Кыргызстандыктар жаңы жылда каякка барышат?

Таиланд, Араб Эмираты жана Хайнань аралына карата туристтик жолдомолор ноябрь айында эле сатылып кеткен. Ошол эле учурда Кыргызстанга болгон талап тилекке каршы жокко эссе.

Туроператорлорунун маалыматы боюнча Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү — Таиланд, Малазия жана Хайнань аралы кыргызстандыктар арасында өтө белгилүү багыт бойдон калууда. Мурдагы жылга салыштырмалуу Араб Эмираты тургундар арасында белгилүү болуп, каалоочулардын саны өсүүдө.

Туристтик компаниялардын маалыматы боюнча «алгылыктуу» турлар — Бириккен Араб Эмиратына баруу (Дубай) — бир адамга бир жумалык эс алуу 1000-1200 АКШ долларын түзөт. Ал эми, азыркы күндө белгилүү болуп жаткан Таиландка (Бангкок) баруу 1500-1700 АКШ долларын капчыйт. Көрсөтүлгөн сумма, эки тарапка учуп барып келүүнү, ал жакта мейманканада жайгашууну жана эс алууну, андан сырткары ал өлкөгө баруу үчүн виза ачууну жана аба майданынан тосуп алууну өз ичине камтыйт.

«Главтур» турлар боюнча менеджери Эльмира Усманова «Клоопко» берген интервьюсунда, жолдомолор эң көп ноябрь айында сатылганын айтты. Ошол учурда «билет табуу кыйын болду», ал эми декабрдын биринчи эки аптасында Бишкектиктер Түштүк-Чыгыш Азияга болгон бардык жолдомолорду сатып алышкан.

«Азыркыга чейин чалып жолдомо издегендер бар. Бирок, учак билеттерине да , мейманканада орундар да калбай калды. Эгер бирөө жолдомодон баш тартаса, бир-эки орун пайда болушу мүмкүн. Жалпысынан алганда азыркы учурда туристтердин саны өстү»,-дейт Усманова.

«Туристтердин адаты»

Туроператорлордун айтымында, акыркы бир нече жылдан бери Таиланд кыргызстандыктар арасында белгилүү бойдон калууда. Себеби туристер өз адаттарын сактап келет.

«Таиланд быйылкы жылы да мурунку жылга, башка жылдарга салыштырмалуу эң белгилүү, сүймөнчүктүү эс алуу өлкөсү бойдон калууда. Туристтердин көпчүлүгү көнгөн адаты боюнча Таиландка барып жатышат. Арасында үчүнчү, төртүнчү, бешинчи жолу баргандар да бар. Ошого карабастан бул өлкө баарын өзүнө тартып келет»,-дейт «Каравандын» менеджери Оксана Доронкина.

Бишкектин тургуну Владимир жаңы -жылды үй-бүлөсү менен Таиландда тосууну пландап жатканын айтты.

«Жубайым менен Таиландка мурун барып келгем. Мага аябай жаккан. Кийин убакыт болбой жатты. Бул жылы Шри-Ланкага баралы десек билеттер калбай калыптыр, ал эми калган билеттер өтө кымбат экен. Ошондуктан тааныш Таиландка эле барууну чечтик»,-дейт турист.

Владимирдин айтымында, өлкөнүн климаты тандоодо эң негизги фактор болгон.

«Ушундай ызгаар суукта, жок дегенде 10-15 күн жайдын кучагына арбалып, эс алып, мөмө-жемиштерди жегиң келет. Мурдагы сапарымдан ширин ананастардын татымы дале эсимде. Бизде андай даамдагы тропик жемиштерин кездештирүү мүмкүн эмес»,-деп Владимир тандоосун түшүндүрдү.

Кышкы эс алуу

Кыш айларында саякаттоо студенттер жана окуучулар арасында белгилүү бойдон калат.

«Айчүрөк» кыргыз-түрк кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Жибек Барыктабасова, кышкы эс алуусун Араб Эмираттарында — Дубайда өткөрөөрүн айтты.

« Мен «Тезтур» компаниясынын кызматын колдондум. Бардык шарттар — мейманкана, туристтик маршруттар менен саякат 10 күнгө созулат. Мен, апам жана сиңдим менен барабыз. Бул убакытка чейин Дубайга жаз айларында барганбыз, бирок кышында барып көрө элекпиз»,-дейт окуучу кыз.

Журналист жана студент Тимур Токтоналиев кышкы каникулун Түркиянын Стамбул шаарында өткөрөөрүн айтты. Туроператорлордун кызматын колдонбой эле өз алдынча кетип жатканын кошумчалады.

