Светин өчүрүлүшү Бишкек тургундары арасында нааразычылыкты жаратты

Бишкек шаарынын кичирайондору  алты күндөн бери пландалбаган свет өчүрүүлөрдөн жабыр тартууда. 24-декабрда Бишкек тургундары үйлөрүндө светин жоктугунан улам,  Манас проспектисинин Айни көчөсү менен кесилишкен жерин  тосуп алышкан. Бийлик өкүлдөрү светин өчүрүлүшүн «токко болгон кубаттуулуктун күчтүү болуусу менен»  түшүндүрдү.

«Кньюс» кабар агенттигинин маалыматы боюнча, светин берилүүсүн талап кылган 150гө жакын митингчилер  24-декабрда  «Манас» университетинин районундагы жолду  тосуп алышкан.

Жашоочулар электр энергиясынын жоктугунан улам Айни көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн лифти иштебей калгандыгын айтып нааразы.

«Менин үйүмдө свет жок. Эки күндүн биринде эле светти өчүрүп коюшат. Лифт иштебейт. Үй суук, баары  ачка. Үйдө  атайын жылыткыч турат, бирок ал свет жоктугунан иштебейт»,-деп нааразы болду Мырзабек.

Көп кабаттуу үйдүн тургундары светин  өчүрүлүшүн 2008-жыл менен салыштырып келет. Бирок, ал учурда  бийлик өкүлдөрү жок дегенде эскертип турушчу эле деп кыжырданышууда.

Манас университетти тарапта жашаган Алла апа светин 12-15 саат аралыкта жок болгонун айтып арызданды.

«Ашыкча энергия колдондуңар дейт. Бирок биз акча төлөп жатпайбызбы. Мисалы, мен жылыткыч колдонбойм,  үйүмдө  кир жуучу машина, муздаткыч жана телевизор эле иштейт. Мен ашыкча электроэнергия колдонбойм»,-дейт пенсионер айым.

Мындан мурун бийлик өкүлдөрү, Бишкек тургундарынын ашыкча электроэнергия колдонгонунан  трансформаторлор ысып кетүүдө жана аларды муздатуу үчүн убактылуу өчүрүүгө туура келээрин айткан.

«Трансформатор ысып кетсе, ошол участокту бир жарым эки саатка өчүрүп жатабыз. Мындай абал бир топко чейин болушу мүмкүн,»-деп билдирди «Түндүкэлектронун» басма сөз кызматы.

«Клооптун» кабарчысы, 25-декабрда кечки саат тогуздар чамасында Кызыл-Аскер районунда Чүй проспектисинин жашоочулар тарабынан тосулгандыгын  маалымдап өттү.

Ошого карабастан интернет колдонуучулар шаардын ар кайсы райондорундагы свет өчүрүүлөр тууралуу кабарлап жатышат.

«20-декабрда Алмата көчөсү менен Жибек Жолунун айланасында 10.00-17.00гө чейин свет жок болгон. Бүгүн эртең менен бирде өчүрүп бирде күйгүзүп жатышат. Чыгыш-5 районунда  бир күн бою свет болгон жок. ТЭЦ азырынча жакшы»,-деп билдирет anastasena колдонуучусу.

Кээ бир колдонуучулар «Түндүкэлектронун» «ашыкча колдонулуп жатат» деген пикирлерине күмөн саноодо. Алардын ою боюнча, электроэнергия коңшу өлкөлөргө сатылып жатат.

«Өз жарандарын светсиз калтырып, коңшу өлкөлөргө чеги жок электроэнергия саткандарды түшүнө албайм? Жаңы жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн акчаны кантип өз чөнтөктөрүнө салууга колу барат?»,-дейт  zoom лакап атындагы колдонуучу.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Элдияр Арыкбаев