«Манас» аба майданынын унаа токтотуучу жайлары акы төлөнүүчү жайга айланат

Кыргызстандын эң чоң аба майданында автоматташтырылган унаа жайгаштырулуучу система орнотулуп жатат. Маалыматтар боюнча бир саатына 20-50 сомго чейинки акы төлөнөт. Азыркы күндө айдоочулар үйрөнүшү үчүн система тесттик түрдө иштеп жатат.

«Манас Хендлинг Групптун» менеджери Кайрат Ишенгазы, бул система Кыргызстандын  «Манас» аба майданында биринчилерден болуп орнотулуп жатканын билдирди.

«Система толук кандуу түрдө 2012-жылга 3 күн калганда иштей баштайт»,- дейт «Манас Хендлинг Групптун» айти-менеджери, унаа жайгаштыруу системасын көзөмөлгө алуучу Тилек Алиеев.

Ишенгазы мырза, төлөм акы системасын киргизүүнүн так датасын айткан жок. Бир саат үчүн төлөө акысы 20 сомдон 50 сомго чейин болот, бирок бул баа дагы тактала эле деп билдирди.

«Бул дүйнөлүк тажрыйба. Эгерде сиздер Москва, Алмата шаарларына барган болсоңуздар, анда баары түшүнүктүү. Аба майданында так ушундай система иштейт»,-дейт Ишенгазы.

Аба майданына бараткан чоң жолдо айдоочулар унаасын жайгаштырууга атайын төлөм кагазын алуу үчүн, жол тосмосу жайгаштырылган.

Аба майданынын имаратынын жанында эки унаа жайгаштыруу жайы орнотулган, расмий делегациялар үчүн, ВИП-жай жана аба майданынын кызматкерлери үчүн өзүнчө жайлар ачылган.

10-декабрдан баштап бул система тесттик түрдө ишке киришти. Ишенгазы уулунун айтымында, айдоочулар мындай системага үйрөнүшү керек.

«Айдоочулардын 80% системаны кантип колдонууну үйрөнүп калышты»,-дейт менеджер.

Азыркы күндө айдоочулар «Манас» аба майданынын аймагына кирип баратып акысыз төлөм кагаздарын алып жатышат, бирок ал үчүн акча төлөшпөйт. Система толук кандуу ишке киришкенде айдоочу төлөм кагазы үчүн акча төлөйт.

Ишенгазы уулунун айтымында,  унаа жайгаштыруу жайына кирген учурда биринчи 15 мүнөт бекер болот.

Айдоочулар каршы болууда

«Клооптун» кабарчылары аэропорттогу айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүшкөндө, көпчүлүгү бул системанын киргизилишине каршы пикирин айтышты.

Аба майданына учуп кетип жаткан туугандарын алып келген Нурбек, бул системаны биринчи жолу көргөндүгүн айтты.

«Аба майдан мамлекеттик эмеспи — эмнеге биз акча төлөшүбүз керек?»,-деп Нурбек таң калды.

Мындан сырткары чоң жолдо жайгашкан жол тосмонун жанында тыгындын пайда болуп жаткандыгы айдоочулардын тынчсыздануунсун жаратып жатат.

Мындай системанын колдоочулары да жок эмес — Баатырбек, аэропортто жүк ташуучу болуп иштейт.

«Акы төлөөгө каршы эмесмин, бирок акчалар мамлекеттик казнага түшсүн, башкалардын чөнтөгүнө эмес»,-дейт Баатырбек.

«Манас Хендлинг Групптун» өкүлдөрү, мындай унаа жайгаштыруу системасын аба майданына орнотулушунун себебин, тартипти орнотуу үчүн керектигин жана жогору баалар коюлбашын кошумчалап кетти.

Кайрат Ишенгазы уулунун айтымында, унаа жайгаштыруу үчүн акы төлөөсү Бишкектин бааларынан эч айырмаланбайт.

Жүк ташуучу Баатырдын айтымында, беш жыл мурун аба майданында мындай система киргизилген. Айдоочулар кирүү үчүн 20 сом төлөчү, бирок система бир эле жыл иштеген да, андан кийин жокко чыгарылган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: mariaklabukova