КСДПнын депутаты фонограмма колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштады

Социал-демократ Исамаил Исаков, ырчыларга фонограмма колдонууга чек коюу жөнүндө мыйзам долбоорун карап чыгууну сунуштады. КСДПнын депутатын башка парламентарийлер каттуу сынга алышты.

Исаковдун ою боюнча мындай чектөө Кыргызстанда музыкалык искусствонун өнүгүшүнө жана ырчылардын чеберчилигин чыңдоого өбөлгө болот.

«Бул мыйзам долбоору боюнча мамлекет тарабынан каржыланган азем жана концерттерде ырчылардын фонограмма колдонуусуна тыюу салынат»,-дейт Исаков.

Бирок Исаковдун мындай сунушун парламентарийлер каттуу сынга алышты.

Ырчылардын жандуу ырдоосуна техникалык жабдыктар дайыма эле жетиштүү боло бербейт — долбоордун кабыл алынбашынын себеби маданият тармагына акчанын жетишсиздигинен болууда.

«Ырчылардын жандуу ырдай алышы үчүн алгач шарттарды түзүп беришибиз абзел, андан кийин гана чектөөлөр боюнча ойлонуш керек»,- дейт «Республика» фракциянын депутаты Максат Сабиров.

«Алардан фонограммасыз жандуу ырдоосун талап кылуудан мурун, биз- эскирген маданият үйлөрүн оңдоп түзөп жана ырчыларга шарттарды түзүп беришибиз керек. Андан кийин гана алардан жандуу ырдоосун сурасак болот»,-деп билдирди Сабиров.

Мындай пикирге Исаков, көрүүчүлөр акча төлөгөндөн кийин «фонограмма» эмес, жандуу үн угууга милдетүү деп жооп берди.

Биз макулбуз, бирок аппаратурабыз жок

Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын айтымында, «өзүн сыйлаган ырчы» дайыма жандуу ырдашы керек .

«Эгер фонограмма колдонууга чек коюлса, жакшы багытка карай өнүгөбүз»,-дейт Иманалиева.

Анын айтымында, эстрада ырчылары үчүн эң негизги көйгөй бул-кымбат баалуу үн жазуучу аппаратуранын жоктугу жана концерттик залдардагы акустиканын туура эместиги, ошондуктан ырчыларга фонограмма менен ырдоого туура келет.

«Ошондой эле тасмага тартып, жаздырып алууга туура келчүү жаңы жылдык кечелер бар. Ал жерде фонограмма менен ырдоого туура келет»,-деп айтып өттү ырчы айым.

Жаштар арасында белгилүү ырчы Замир Арыкбаев да Иманалиева айымдын пикирине кошулуп, кээ бир учурларда фонограмма колдонууга туура келет деп билдирди.

«Үнүң отуруп баратканда же жандуу ырдоого акустика туура келбей калса фонограмма колдоносуң»,-дейт Арыкбаев.

Ырчы, жандуу ырдоону кандай көзөмөлгө алаарын элестете да албайт.

«Ким жандуу жакшы ырдаса, ошол атактуу болот»,- деп продюссер Канат Култаев бул мыйзам долбоорун колдоорун билдирди.

«Супер Инфо» гезитинин версиясы боюнча «Заманыбыздын мыкты ырчысы» Мирбек Атабеков мыйзам долбоордун кабыл алынышын күтүүдө.

Ырчы жигиттин айтымында, мындай чектөө ырчылар үчүн «үндү чыңдоого жана өнүктүрүүгө» чоң жардам болот. Атабеков фонограммасыз ырдоого даяр экенин билдирди.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Авторы: Бермет Иманалиева
Редактор: Айгул Гуламидин кызы