« Мен Стамбулга досума бара жатам, ал жерде жашаганы жай бар. Ошондуктан билет эле сатып алдым. Дубайга жолдомо сатып алайын дегем, бирок 1500 АКШ доллары мен үчүн кымбатка түшүп калат экен»,-дейт Тимур

Тимурдун айтуусунда, ал башка өлкөлөрдү кезип чыгууга кызыгат. Жумушуна ылайык Кыргызстандын бардык жайларында болгон.

Египет Кыргызстандык туристерин жоготууда

Дубай жана Хайнань аралдарында эс алуу Кыргызстандыктар арасында өтө белгилүү болуп жатат. Ошол эле учурда Египетке каалоочулардын саны кескин кыскара түштү. Мындай кыскарууну туроператорлор Египеттеги саясий стабилдүүлүктүн жоктугу менен түшүндүрдү.

Бирок, Египетке барууну каалагандар болсо, алар үчүн виза ачуу маселесин кыска мөөнөттө бүтүрүп берүү кызматты каралган,- дейт туроператорлор.

«Виза берүү азыркы күндө өтө жеңилдетилген, визалар үч күндө эле берилет. Мурун бир топ убакытты талап кылчу. Мисалы, Египет ТИМнин макулдугун алуу жана эки жумалык убакыт керек эле»,-дейт «Карлсон Вагонлит Трэвэл» компаниясынын визалар боюнча адиси Лариса.

Кыргызстанда эс алуу

«Саякат Туризмдин» виза жана турлар боюнча адиси Элиза Мамбеталиеванын айтымында, кардарлардын 70%ы Дубайга жолдомо алышат.

Кыргызстандын ичиндеги турлардын арасында Чүй областынын жана Каракол шаарынындагы лыжа базалары белгилүү бойдон калат . Алмата-Каракол-Алмата аба катамынын ишке киришине байланыштуу Кыргызстанда Казакстандан келген туристердин санынын көбөйүшү ыктымал,- дейт Мамбеталиева.

«Биздин агентикте статистика боюнча чет мамлекетке эс алганы кеткендердин саны каталган, ал эми Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн эс алууга келишет, б.а, кыргызстандыктар учуп кетишсе, чет мамлекеттиктер учуп келишет»,- дейт «Саякат туризмдин» адиси.

Элиза Мамбеталиеванын пикиринде, Бишкектиктер кээде гана Кыргызстанда эс алуу үчүн жолдомо алышат, көпчүлүк учурда жарандар өз алдынча саякатка чыгышат.

«Клооптун» кабарчылары тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында, туроператорлорунун жолдомолорунун көпчүлүгү чет мамлекеттерге кетет, Кыргызстан ичинде эс алуулар көп талап кылынбайт.

Телөө кызмат төмөн деңгээли

Туризм жана инвестициялык саясат боюнча комитеттин төрагасы Замир Бекбоев «Клоопко» берген интервьюсунда, биздин курорттордо тейлөө кызматты өтө төмөн деңгээлде, ошондуктан бул жерде эч кимдин эс алгысы келбейт деп айтып өттү.

Төрага мырзанын айтымында, Бишкектеги лыжа базаларынын инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

«Биздин лыжа базаларыбыздын инфраструктурасы — беш жылдыз, төрт жылдыз, үч жылдыздык даражага жооп бербейт. Ар бир канаттык жолдордун айланасында 2-3 мейманкана болушу керек. Бишкектин тегерегинде 7-8 канат жолдору бар, бирок айланасында бир да мейманкана жок»,-дейт Бекбоев.

Парламентарийдин ою боюнча, Каракол лыжа базасынын шарттары туристтер үчүн ылайыктуу.

«Мейманкаларда бир ай мурун эле орундар калбай калат. Лыжа тээп эс алууну каалагандар көп, аларга шарттарды түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт, ошого байланыштуу туристерди жоготуудабыз»,-дейт комитеттин төрагасы.

Туризм боюнча мамлекеттик кызматтын жоктугу

Парламенттик комитеттин дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун пикиринде, Кыргызстанда туризм секторун тейлөөчү мамлекеттик органдын жоктугу өлкө ичиндеги «жаңы жылдык» турлардын алсыздыгына алып келүүдө.

«Экономика министрлигинин алкагында атайын бир бөлүм түзүлгөн. Бирок, бир бөлүм жетиштүү эмес. Министрликтеги бөлүмдө 2-3 киши иштеп, кыйратып деле иштеген жок. Ошондуктан биз жаңы Өкмөт түзүмүнө Маданият министрлигин алдында туризм бөлүгүн киргизидик. Аталган орган туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иш алып барып, тейлөө кызматтын жакшыртуусу зарыл »,-дейт Бекматов.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор:Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айдай Токоева
Сүрөттө: Тайланд, Ко Самуи аралынын пляжы