Хроника: Орусияда болуп өткөн шайлоого каршы митинг уланууда

Орусиянын шаарларында "Таза шайлоо үчүн" деген жалпы ураан астында митингдер өтүүдө. Москва шаарында митинге чыгууга 120 миңге жакын адам жыйналды,-деп кабар берди Би-би-си орус кызматты.

19:42 «Ридус» сайтында түз берүү аяктады. Төрт камера тең иштебей калды. Би-би-си кызматты билдиргендей, «Таза шайлоо үчүн» нааразычылык акциясы аяктады.

19:30 Би-би-си маалымат кызматтынын билдирүүсү боюнча, 2012-жылдын февраль айына чейин кечиктирбей оппозициялык партияларды катоосун жана шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүүсүн митингдин уюштуруучулары талап кылышты.

19:15 «За Россию без произвола и коррупции» партиясынын өкүлү Владимир Рыжков, кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу сунушу менен сөз сүйлөдү. Ошондой эле, саясат туткунундагыларды бошотууну жана Орусия БШКсынын төрагасы Владимир Чуровду кызмат ордунан кетишин талап кылды.

18:55 Учурунда президентик шайлоого катышкысы келген бизнесмен Михаил Прохоров нааразычылык акциясына келип, бирок сүйлөөгө чыккан жок.

«Мен суйлөгөн жокмун. Мага эч ким чакыруу жиберген жок. Анан да президенттике талапкерлерди сүйлөөгө мүмкүн эмес деп жатат. Андан башка да ушактар болуп жаткан, ошого уюштуруу тобун кыйнагым келген жок. Мен эл менен бирге болдум, алар менен сүйлөштүм»,-деп айтты Прохоров журналисттерге берген интервьюсунда.

18:48 Орусиянын ИИМнин билдирүүсүндө митингге катышуучулар саны азайып жатат. Алардын саны 19 миң болду деп кабарлайт РИА «Новости». Эскерте кетсек мындан мурун 29 миң болчу. Ал эми алып баруучулар 100 миңден ашык адам болду деп билдирет

18:40 Би-би-си маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Санкт-Петербургда митинг аяктады. Даннил Клубовдун Би-би-сиге берген интервьюсунда, митингге 4 миңге жакын адам катышкан. Бирок, ИИБнын байкоосунда Петергбургда 1,5 миң митингчилер болгон.

18:37 Митингдин алып баруучусу аянтты курчап турган темир тосмону 50 метр алыс аралыкка жайгаштырууну суранган. Бул тууралуу белгисиз адам «Ридус» маалымат тармагынын кабарчысына айткан. Себеби аянтта 60 миңге жакын адам болгон.

18:35 Би-би-си орус кызматтынын билдирүүсүндө, Нижный Новгород шаарында 20 митинг катышуучусу кармалган. Бирок, азыркы кезде аянттка канча митинг катышуучусу болгону белгисиз.

18:30 Каржы боюнча экс-министр Алексей Кудрин, тез арада президенттик шайлоону өткөрүү боюнча резолюцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

«Мен бул жердемин, себеби мен таза шайлоо үчүнмүн. Мен шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин, шайлоону өткөргөндүр өз жазасын алышы керек. 4-мартта боло турган шайлоону жаңы шартта өткөрсө болот. Бул тууралуу чечим мартка чейин кабыл алынышы керек»,-деп айтты Кудрин.

18:24 Болуп өткөн окуя тууралуу сүрөттөрдү «Ридус» сайтынан көрсөңүздөр болот.

18:10 «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский, шайлоого катышкан байкоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Лидердин сөзү боюнча, байкоочулардын таасири «Таза шайлоо үчүн» кыймылынын жанданышына түрткү болду.

«Биздин максат бийликти жылдырып же башка нерсе кылуу эмес. Качан мыйзам баарыбызга тең болгондо, сот бийлиги акчага эмес өзүнүн кол тийбестигине ишенгенде гана жаңы система болот. Биз башкача система жаратып, эч ким бизди жаман атабашын каалайбыз»,- деп айтты Явлинский.

18:02 Нааразычылык акциясына катышкандардын саны азырга чейин так билинбей жатат-уюштуруучулардын айтымында 120 миң, ал эми ИИМдин айтуусунда 29миң. Би-би-си орус кызматтынын кабарчысы Юрия Маловерьянын айтымында, аянтка миңдеген адамдар келүүнү улантууда.

17:52 «Солидарность» оппозициялык кыймылынын мүчөсү Илья Яшин митингчилерден «Путинге ишенесиңерби»,-деп сурады. Чогулган эл жапырта «Жок»,-деп жооп беришти.

«Эй Кремлде отургандар биз силердин каныңардын төгүлүшүн каалабайбыз, биз көпчүлүкпүз, каршылык көрсөтүүнүн кажети жок. Бизге уурдалган млрдарыбызды, сөз эркиндигин жана шайлоого болгон укуктарыбызды кайтарып бергиле»,-деп айтты Яшин.

