2012-жылдын жазында автоунаалар үчүн өзгөчөлөнгөн мамлекеттик номерлер пайда болот

 

Март айына чейин мамлекеттик каттоо кызматы номерлерди даярдоо жана берүү механизмин иштеп чыкса,  Кыргызстандын айдоочулары 2012-жылдын жазында  авто унаалары үчүн өзгөчө номерлерди ала алышат.  Айдоочулар болсо жаңылануу шартына  карама-каршы пикирде.

Бул долбоордун демилгечиси депутат Дастан Бекешев, «Клоопко» берген интервьюсунда, мындай номерлерди колдонууу боюнча токтом бекитилип, механизмдерди иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) жиберилгендигин билдирди.

«МКК азыркы күндө тапшырма үстүндө иштеп жатат —  кандай кылганда туура кылуу керек же кандай кылганда жакшыртуу керек, мындайча айтканда эрежелерин иштеп чыгууда. Аларга үч айлык мөөнөт берилди. Мөөнөтү бүткөндөн кийин мен өзүм алардан токтомдун аткарылганын же аткарылбаганын тескөөгө алам»,-деп билдирет депутат мырза.

МКК жеке номерлерди сатуу боюнча аукцион өткөрөөрүн депутат кошумчалап, аукциондон түшкөн каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга  сарпталаарын айтты.

Номерлерди жасалгалоо маселелери менен мамлекеттик каттоо кызматы алектенип жатат,- деп депутат тактап кетти.

Токтом иштелип жатканда  номерлерге кошумча символ, тамгалардын өңү жана калыңдыгы сыяктуу факторлор эске алынган эмес.  Авто унаанын номери тамга жана сандардан  турушу керек — мисалы, аты жана туулган күнү,-деп кошумчалап кетти депутат.

«Чынын айтсам, мынчалык майда нерселерине чейин караган эмеспиз. Бирөө номерин сары түстө, экинчиси кызыл түстө кылсууну каалашы мүмкүн, бул туура эмес. Атайын эл аралык  стандарт бар жана биз ага жооп беришибиз керек»,-деп түшүндүрдү Бекешев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Абдыбек Дүйшалиев, токтом азырынча күчүнө кире элек, бирок кабыл алынышына «каршы эмесмин»,- деп кошумчалап кетти.

«Токтом күчүнө кире элек, ал өкмөт тарабынан добушка коюлуп, бекитилиши зарыл. Биз кабыл алынышына каршы эмеспиз. Азыркы кезде каралып жатат-качан күчүнө кирет билбейм»,-дейт Дүйшалиев.

Бишкек жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчиси  Иманалы Сарыкуловдун айтымында, мындай номерлердин киргизилиши мыйзам бузгандарды издөөдө маселелерди жаратышы мүмкүн.

«Эгер бир эле ысымды 10 киши номерине жазып алса, кандайдыр бир административдик жаза колдонууда жана издөөдө  бул кыйынчылыкты жаратат»,-дейт Сарыкулов.

Башка депутаттар Бекешовдун токтом долбооруна каршы болуп, мурда кабыл алынган  мамлекеттик номерлердин мыйзамынын бар экенин билдирди.

«Республика» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова, Бекешовдин сунушун «олуттуу эмес»,-деп,  мүмкүн болсо калыптанып калган тартипти калтыраарын билдирди.

«Мындай сунушка каршымын, катар номерлерди каттоо сыяктуу калыптанган тартип бар. Бул жакшы тажрыйба», -дейт депутат айым.

«Ата Журттун» депутаты Роман Шин Өмүрбекова айымдын пикирин колдойт. Анын айтымында, жеке номерлерди сатуудан түшкөн каражаттар «олуттуу эч нерсени» чечпейт.

«Бул токтомго терс көз караштамын. Стандарттуу номерлер бар, ошол номерлер менен  жүрүш керек»,-дейт Шин.

Айдоочулардын ою

Айдоочу Гульнара Ахматованын ою боюнча, өзгөчө номерлердин киргизилишинин кереги жок.

«Номер жөн гана сандар, ал эми авто унаа - каражат. Аны персонификациялоонун кажети жок. Ал  аябай ойлонто турган маселе деле эмес. Бул калем сап же дептер сыяктуу бат-бат алмаштырыла турган нерсе»,-дейт Ахматова.

Нуржигит Кадырбеков,  депутаттын токтом долбоорун  колдоп, бул нерсеге эч кандай каршылыгы жок экенин билдирди.

«Азыр өзүнчө эрежелер бар. Айрымдар өзгөчөлөнгөн номерлерди алып жатат, себеби алардын байланыштары же атайын тааныштары бар»,-дейт Кадырбеков.

Извините, в настоящее время нет доступных опросов.

Мамлекеттик кызматкер Мураттын айтымында, мындай номерлердин кереги жок, бирок колдонууга киргизилсе кымбат баада болушу керек. Мисалы: 5000 миң АКШ долларынан 10000 долларга чейин.

«Эгер мындай номер 300 доллар турса, баары эле ала беришет да  шаардын баары ушундай номерлер менен «жайнап» калат»,-дейт Мурат.

Дагы бир айдоочу Азиз, мамлекеттик номерлердин сатылышы менен  казынага пайда түшөт деп,  депутат Бекешевдин сунушун колдоорун айтты.

«Кээ бирөөлөр акчасын каяка коротоорун билишпейт, майыптарга беришсин»,-дейт Азиз.

Урматтуу колдонуучулар, Дастан Бекешевдин сунушун колдойсузбу? Эмне себептен? Өз пикирлериңизди төмөндөгү комментарий бөлүмүн колдонуу менен калтырыңыз.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Авторлор: Любовь Исаева жанан Медер Сманов
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Сүрөттүн автор :Chika