Сулайман -Тоого кирүү убактысына чектөөлөр киргизилет

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин жетекчилиги, тургундардын маданиятсыз тартиби үчүн музейге кирүү убактысына чектөөлөрдү киргизүүнү көздөп жатат.

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин директору Абдрайым Тургунбаевдин билдирүүсүндө, тоону көрүп чыгуу убактысына чектөөлөрдү киргизүү сунушу азыркы кезде каралып жаткан учур.

Анын айтуусунда, акыркы чечим жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ЮНЕСКОнун улуттук комиссиясы менен биргеликте кабыл алынат.

Эгер Сулайман Тоого кирүү убактысы боюнча сунуш кабыл алынса, каалоочулар кыш мезгилинде 8.00-20.00 гө чейин, жай мезгилинде 6.00-21.00гө чейин кирип тоону көрүп чыга алышат.

Директордун айтуусунда, жаштардын маданиятсыз тартибинен улам чектөөлөр киргизилип жатат. Түн ичинде музейдин айланасын милиция кызматкерлери көзөмөлгө алат.

«Аскалардагы петроглифтерди бузуп жатышат. Бул деген вандализм. Сыра ичишип, бөтөлкөлөрдү талкалап, кээде мушташып, туристтерге кол салуулар болуп жатат»,-деди Тургунбаев «Клоопко» берген интервьюсунда

Тургунбаев, чет мамлекеттерде маданий баалуулуктарды сактап калуу жана жарандардын коопсуздугу үчүн атайын чектөөлөр  бар экенин айтып өттү.

Директор, авто унаалардын киришине да чек коюларын кошумчалап кетти.

«Бул комплекстин табиятын бузуп жатат»,-дейт Тургунбаев

Тарыхчы Хайрилло Ибайдуллаев мындай чектөөлөрдү колдойт. Жаштар тоодо түнү менен спирт ичимдиктерин ичишип, кээде баңги затын да колдонушат дейт.

«Таштандыларды калтырып, табиятты бузушуп, ууручулук жана ар түрдүү терс көрүнүштөр болуп жатат»,-дейт тарыхчы.

Ибайдуллаевдин ою боюнча, мындай терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн, атайын чектөөлөр болшушу керек .

«Жакшы адамдар түн ичинде тоого чыгышпайт»,-дейт Хайрилло мырза.

Тарыхчы Кадырбек Жолдошев, көптөн бери эле Сулайман-Тоодогу петроглифтерди вандалдар жок кылып жатат деп арызданууда.

Тоону таза кармоо керек

Ош шаарынын коногу Хабибулло Аскарбек уулу мындай чек коюууларды колдойт.

«Кээ бирөөлөр сыйынуу үчүн тоого чыгышса, башкалардын эмнеге чыкканын да билбейсиң»,-дейт конок.

Жеке ишкер Аббоз Мажитов мындай чектөөлөрдүн коюлушуна каршы көз карашта. Анын айтымында, музейдин жетекчилиги коопсуздук кызматкерлеринин санын гана көбөйтүшү керек.

Ош шаарынын тургуну Жээнбек Келдибаев, шаардыктар үчүн түн ичинде тоого баруунун зарылчылыгы жок дейт.

«Түн ичинде тоого барууга эмне кажет эч нерсе көрүнбөсө. Күндүзү барышсын. Кечки саат 8ге чейин болот да»,-дейт Келдибаев.

Сулайман-Тоо Ош шаарынын борборунда жайгашкан. 2009-жылы биринчи дүйнөлүк мурас болуп таанылган.

Батыштан чыгышка карай узундугу 1140 метр, туурасы 560 метрди түзөт. Тоонун беттериндеги петроглифтер Сулайман-Тоо байыртадан бери ыйык жер болуп келгенин тастыктайт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редакторы: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айгерим Боронбаева