17:46 Алып баруучу Ксения Собчак, ар кимдин кол асытында болгон бийликке каршы жаңы кыймыл түзүүнү сунуштады. Бул жаңы кыймылдын лидери катары жазуучу Борис Акунинди, ырчы Юрий Шевчукту жана алып баруучу Леонид Парфеновду сунуштады.

17:40 Сахаров проспетисинде Василий Обломов сөз сүйлөдү. Ошондой эле ал «Мекен эмнеден башталат» атуу ырды ырдап берди. Ошол эле учурда «Радиус» 120 миң митингчилер чогулганын кабарлап жатты.

«Көчөгө чык, шаарыңды кайтар»,-деп Сахаров проспектисинде айтылып жатты.

17:30 «ТАСС» маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, Барнаулдун Советов аянтында өкмөт үйүнүн депутаты Сергей Мамаев жана КПРФ партиясынын эки өкүлү кармалды. Алтай аймагында уюштуруучулардын айтымында 200-300 адам чогулган, бирок мурун 800 адам чогулган деп билдирилген болчу.

17:17 Красноярск шаарында «Таза шайлоо үчүн» атуу митингине 500 чамасындагы адам катышкан,-деп билдирет «Вести.ру» маалымат борбору. Алардын кабардоосу боюнча, Красноярск шаарынын Красная аянтында ЛДПР, КПРФ, «Справедливая Россия» жана «Другая Россия» партиясынын өкүлдөрү жыйналышкан.

17:14 Эскерте кетсек Орусиянын айрым шаарларында митинг болуп бүттү.

Новосибирсктеги нааразычылык акциясында ар кандай билдирүүдөр боюнча 800-3 000 адам чогулган. РИА «Новости» маалымат булагынын билдирүүсүндө нааразычылык акциясы эки саат чамасында болуп өттү.

«Интерфаксатын» билдирүүсүндө, Хабаров жана Комсомольской аянтында акцияга катышуу үчүн 40 адам келген. Бирок, Би-би-си кызматты башка санды билдирүүдө-300 митингчилер.

17:06 Би-би-си орус кызматты өзүнүн кабарчысына таянып, антка 50 миң адам чогулду деп билдирет. Митингге катышуучулар милициялар койгон темир коргонго келип туруп калууда.

Көчө бойлорун ОМОНдор жана корогоо кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Митинг өтүп жаткан жерлерге кирип чыгуу жолдору бекитилген. Садов жактан Сретенской бульварына чейин жол жабылган,- деп билдирет Би-би-си кызматты.

17:00 «Солидарность» кыймылынын жетекчиси Борис Немцов, Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин саясатты реформалоо жөнүндө айткан билдирүүсүнө оппозициянын ишенбестигин билдирди.

Кече 23-декабрда Орусия президентти өкмөт үйүндө, партияларды катоону жеңилдетүү жөнүндө жана талапкерлердин катталышына добуштарды чогултууда жеңилдиктерди киргизүү тууралуу мыйзам долбоор кабыл алды.

16:55 «Интерфакс» маалымат агенттиги билдиргендей, Санк-Петербург шаарында нааразычылык митингине чыккан адамдардын саны 5 миңге жетти.

16:50 Ошондой эле акын Дмитрий Быков катышуучуларды биримдике чакырып сөз сүйлөдү. Азыр чоң аянтка чогулган митингчилер «Путин кызматынан кетсин» жана «Жаңы жылды Путинсиз тособуз» деген аталыштагы лозунгдар менен чыгууда.

16:40 «Радиус» сайты Москва жана Санк-Петербург шаарларында болуп жаткан митингтерди түз эфир аркылуу берип жатат. Ар түрдүү маалыматтарга таянсак азыркы кезде Орусиянын борбордук аянтында 8-10миңдей адам, ал эми Петербургда — 3 миңдей митингчилер чогулушкан. Би-би-си кызматтынын маалыматында алардын айрымдары кармалган.

Митингчилердин колунда- желектер жана плакаттар, ошондой эле «Бизди алдады» деген жазуусу бар шаарларды кармап алышкан,-деп билдирет орус кызматты уюштуруучу Даниил Клубовдун айткан сөздөрүнө таяна.

16:30 «Ридус» маалымат агентигинин билдирүүсүндө, жолдордун четтеринде ар түрдүү тамак аштарды таратуучу пункттар жайгашкан.

16:24 14:13 убактысы боюнча Москва шаарында нааразычылык акциясы башталды. Оппозиция лидери Владимир Рыжков алгачкы сөзүн баштады. Ошондой эле ал, 10-декабрда болуп өткөн митингде коюлган талаптардын бири да аткарылбаганын билдирди,-деп кабарлады Би-би-си маалымат кызматы.

16:10 Аталган сайттын билдирүүсүнө караганда, болуп өткөн шайлоого каршы митигдер Орусиянын жүздөгөн шаарларында болуп жатат. Бир эле Орусиянын шаарларында гана болуп өтпөстөн Европа, АКШ жана Балтика мамлекеттеринде да болууда.

Москва убактысы боюнча митинг 13:00дө башталышы керек болчу. Бирок аянтка кечигип жаткан адамдардын санынан улам митингдин башталуу убактысы жылдырылууда.