Транспорт министрлиги Ооганстанга өтүүчү жүктөрдү мыйзамсыз негизде көзөмөлгө алууда

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясы, Ооганстандан америкалык жүктү ташып келүүгө колдонмо ассоциация түзгөндүгү үчүн Транспорт министрлигин күнөөлөп жатат. Министрлик ассоциациянын түзүлүшүнө эч тиешеси жок экендигин билдирди.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев, Ооганстандан жүк ташып келүү максатында «ТрансОрдо» колдонмо ассоциациясын түзгөндү үчүн транспорт министри Эркин Исаков жана анын орун басары Дениз Сулаймановду күнөөлөп жатат.

«Апрелдин аягында Ооганстандан чоң көлөмдөрдө америкалык жүктөр ташыла баштады, албетте чоң көлөмдөгү жумуш — көп акча. Сулайманов жана Исаков мындай ассоциация түзүү менен киреше табууга аракет жасаган»,-дейт Шабданалиев.

Коммуникация жана транспорт министри Эркин Исаков ассоциациянын ачылышына эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди.

«Бул ассоциация коомдук, менин ага эч кандай тиешем жок. Ачылган бардык ассоциация адилет министрлигинде катталат. Биздин министрликтин бул ассоциация менен эч кандай алакасы жок»,-дейт Исаков.

Министрдин орун басары Дениз Сулайманов жооп берүүдөн баш тартып, басма сөз катчылыкка кайрылууну суранды. Басма сөз катчылыгы Шабданалиевдин сөздөрүн «себепсиз» жана «тастыкталбаган» деп четке какты.

Америкалык жүктөрдү алып өтүүгө тендер жарыяланган

2009-жылы «Манас» транзиттик борбору Кыргызстандан Ооганстанга жүк ташуу үчүн тендер жарыяланган. Бирок тендерди кыргызстандык жүк ташуучулардын бири да утуп алган эмес.

Тендерди таджикстандык «Эй-би-эм Транс» компаниясы утуп алган. Ал учурда «Манас» транзиттик борборундагы тендерлер Максим Бакиевдин көзөмөлү алдында болгон. Шабданалиевдин айтымында, таджикстандык компания Курманбек Бакиевдин баласы менен «тил табышкан».

Кыргызстандык жүк ташуучулардын авто унаалары стандарттарга жооп бербегендиги үчүн тендерди ута албагандыгын, ал эми таджикстандык компаниянын унаалары заманбап жана ылайыктуу экендигин Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Чынгыз Эсенгулов «Клоопко» берген интервьюсунда айтып өттү.

«Эй-би-эм Транс» компаниясы менен 2012-жылгы чейин макулдашуу түзүлгөн. Бирок, апрель окуяларынан кийин транспорт министри болгон Эркин Исаков, «Манас» транзиттик борбору жана таджикстандык компания менен америкалык жүк ташууну кыргызстандык ташуучуларга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган.

«Биздин министрликтин кийлигишүүсү, АКШнын элчиси жана таджикстандык тарап менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин мурунку макулдашууга карабай америкалык жүктүн 30%ы кыргызстандык ташуучулар алып өтүүсүнө шарт түзүлгөн»,-дейт Исаков «Клоопко» берген интервьюсунда.

Шабданалиевдин айтымында, «Манас» транзиттик борбор менен макулдашуу түзүү үчүн министр орун басары менен киреше табуу максатында «ТрансОрдо» ассоциациясын түзгөн.

«Америкалык жүктү ташый турган айдоочулардан министрлер 200 доллар ала башташкан»,-дейт Шабданалиев.

«ТрансОрдонун» кулашы

Бул конфликттин натыйжасында «ТрансОрдо» ассоциациясы эки тарапка бөлүнүп кеткен. Бишкектегилер министрликтин тарабында болсо, оштогулар Темирбек Шабданалиевди колдоп келишет.

«ТрансОрдонун» түштүк аймагы боюнча төрагасы Мырзамат Чынгараевдин «Клоопко» берген интервьюсунда, «министрлик ассоциациядан колдону куралын кылгысы бар» деп Шабданалиевдин колдоп жаткандыгын айтып өттү.

«Биз коомдук биримдикпиз. Ойдогулары ишке ашпай калды. Ассоциация жүк ташуучулардын жана айдоочулардын укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн»-дейт Чынгыраев

«ТрансОрдонун» дагы бир төрагсы Нурбек Турсунбаев башкача пикирде. Анын айтымында жаңы министр келгенден кийин көп нерсе жакшы нукта өзгөргөн.

«Транспорт министрлиги Ассоциациялар менен биргеликте иштөөгө даяр. Сын айткандан көрө, Кыргызстанда транспорт системасын өнүктүрүү керек»,-дейт Турсунбаев.

Сүрөттүн автор: Хай Контраст
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Аида Ишмухамедова