Ош жергесинде ветеринарлар жетишпейт

Ош областтык ветеринарлар кызматы адистердин жетишпестигин айтып келет. ОшМУнун деканы ветеринар кесиптин абройлуу эместигин жана бюджеттик орундардын жоктугун кошумчалап өттү.

Ош областтык ветеринарлар кызматынын башкы врачы Сүйүнбай Абдуллаевдин айтымында, азыркы кезде облустарда 601 ветеринар иштейт. Бирок, дагы кошумча 1101 ветеринар керек.

«Жаңы адистер жок, ошондуктан ветеринарлар жетишпейт»,- дейт Абдуллаев.

«Университеттин бүтүрүүчүлөрү чет мамлекеттке иштеп кетет же болбосо башка кесипти аркалап жатышат, себеби айлык маянасы аз»,-дейт ветеринар.

Абдуллаевдин айтымында, айылдарда үч айлык окуулар ачылган. Миграция жана эмгек комитетти ветеринар болууну каалагандар үчүн алардын окуусун каржылап берүүгө даяр.

«Тилекке каршы, ветеринар болууну калоочулар жокк тете,»-дейт Абдуллаев.

Адистердин жетишпестигинен ветеринарлар балдарын да ушул кесипти аркалап кетишин суранышат.

Данияр Мамбеталиев Ош областынын Өзгөн районунда ветеринар болуп иштейт. Анын айтымында, технологиялык институттун негизинде малчылардын балдары ветеринардык кесипке окутула башталды. Бардык чыгымдар миграция жана эмгек комитети тарабынан каржыланып келет.

«Жаштарды ветеринардык кесип кызыктырбайт»,- деп айтат Маматалиев.

«Жаштар заманбап, абройлуу университеттерге тапшырышат. Кеп айлык акыда эмес, жаштардын каалоосунда»,-дейт ветеринар.

Билим берүү министринин басма сөз катчысы Керез Жукееванын айтымында, министрлик жаштардын тандоосуна таасир бере албайт.

Жукееванын ою боюнча, ветеринарлардын жетишпестигин, эмгек министрлиги жана жергиликтүү айыл өкмөттөрү биргеликте чечиш керек.

«Билим берүү министрлиги бул маселени жалгыз чече албайт»-деп басма сөз катчы кошумчалап кетти.

Студенттер бул кесипке тапшырышпайт

Ош шаарындагы чоң-чоң окуу жайлардын арасынан бир гана университет ветеринарларды даярдайт — ал да болсо Ош мамлекеттик университети.

ОшМУнун география жана табият таануу факультетинин деканы Орунбек Колановдун айтымында, ветеринарларга болгон талап күчтүү . Жогорку билимдүү ветврачтарды Бишкек шаарындагы агрардык университет гана даярдап чыгарат.

Колановдун айтымында, ветеринардык факультетке бюджеттик орундар бөлүнбөйт.

Азыркы күндө ветеринардык факультетте 3- курсута 17 студент, 4-курста 12 студент, 5-курста 11 студент окуйт. Сырттан окуу бөлүмүндө 11 студент билим алат.

«Окутууга лицензиябыз бар, бирок балдар тапшырган жок. Эмнеге тапшырышкан жок? Анткени, ветеринардык факультетке бюджеттик орундар бөлүнгөн эмес, ветеринардык кесипке көңүл бөлүшпөйт, жаштар арасында  кесиптин  аброю төмөн»,-деп нааразы декан.

Ветеринардык кесип үчүн сырттан окуу бөлүмү 15 миң сом, күндүзгү окуу бөлүмү 18 миң сомду түзөт.

Айылдарды иштөөгө туура келет

Экономика факультетинин студенти Эламан Жаныбек уулунун айтымында, ветеринар кесипти аркалагандар айыл жергесине барып иштөөсү керек, ал эми жаштар шаарда жашагысы келет.

Жаныбек уулунун айтымында, айлык маянасы төмөн болгондуктан, жаштар ветеринар болууну каалашпайт

Юридика факультетинин студети да Жаныбек уулунун сөзүнө кошулаарын билдирди.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Асел Талантбекова