Борбор калаабызда светтин өчүрүлүшү күч алууда

20-декабрдан баштап Бишкектин райондорунда электро энергиясы маал-маалы менен өчүрүлө башталды. «Түндүкэлектронун» өкүлдөрү мындай жагдайды сууктун түшүшү менен шаардын тургундары электро энергияны көп колдонуп, инфраструктурага күч келип жатканы менен түшүндүрдү.

«Түндүкэлектронун» басма сөз катчылыгынын айтымында, Бишкек тургундары электро энергиясын көп колдонгонунан улам 14 жогорку вольттук станцияларга күч келип жатат. Ошонун негизинде свет өчүрүлүүдө.

«Техника жабдыктары күчтүү кубаттулукка чыдабай жатат, себеби биздин жабдыктар күчтүү кубаттуулука ылайыкташтырылган эмес»,-дейт «Клоопко» берген интервьюсунда «Түндүкэлектронун» кызматкери.

Электро энергиянын мынчалык чоң көлөмдө колдонулушу ордо калаабызга сууктун түшүшү менен болууда. Маалыматтар боюнча мындай температура 25-декабрга чейин өзгөрүлбөйт.

Электро энергия бөлүштүрүү боюнча мекеменин айтышынча, бишкектиктердин арасында электро энергиянын колдонулушун көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат. Эртең мененки 8ден 10го чейин, кечки саат 7ден 11ге чейинки аралыкта эң көп колдонулгандыктан, свет ушул убакыттарда өчүрүлүшү мүмкүн.

«Эгер трансформатор ысып кетсе, ошол аймакта 1,5-2 саатка светти өчүрөбүз. Бул абал бир топко чейин кармалышы мүмкүн»,-дейт «Түндүкэлектронун» басма сөз катчылыгы.

Бишкектин 12-кичи районунда жашаган «Клооптун» кабарчысынын билдирүүсүнө караганда, 21-декабрь күнү төрт саат боюу свет жок болгон.

Кыргызстандагы белгилүү «Дизель» форумунун колдонуучулары да 21-декабрда шаардын ар кайсы райондорунда светтин өчүрүлүшү байкалгандыгын  маалымдап жатышты.

«Владушко» лакап атындагы колдонуучу шаардын борборунда 6 саат свет өчүрүлгөнүн жазган, бирок Бишкектин кайсы району жөнүндө сөз болуп жатканын билдирген эмес.

Форумдун дагы бир колдонуучусу «Схема» Жер иштетүү инстиутуту районунда  мезгил мезгил менен свет өчүрүлүп жатканын кабарлады.

«Суу иштетип чыгуу мекемеси өчүрүлгөндөн, кечээ кечке муздак суу жок болду. Бүгүн үч жолу свет өчүрүлдү, жылыткычтар араң эле ысып жатат, анткени котельняда  электро энергиясы болбогондуктан насостор иштебей калыптыр»,-дейт колдонуучу.

«Дтрекс» колдонуучусу 3-кичи районунда 3 саатка свет өчүрүлгөндүгүн билдирди.

Форумдун колдонуучулары бул кырдаалды 2008-2009-жылдын кышы менен салыштырып жатышат. Эскерте кетсек, ошол жылдары Бишкек шаарында электро энергиясы мезгил-мезгил менен өчүрүлүп турган. Ошондой эле өчүрүлүү убактысын да айтып турушкан.

Расмий маалыматтар боюнча, светтин өчүрүлүшүн Токтогул ГЭСинде суунун деңгээлинин төмөндөшү менен байланыштуу.

Курманбек Бакиевден кийин келген жаңы бийлик электро энергиясы менен кыйынчылыктар болбойт деп сөз беришкен.

Сүрөттүн автору : Бектур Искендер
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Аида Ишмухамедова