Эл аралык кинофестиваль Кыргызстанда болуп өттү

19- 20-декабрда эл аралык фестивалдын алкагында «Фьючер шортс» Бишкекте биринчи жолу болуп өттү. Дүйнөлүк фестивалдын жеңүүчүлөрү Бишкекте кыскаметраждуу тасмаларын, анимацияларын тартуулашты. Уюштуруучулардын айтымында, сунушталган кинотасмаларда «сезимдердин бардык палитрасы» чагылдырылган.

Фестивалдын уюштуруучусу Нэлля Джаманбаеванын айтымында, аталган фестивалды өткөрүү боюнча Лондондук жетекчилер менен сүйлөшүүлөр бир жыл бою жүрүзүлгөн.

Көрсөтүлө турган кинотасмалар Лондондогу башкы кеңседе, атайын калыстар тобу тарабынан тандалып алынат.

Ошондой эле, Оскар сыйлыгынын лауреаты «Сүйүү кудайы» жана Берлинден Алтын аюу сыйлыгынын ээси «Банк алдындагы окуя» аттуу кинотасма фестивалда көрсөтүлдү.

««Фьючер шортс» фестивалына кесипкөй режиссерлордо баштап, үйрөнчүктөргө чейин катыша алышат. Андан сырткары каалоочулар, оператордук ишин жаңы баштагандар өзүнүн тартылган тасмаларын жиберишип, фестивалдын катышуучусу боло алышы мүмкүн»,-дейт Джаманбаева.

Нэллянын айтымында, бул фестивалдын Кыргызстанда өтүшүнө «өтө кубанычта».

Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан бул фестиваль Казакстанда өткөн. Уюштуруучулардын айтымында, акыркы мезгилде ал жерде көрсөтүүлөр болгон эмес.

«Фьючер шортс — эл аралык кыскаметраждуу кинотасма жана анимция фестивалы. Көрсөтүүлөр 17 өлкөдө болуп турат. Көрүүчүлөрдүн саны бир жарым миллионго жетет.

Уюштуруучулар жаз айларында белгилүү блогбастерлердин ремейктеринин бири болгон «Шведе фильмс» кыскаметраждуу тасмалар фестивалын өткөрүүнү пландап жатышат. Бул фестивалда режиссерлор белгилүү тасамлардан, чектелүү бюджет алкагында кыска форматтагы тасма тартып көрсөтүүсү керек.

Эки күндүк көргөзмө

Көрсөтүү 19-20-декабрда болуп өттү. Биринчи күнү көргөзмө жабык иретинде өттүп, ал жерге кыргызстандык режиссерлор жана кино жаатындагы серепчилер чакырылды. Ал эми экинчи күнү кыскыметраждуу тасмаларды жана анимацияны каалоочулардын баары көрө алышты.

Джаманбаеванын айтымында, жабык көрсөтүү учурунда режиссерлор арасында оператордук иш жана тартуу жөндөмү жөнүндө катуу талкулоо болуп өттү. Фестивалда анимациянын көрсөтүлүшү режиссерлорду таң калтырды, анткени Кыргызстанда бул сейрек кездешүүчү жанр болчу.

«Анимация кыргыз режиссерлорунун кызыгуусун жаратты, себеби биздин өлкөдө аниматорлор аз»,-дейт уюштуруучу.

Фестивалда көрсөтүлгөн тасмалар «кызыктуу» экенин режиссер Эмиль Джумабаев жашырган жок.

«Бул тасмалар аркылуу, өзүм үчүн биздин ааламдын түзүлүшү тууралуу маалымат ала алдым, анткени алар ар башка өлкөдөн жана ар түрдүү режиссерлор тарабынан тартылган»,-дейт Джумабаев.

Нэлли Джаманбаеванын айтымында, экинчи күнү эл көп болгондуктан көрүүчүлөргө отурууга жай да калбай калган.

Уюштуруучунун билдирүүсүндө, кинотасма ар түдүү таасир алдында тартылгандыктан, көрүп жаткан көрармандардын да көңүлдөрү өзгөрүлүп жатты.

Көрүүчүлөрдүн бири Анна Рауш мындай фестивалдын Бишкекте өткөрүлүшүнө абдан кубанычта экенин билдирди.

«Мен акыркы мезгиде жаралып жаткан кыскаметраждуу тасмаларды көрүп көзөмөлдөп келем. Болуп өткөн фестиваль мен күткөн нерсени актады»,-деп билдирди Рауш.

«Кыргызстан-кыскаметраждуу тасамалар өлкөсү»

2011-жылдын декабрь айында «Кыргызстан — кыскаметраждуу тасмалар өлкөсү» атуу фестиваль болуп өткөн.

Фестивалда Кыргызстан, КМШ жана Прибалтика өлкөлөрүнөн 25 режиссердун иши көрсөтүлгөн.

Калыстар тобунун чечими менен 2011-жылы тартылган Алижан Насировдун «Суу» кинотасмасы мыкты тасма деп тандалган.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул гуламидин кызы

Авторлор: Оксана Капишникова жана Любовь Исаева