Кыргызстандын телеканалдары жаңы жылдык телеберүүлөрүн тактады

НБТ жана НТС Орусия телеберүүлөрүн түз алып көрсөтүшсө, УТРК жана 5- канал жаңы жылдык программаларын тартуулашат. Кыргыз телеканалдарынын көпчүлүгү жаңы жыл түнү өздөрүнүн атайын даярдалган программаларын көрсөтүшөт.

Улуттук телеканал жаңы жылдык берүүлөрүн 31-декабрь күнү эртең менен ажобуз Алмазбек Атамбаевдин катышуусундагы жаңы жылдык балаты көрөтүүсүнөн баштайт.

Бир күн аралыгында УТРК «Ордо сахна»  автордук көрсөтүүсүн, «Брависсимо» музыкалык жана «Көгүлтүр от» мюзиклын тартуулайт.

2012-жылдын башталышына 15 мүнөт калганда,  23:45 убактысы боюнча  президент Алмазбек Атамбаев калайык калкка жаңы жылдык кайрылуусу менен сөз сүйлөйт.

5-канал 31-декабрь күнү көптөгөн авторлук программаларды орус жана кыргыз тилинде көрсөтөт.  Алар: «Дневники репортера», «Пятое измерение», «Один день из жизни», «Очарованный странник», «Точка на карте», «Төртүнчү бийлик» жана «Кабарчынын күндөлүгүнөн».

Андан сырткары көрүүчүлөр «Балаты кайдан алынат» аттуу кинотасмасын, «Биз жашаган өлкө» журналисттин атайын репортажын жана жаңы жылдык жыйынтыктоочу «5 канал менен таң тосуу» берүүлөрүн көрө алышат.

«ЭлТР» коомдук телеканал  өзүнүн үч гана телеберүүсү менен чектелет. Алар, «Кутман таң», Бишкек-Ош  «Жаңы жылым, жакшылыктын жылы бол» түз берүүсү жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары менен биргеликте жаңы жылдык көнцерт.

«Пирамида» телеканалы кыргыз эстрада жылдыздары менен биргеликте тартылган жаңы жылдык концерттик  берүүсүн сунуштайт.

Борбордук телеканал  болгон НБТ 31-декабрь күнү орус телеканалы СТСти толугу  менен түз алып көрсөтөт.

Ал эми НТС телеканалы жаңы жыл түнү Атамбаевдин жаңы жылдык кайрылуусуна чейин НТВ Орусиянын телеканалын маал маалы менен түз алып көрсөтүп турат.

«НТВ телеканалы менен келишим түзүлгөн. Биз алардын телеберүүлөрүн толугу менен көрсөтөбүз. Биз өзүбүздүкүн даярдаган жокбуз»,-деп айтты НТС жетекчилиги.

«Эхо Манас» телеканалынын жетекчилиги, жаңы жыл түнгө эч кандай телеберүүлөрдү даярдабаганын  билдирди.

Кыргызстандын баардык телеканалдары көнүмүш адат катары жаңы жыл түнү баарыбызга белгилүү болгон «Ирония судьбы, или С легким паром!»  орус киносун тартууламакчы.

Көрөрмандардын ой-пикири

Кыргызстандын жаңы президентти Алмазбек Атамбаевдин биринчи жаңы жылдык куттуктоосун эч ким көргүсү келбей жатканын «Дизель» интернет-колдонуучуларынын арасындагы сурамжылоодон кийин айкын болду.

«Жаңы жылдык куттуктоону кимдер көрөт»,-деген тема боюнча сурамжылоодо 156 добуш берүүчүнүн арасынан 38 катышуучу гана президенттин жаңы жылдык куттуктоосун көрөөрү белгилүү болду.

GREENRUN лакап аты менен жазган колдонуучу, «биздин өлкө кандай гүлдөп өсөт жана мен кандай гана жыргап жашайм»,- деп айткан президенттин куттуктоосун угуп көрөйүн,-деп жазган.

Nicholas Aneka атуу дизелчи, Атамбаевдин куттуктоосун албетте угаарын айтып, "Кыргызстандын жаранымын, президенттин айткандары быйылкы жана жаңы жылда боло турган нерселерге тийиштүү болот",-деп билдирди.

Сурамжылоонун арасынан 78 форумчу  Орусия президентти  Дмитрий Медведевдин куттуктоосун угаарын айтышты.

Coraline дизель колдонуучусу, Орусиянын президенттинин куттуктоосун угаарын айтып, «ал аябай күлкүлүү жана толук маалымат берет»,-деп жазган.

«Дмитрий Медведев баарынан кызык сүйлөйт. Анын сөзү таасирлүү, тамаша аралашкан, ошондой эле анын сөзүндө чын көңүлдөн айтып жатканы билинип турат »,-деп жазган Trest дизелчи.

Сурамжылоонун жыйынтыгында 26 колдонуучу телеканалдар аркылуу таптакыр жаңы жылдык кечени  көрбөөсүн билдиришкен.

«Мен эч кимди укпайм. Ал убакта уктап жаткан болом»,-деп жазат  pang.
Ал эми дагы бир дизелчи бардык нерседен алыс карманаарын билдирди.

Сүрөттү:  «Ирония судьбы, или С легким паром!» кинотасмасынан бир үзүм эпизод.
Которгон жана редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Элмурат Аширалиев жана Любовь Шевченко