Кыргызстандагы эң басылмалуу гезиттердин бири «Супер-Инфо» Омар менен Каныкейди жылдын мыкты ырчылары деп тааныды. Бул номинацияда ар биринин экиден атаандашы болгон.
Интернет аркулуу добуш берүү менен аталган гезит конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктады.
Омар «Клоопко» берген интервьюсунда ,жеңишке жеткенине кубанычта экенин жана бул жеңиш ага мындан ары иштөөсүнө дем күч берээрин айтып өттү.
Анын айтымында, бул жеңиш жакшы жарнак болду, ошондой эле ар тараптуу чакыруулар көбөйүүдө.
«Биздин сахнадагы бардык ырчылар менен жакшы мамиледемин, атаандаштык, көрө алабастык деген менде жок. Кыргызстанда атаандаштык деле жок, анткени биз кичинекей өлкөбүз»,-дейт Омар.
Ушул эле номинациянын былтыркы жылкы жеңүүчүсү Ильяз Абдыразаков болгон.
«Мыкты ырчы айым» номинациясынын жеңүүчүсү Каныкей «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартты.
Убагында Каныкей менен бир топто иштеп келген Иван Дайнеко, «Каныкей бул жеңишке татыктуу» деп билдирди.
«Супер-инфо көп тираждуу гезит экенин эске алуу менен, менин оюмча Каныкей бул жеңишке татыктуу түрдө ээ болду»,-деп айтты Дайнеко.
Ырчы айым бул номинация боюнча эки жыл катары менен жеңишке жетти.
Башка номинациялар боюнча жеңүүчүлөр
«Супер-Инфо» гезитинин окурмандары дагы 15 номинациядагы мыктыларды аныкташты.
Белгилүү алып баруучу Эрмек Нурбаев үч жылдан бери «Мыкты алып баруучу» номинациясын утуп келе жатат. «Мыкты кино тасма» номинациясына «Бишкек мен сени сүйөм!», «Өлкө сыймыгы» номинациясына Атай Өмүрзаков татыктуу болду.
Калган жеңүүчүлөрдү «Супер-Инфо» гезитинин расмий сайтынан көрө аласыздар.
Гезит алты жылдан бери кыргыз шоу-бизнесинин мыктыларын тандап келе жатат.
«Супер-Инфо» гезити 100 миңге жакын тираж менен басылып чыгып, жумасын бир жолу жарык көрүп турат.
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдос Казыбеков