Осмонов депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө,  мамлекеттин тышкы саясатын, эл аралык мамилелерин премьер-министр аныкташы керек,- деди.

14:30 Парлементтик радионун түз эфиринде «атамекенчи» Асия Сасыкбаева, Асылбек Жээнбеков төрагалык кызматка татыктуу талапкер,- деп айтып кетти.

«Өмүрбек Текебаев төрагалык кызматка башкы талапкер экенини фракциялардын көпчүлүгү айтып жатышкан. Бирок, Өмүрбек мырза Келдибеков менен болгон кагылуушусунан соң дароо эле баш таркан,»-дейт Сасыкбаева.

13:10 Депутаттар түшкү тыныгууга кетишти. Тыныгуудан кийин «Ата-Журт» фракциясынан талапкер Курманбек Осмоновго суроолор берүү уланат.

12:55 Асилбек Жээнбеков сүйлөп бүттү. Экинчи талапкер Курманбек Осмонов сөз баштады.

12:50 «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастан Бекешев, Асылбек Жээнбековдон- эгер сиз издөөгө алынган адам менен биргеликте бир ресторанда болгонуңуз билинип калса кызмат ордуңуздан кетесизби?,-деп сурады.

Төрагалыкка талапкер, ар дайым сак болоорун билдирип, эгер андай болуп калса кетээрин да билдирип өттү.

12:15 Камчыбек Ташиев, Жээнбековго болгон кайрылуусунда коалиция келишимин өзгөртүүнү айтып, бир талапкерди баардыгы биргеликте шайлоону сунуштады.

Ташиев «АКИпресс» маалымат агенттигине билдиргендей, «эгер алар (коалиция) чечимди жокко чыгарбаса» анда төраганы шайлап алуу мыйзамсыз негизде болот.

11:54 «АКИпресс» маалымат агенттигинин башкы редактору Азамат Иманалиев өзүнүн Твиттерине, «Ата-Журт» партиясы көшөгө артында калганына нааразы, - деп жазган.

11:47 Төрагалыка 110 адам катталган. Азыркы учурда Асылбек Жээнбеков төрагалык кызматка келүү максатында өзүнүн программасын сунуштап жатат.

«Ата-Журт» партиясынан депутат Жылдызкан Жолдошева, коалицияны узурпацияда күнөөлөдү жана төрага КСДПдан болбостон башка фракциядан болушун сунуштады. Мисалы: «Ата-Мекен» же «Ар-Намыстан».

«Бийликти узурпациялоо- бул бийликти мыйзамсыз негизде басып алуу, ал эми парламентте эч качан басып алуу болбойт. Фракция өз ара кеңешүүдө бир талапкерди шайлап алдык жана мен бул кызматка келишим тууралуу билдирүү жасадым»,-деп айтты Жээнбеков.

Жолдошева бул жоопко макул болбогонун билдирип, «Бийликти басып алуу өткөн» жана КСДП башка партиялардан болушуна мүмкүн бербейби,-деп айтты

11:13 «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, алардын фракциясы оппозицияга кетишин билдирди.

11:05 Парламент депутаттары Жогорку Кеңешке жаңы төрага жайлап жатышат. Азыркы кезде төрагалык кызматка Асилбек Жээнбеков (СДПК) жана Курманбек Осмонов («Ата-Журттан») көргөзүлүп жатат .

Төраганы шайлоого ар бир фракциядан экиден депутаттар тандалып алынып комиссия курамы түзүлдү

Торобай Зулпукаров жана Ыргыл Кыдыралиева - КСДПдан, Акылбек Жапаров жана Игорь Гусаров- «Ар-Намыстан», Назарали Арипов жана Курманбек Дыйканбаев- «Республикадан», Акуналы Досалиев жана Гуласар Садырбаева «Ата Мекенден» жана Надира Нарматова жана Талант Мамытов «Ата-Журттан».

Эскертип кетчүү нерсе мурунку төрага Ахматбек Келдибеков кызмат ордун кеткени тууралуу билдирген.