Мурда айдоочулар автоунаалардын ашыкча жүгүнө акча жыйымдарына нараазы болгондуктан чектөөлөр алып салынган. Азыр бийлик ашыкча салмакка акча албасын деген чечимге келишүүдө. Ага айдоочулар "паракорчулук күчөөрүн" айтып нааразы болушууда.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин өзүн тааныштыргысы келбеген кызматчысы 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстандын сырткы жана ички жолдорунда жүк ташуучу жүрүүчү, чоң унаалардын салмагына чектөө коюлган токтом кабыл алынгандыгын билдирди. Анын максаты "жолдордун сапатын сактап калуу".
Ошондой эле ал бул токтом толук кандуу иштөө үчүн атайын жүк ташыган автоунааларга тараза алынат. Эгерде автоунаанын жалпы салмагы чектен ашса, "айып төлөнбөгөндүгүн" да белгиледи.
"Ошол жерден (жолдо же чек арада) жүгүн түшүрүш керек же башка унаага жүктөш керек. Андан ары өткөрбөйт. Ал (айдоочу жүктү) эмне кылып алып кетишти өзү билет, ал (жүк) өзүнүн менчиги",—деп түшүндүрдү министрликтин кызматкери.
№ 707 2011-жылдын 10-нобрындагы токтомдун өзгөртүлөөр жана толуктоолордун негизинде транспорт каражаттары эң жогорку чектен ашпаш керек: эки мостуу автоунаа-18 тонна, үч мостуу автоунаа-24 тонна.
Бул токтом бир гана сырткы жолдордо эмес, өлкөнүн ички жолдорунда жүрүүгө мүмкүн эместигин, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана айрым ишкерлер, айдоочулар менен кеңешип мындай чечимге токтолгондугун айтты.
Ошондой эле чек арада ушул эле министрликтен салмак жана бажы көзөмөлдөөчүлөр болот. Ал эми ички жолдордо муниципалдык транспорт өзү көзөмөлдөй баштайт.
"Парокорчулук күчөйт"
Жеке ишкер(бизнес кылган) Айбек Атабаевдин оюнда, бул токтом "парокорчулукту күчөтөт".
"Көпчүлүгү жүк ташып товар менен иштеп жатышпай бы. Курулуш материалдары кымбаташы мүмкүн. Паракорчулук сөзсүз күчөйт",—деген оюн билдирди Айбек.
Айбектин сөзүнө Кызыл-Киялык айдоочу Нурмуханбет Исаков кошулду.
"Айдоочу көп чыгым коротсо, азык-түлүктүн да баасы көтөрүлөт. Сөзсүз түрдө паракорчулук күчөшү мүмкүн[...] Баарибир айдоочулар нааразы болуп чыгышат",—деди айдоочу.
Ал эми жеке ишкер Муратбек Сатинбаевдин оюнда, бул токтомдун кабыл алганы Кыргызстандын жолдорунун "сапатын сактап калат".
"Эгерде масштабдуу ойлонгондо, өзүбүздүн өкмөттү, жолдорду ойлосок анда бул зарыл",—деп айтты Сатинбаев.
Бирок ошол эле учурда жеке ишкерлерге зыян алып келээрин да белгиледи.
"Бизге товар канчалык көптөн келсе ошончолук арзан болмок. Эгер товар канчалык аздан ташылса анын баасы
ошончолук көтөрүлөт",—деп кейииди Сатинбаев.
Айдоочу Нурбек Сабиров мындай мыйзам зарыл экендигин билдирди. Бирок ал да паракорчулук күчөрөөрүн айтты.
"Чектөө коюлса жакшы болот. Бирок баары бир акча таштап өтүп кетип жатышпай бы. Жол үчүн бул токтом зарыл. Канча жылдан бери каттайм күндөн-күнгө бүдүрлөрү көбөйүп жол оорлошуп баратат. Мурдагы Ош-Бишкек жолу жок",—деп сөзүн жыйынтыктады Сабиров.
Редактор: Айзат Шакиева