«Скайпты» кыргыз тилинде колдонууга болот

Видео чалуу кызматынын эң атактууларынын бири болгон «Скайпты» эми кыргыз тилинде колдонууга болот. Долбоордун демилгечилеринин айтымында, кыргыз тилиндеги «Скайпты» 2011-жылдын 21-декабрынан тартып жүктөп алууга мүмкүн.

Бул демилгени көтөрүп чыккан Илья Лукаштын «Клоопко» берген интервьюсунда, «Скайп» кызматы кыргызчага толугу менен которулгандыгын жана азыркы учурда текшерилип жатканын билдирди.

Лукаштын айтымында «Скайп» ачык колдонууда болгондуктан анын сөздөрүн которууга мүмкүнчүлүк болот, ал үчүн калоочулар видеочалууга атайын тилдик кызматты жүктөп алуусу керек.

«Видеотрансляция» сыяктуу кээ бир сөздөрдү которууда кыйынчылыктар болду, бирок сөздүктөрдөн эквивалентин издеп которууга аркет кылыдык. «Скайпта» которуга мүмкүн болгон сөздөрдү баары которулду десек болот»,-дейт Лукаш.

Лукаштын айтымында, 21-декабрда программаны текшерип, колдонуп көргөн адамдардын пикирлерин чогултулат. Ошондой эле, блогуна «Скайптын» кыргыз тилге которулгандыгын жана орнотууга оңой болгон программаларды да тиркеп коет.

Илья Лукаш кыргыз тилине которулган «Скайптын» скриншотторун көрсөттү (бассаңыз сүрөт чоңойот).

 

Уюштуруучулар «Скайптын» жетекчилери менен байланышып, кыргыз тилдүү кызматтын «негизги тилдер тизмесине» киргизүүнү сунуштоо боюнча пландары бар экенин ,- Лукаш кошумчалап кетти.

«Негизги тизмеге кошулуу үчүн, демилгечи топ скайпты аталган тилге которуп, аны колдонуп көргөн адамдардын оюн жыйнап, андан кийин гана «Скайп» жаратуучулары менен байланышка чыгат жана аларга өзүнүн иш бөлүгүн жиберет, ошондон кийин гана алар тизмеге киргизишет»,-деп айтып өттү Лукаш.

Которуудагы көйгөйлөр

Лукаш «Клоопко» берген интервьюсунда, котормочулардын баары өз каалосу менен иштегендигин айтты.

«Алгач «Фэйсбукта» «Скайпты» которуу боюнча пикирим менен бөлүшсөм, бир нече адам колдоо көрсөттү. Өз арабызда милдеттерди бөлүштүрүп, ар бир котормочуга 300дөн башкаруу катары бөлүнүп берилди ошону менен иштеп баштадык»,-дейт Лукаш

Лукаштын айтымында, ар бир сап 1ден 50гө чейин сөздөрдөн туруп, жалпысынан 3200 башкаруу катары болгон.

«Скайпты» 11 адам которду. Алар: Алтын Камчиев, Дастан Касмамытов, Тимур Токтоналиев, Мээрим Асанаалы, Алмаз Үсөн, Медер Азим, Зина Абдирасулова, Расул Усеналиев, Маргарита Грот, Лазат Такырбашева, Мукарам Шайырбек

Котормочулардын бири Алтын Камчиев, котормодо кыйынчылыктар болбогонун айтып, «отмена», «позвонить» сыяктуу көп колдонулган сөздөрдүн котормосу макулдашылган түрдө болгонун кошумчалап кетти.

«Бир нече котормочу иштегендиктен, бир эле сөздү ар башкача которуп салышыбыз мүмкүн эле. Ошондуктан, «Скайптын» кыргыз бөлүгүн бир редактор текшериши керектигин сүйлөшүп алганбыз. Башка кыйынчылыктар болгон  жок»,-дейт Камчиев

Дагы бир котормочу Лазат Такырбашеванын айтымында, Лукаш милдеттерди так бөлүштүргөндүктөн, эч ким ашыкча нерсе жасаган жок.

Ө,ү,ң сыяктуу тамгалар же тыныш белгилери кээ бир жерлерде коюлбай калган, бирок мындан башка «катачылыктар» жокко эссе,- деп Такырбашева кошумчалап кетти.

«Интернет- сөздөрүн кыргызчага которгондо өтө узун болуп калат экен, ошондуктан кээ бир сөздөрдү которбостон ошол бойдон калтырууга аракет кылдык»,-дейт котормочу айым.

Долбоордо катышкан дагы бир котормочу Тимур Токтоналиев, интернет-сөздөрүн которууда кыйынчылыктар болгонун айтты. Интернет колдонуучулар дароо эле түшүнгөн терминдерди кыргызчага которуу татаал экенин кошумчалап кетти.

Анын айтымында, интернетте популярдуу сайттарды жана сервистерди кыргызчага которуу менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошобуз.

«Тил комиссиясы эмне менен алек кылып жатат билбейм, ага караганда ушундай кызматтарды которгон демилгечилер тилдин өнүгүшүнө көбүрөөк салым кошот»,-дейт Токтоналиев

Атактуу сайттарды которуу пландары

Илья Лукаш «Клоопко» берген интервьюсунда, атактуу сайттарды, коомдук тармактарды жана онлайн-кызматтарды кыргызчага которууну улантаарын  белгилеп, котормочуларга акы төлөө маселеси гана ойлонтуп жатканын билдирди.

«Бул жолу котормочулар бекер эле иштеп беришти, бирок дайыма эле мындай боло бербейт да»,- дейт Лукаш.

Тимур Токтоналиев популярдуу интернет-долбоорлорду которууга даяр экендигин билдирди.

Эгер чакыруулар болсо, бул сыяктуу долбоорлорго катышууга даяр экендигин Алтын Камчиев да кошумчалап кетти.

«Албетте мен макулмун. Өзүмдүн котормочу тобум да бар. Алар ушул сыяктуу котормолор менен алектенет»,-дейт Камчиев

Кыргыз тилинде «Гугл», «Линукс» жана «Вконтакте» гана бар

Алгач Лукаш блогуна август айларында «Скайпты» которуу боюнча ойлорун жазаган.

«Кыргызстанда интернеттин өнүгүшү менен эмнегедир интернет булактар жана кызматтар кыргызчага которулбай келет»,- деп Лукаш нааразычылыгын билдирди.

Азыркы күндө «Гугл» порталы, «Вконтакте» социалдык тармагы, «Линукс» операциондук системасы, «Опен Офис» редактору жана «Мозилла» интернет-браузерлери кыргыз тилинде колдонулат.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Улугбек Акишев