Хроника: Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын премьер- министри болуп шайланды

Көпчүлүк депутаттардын добушу менен Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп шайланды. Ошондой эле депутатар, 3 вице-премьер жана 15 министрликтен турган жаңы өкмөттүн курамын бектитти.

21:05 Жогорку Кеңеш премьер-министр Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөттүн жаңы курамын бекитти.

20:38 Беш партиядан турган фракциянын төртөө жыйын өткөрүлүүчү жайга жыйналышты. КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина, ««Ата-Журт» партиясы сыйяктуу өкмөт жетекчилерин, аппарат кызматкерлерин жана депутат кесиптештерин сыйлабай кою болбойт»,-деп билдирди.

Кесиптешин арнамысчы Анарбек Калматов да колдоп, добуш берүүнү баштоону сунуштады.

Ал эми, төрага Асылбек Жээнбеков, атажуртчу депутат кесиптештерин дагы эки мүнөт күтүп турууну сунуштады.

19:51 Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы кырк мүнөт аралыгында жаңы куралуучу өкмөттүн түзүмүнө каалоо тилектерин айтып, андан кийин ачык добуш астында бекитээрин билдиришти.

19:35 «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматова, жаңы түзүлүп жаткан бийлик, мурунку бийликтен айрымаланбайт деп айтып, Өмүрбек Текебаевди сыйлаганы үчүн жаңы өкмөттүн курамына кирип жатканын билдирди.

18:02. Бабанов,  өкмөткө кесипкөй адистерди чакыраарын белгилеп өттү.

«Ата-Журт» фракциясынан  Марат Султанов,  Жогорку Кеңешке депутаттардын курамынан эмес, башка жактан саясатчы чакырылаарына макул экенин билдирди. Анын айтымында, айрым балдар партияда же саясатта таанылбагандыктан алардын өкмөткө алынбасытыгын белгилеп өттү.

"Мен кызматкерлерди партиядан экенине карап же башка тармактан экенине карап албайм. Эгер ал өз кесибин мыкты билген кесипкөй болсо, анда биз аны жумушка алабыз",-деди Бабанов.

17.45. Экономика тармагы боюнча серепчи Айылчы Сарыбаев "Клоопко" берген интервьюсунда, мурунку өкмөттүн өкүлдөрү жаңы өкмөттө да болоорун   билдирди.

"Айрым адамдар мурун да иштешкен азыр да иштегилери келүүдө. Өткөн учурда эч нерсе кылган эмес, азыр да эч нерсе кылбай мамлекеттин акчасын жеш менен алектенет",-дейт Сарыбаев.

Жаңы өкмөттөн реформаларды күтпөгөнүн белгилеп, "Социалдык-экономикалык жагдай  күч алаарын айтып өттү.

17.07. Премьер-министрликке талапкер Өмүрбек Бабанов, жаңы өкмөтүн башкы милдети "келерки жылга бюджети иштеп чыгуу" жана жакынкы аралыкта депутаттарга бюджеттин долбоору сунушталышы керек экендигин айтты.

16:30  Депутаттар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.

16.23. Бабановдун сөзүнөн кийин депутаттар суроолорун узата башташты. Суроо берүүгө 46 депутат жазылды.

16.18. Бабанов өзүнүн сөзүндө, түзүлүп жаткан Өкмөт "антикризистик" экенин белгилеп, "эл-журт министрлер кабинетинин бекитилишин күтүп жатат" деп депутаттардын чечим кабыл алышына чакырып кетти.

16.13.Саясат таануучу Марат Казакпаев, жаңы Өкмөттүн келиши менен эч нерсе өзгөрбөйт деген пикирде.

"Оппозицияда жана бийликте жүргөн мурунку эле адамдар өкмөткө келишти. Тааныш эле жүздөр болот деген үмүттөмүн. Жаңы курам мыкты реформаларды жүргүзөөрүн күтөбүз",-дейт Казакпаев.

16.06 Өмүрбек Бабанов депутаттарга  "Коопсуз шаар" программасын ишке киргизээрин айтты. Ал, шаар көчөлөрүндө видео камераларды жайгаштырууну пландап жатат.

"Коопсуз жашоо үчүн, жарандарыбыз милиция кызматкерлери менен болушунча аз жолугушу керек",-дейт Бабанов.

16.00.КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина "ата журтчу" депутаттарды "жаңы өкмөт түзүмүн бекитүүнү кармап жатасыздар", деп күнөөлөп кетти."Бир жарым сааттан бери "Ата Журт" убактыбызды алып жатат. Шайлоочуларыбыз өкмөттүн түзүмү кечээ эле бекитилиш керек эле деп кат жазышып жатат",-дейт Карамушкина.

15.54. Саясат таануучу Марс Сариевдин ою боюнча, министрлердин жарымы кызматынан  кетирилет."Министрлердин жарымы калат, анткени өз ишин билген мыкты адис экендигин көрсөтүштү",-дейт Сариев.Жаңы өкмөт мамлекеттин экономикалык өнүгүүгө алып келе турган "кризис-менеджерлердин" тобу болушу керек,- дейт саясат таануучу.Саясат таануучу Токтогул Какчекеев да өкмөттүн 40% өзгөрүлбөстөн калат деп, кесиптешинин пикирине кошулат.

15.28. Атажуртчу Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана  арнамысчы Дасан Бекешов конституциондук мыйзамдуулук жана жергиликтүү комитеттин отурум депутаттарсыз өткөндүгү менен нааразы."Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча түшкөн документтер менен бирге депутаттарга билдирүүлөр да жибирилген",- дейт комитеттин төрөайымы Галини Скрипкина

Скрипкина айымдын партиялашы Данияр Тербишалиев депутаттарды "жаңы курамды бекитүү процессин" кармап жатасыздар,- деп күнөөлөдү.

15.02. "Ата Журт" фракциясынын депутаттары кайсы регламент боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму болуп жатканын түшүнбөй жатышты.

"Регламент боюнча Парламенттин кезексиз отурумуна төрага чакырыш керек эле",-дейт Курманбек Осмонов.

Осмоновдун партиялашы Марат Султанов да ушул суроону узатты.

"Алгач кайсы документтин негизинде кезексиз отурумдар чакырылат, ошону чечип албайлыбы",-дейт Султанов.

Атажуртчулардын суроосуна Роза Акназарова  "123-берененин экинчи пункту боюнча чогулуп жатабыз",-деп жооп берди.

"Төрага Жогорку Кеңешке түшкөн долбоорлорду парламенттин депутаттарына  жиберип Жогорку Кеңештин кезексиз чакыруусуна талкууга чыгарат",-деп айтты Роза айым.

14.51.Конституциялык мыйзамдуулук жана жергиликтүү башкаруу боюнча комитеттин төрайымы Галини Скрипкинадан комитеттин чогулушуна депутаттар эмнеге чакырылбагандын  "Ар Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешов сурады.

Бекешевдин айтымында, комитет Өкмөттүн жаңы түзүмүн талкулоо үчүн "депутаттарды чакырыш керек эле, себеби алар да жаңы курам боюнча өз суроолорун бериши абзел болчу".

14.39. Отурумду жетектеген Дамира Ниязалиева, Өкмөттүн курамын батыраак бекитүүнү суранды.

"Депутаттардын көпчүлүгү жума намазга суранып жатышат. Менин оюмча, биз өкмөт курамын батыраак бекитишибиз керек",-дейт Ниязалиева

14.36. Депутаттар, саламаттыкты сактоо министрлигине талапкер Динара Сагынбаевадан "  пара алган врачтарга карата кандай чаралар кабыл алынаарын" сурашты.

"Силердин оюңарды колдойм, мындай врачтарды жумуштан кетириш керек,андан башка аргабыз жок",-дейт Сагынбаева.

14:25 Коалициянын эки фракциясы КСДП жана «Ата Мекен» өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитти.

14:15 КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков, премьер-министр Өмүрбек Бабановду апрель окуясында аракетсиз болгондукта айыптады

«Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликте көрсөтүүдө мен катышкан эмесмин»,- деп Исаков кошумчалап кетти.

14:10 Азыркы учурда Депутаттар Жогорку Кеңештин чоң залында чогулушуп Өкмөттүн жаңы түзүмүн талкуулап жатышат.

«Биримдик» коалициясынын атынан көрсөтүлгөн Өмүрбек Бабанов жаңы эле отурумга келди.

«Республика» фракциясынын лидери жана мурунку вице-премьер өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштады.

Маалыматтар боюнча жаңы өкмөттө 15 министрлик жана 3 вице-премьер болот.

Өкмөт курамына төмөнкүлөр кирди:

Премьер-министр – «Республика» фракциясынан Өмурбек Бабанов;
Биринчи вице-премьер-министр – КСДП фракциясынан Аалы Карашев;
Экономика жана инвестиция боюнча Вице-премьер-министр – «Ата Мекен» фракциясынан Жоомарт Оторбаев;
Социалдык маселелер боюнча Вице-премьер-министр – «Ар-Намыс» фракциясынан Гульнара Асымбекова;
Финансы министри – «Ар-Намыс» фракциясынан Акылбек Жапаров;
Экономика жана монополияга каршы саясат министри – КСДП фракциясынан Темир Сариев;
Адилет министр – «Ата Мекен» фракцияясынан Алмамбет Шыкмаматов;
Энергетика жана өнөр жай министри – «Республика» фракциясынан Аскар Шадиев;
Ички иштер министри – Зарылбек Рысалиев;
Өзгөчө кырдаалдар министри – «Ата Мекен» фракциясынан Калыбек Султанов;
Коргоо министри – президент тарабынан бекитилет;
Тышкы иштер министри – «Республика» фракциясынан Руслан Казакбаев;
Саламаттык сактоо министри – КСДП фракциясынан Динара Сагынбаева;
Билим берүү жана илим министри – Канатбек Садыков;
Транспорт министри – КСДП фракциясынан Эркин Сакебаев;
Социалдык коргоо министр – «Ата Мекен» фракциясынан Равшан Сабиров;
Маданият министри – Ибрагим Жунусов;

Талкуунун жүрүшүндө өкмөттүн түзүмү өзгөрүшү мүмкүн.