Январь айынан баштап Ош шаарында жаңы үлгүдөгү светофорлор орнотулат

Ош шаарынын 20 көчөсүнүн кесилишинде жаңы светофорлор орнотулат. Мэриянын айтымында, орнотулган светофорлор жол кыймылын тартипке салат. Жаңы светофорлорду орноштуруу идеясын Ош шаарынын тургундары колдошту.

2012-жылдын январь айынын соңуна чейин шаардык 20 светофордун алмаштырылышы күтүлүүдө, ошону менен бирге Ош шаарынын негизги көчөлөрүндө жаңы үлгүдөгү электрондук светофорлор жайгаштырылат.

Жаңы үлгүдөгү светофорлор электрондук эсептегичи менен айрымаланып, секундамер орнотулган. Секундамер арты карай эсептеп отуруп, нөлгө жеткенде светофордун башка түсү жанат. Бул айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу.

Ош шаарынын мэриясы жана ЮСАИД эл аралык өнүктүрүү программасынын алкагында аталган долбоор ишке ашырылып жатат.

Ош шаардык мэриясынын эл аралык байланыштар комитетинин директорунун орун басары Табылды Нурбаевдин айтуусунда, долбоордун алкагында светофорлорду алмаштыруу жөнүндө жүрүгүнчүлөр жана айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүлөөрүн билдирди.

Нурбаевдин ою боюнча, светофорлорду алмаштыруу — жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуусуна жана жүргүнчүлөргө жакшы жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ош шаарынын ИИБ Жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгынын (ЖККБ) жетекчиси Шайырбек Шакировдун айтымында, азыркы иштеп жаткан светофорлордун мөөнөтү эбак эле бүткөн, анткени алар 1978-жылы орнотулган.

Шакировдун айтуусунда, шаар ичинде 38 светофор бар, анын ичинде экөө иштебейт. Мындан сырткары дагы 10 светофор орнотулушу керек.

«Эгер жаңы светофорлор орнотулса, эскилери оңдоого берилет, оңдолгон соң башка көчөлөрдүн кесилиштерине орнотулат. Эгер жарык өчүп калса, светофорлор батарейка жардамында иштеп жарыксыз деле иштей берет»,-деп билдирет Шакиров.

«Свет өчүп калса электрондук светофорлор өзүнүн батарейкасы менен иштей берет»,-дейт ЖККБнын жетекчиси

2011-жылдын башынан тартып электрондук светофорлор Бишкек шаарында колдонулуп келет.

Светофорлор төмөнкү көчө кесилиштеринде жайгаштырылат:

1. Курманжан Датка – Джин;
2. Курманжан Датка – Асранкулов;
3. Курманжан Датка – Ломоносов;
4. Курманжан Датка — Баялинов;
5. Курманжан Датка — Абдыкадыров;
6. Курманжан Датка — Айтиев;
7. Курманжан Датка — Навои;
8. Курманжан Датка — Мамажан;
9. Курманжан Датка — Заднепровск;
10. Ленин — Джин;
11. Ленин — Абдыкадыров;
12. Ленин — Айтиев;
13. Масалиев — Абдыкадыров;
14. Масалиев – Монуев;
15. Масалиев – Навои;
16. Масалиев – Заднепровск;
17. Шакиров — Монуев;
18. Раззаков — Беш Куприк;
19. Раззаков— Касымбеков;
20. Осмонов — Абдыкадыров;

Бул долбоорду ишке ашырууга 196 миң АКШ доллары керектелет. Анын 156 миң АКШ доллары ЮСАИД тарабынан бөлүнүп берилет. Жаңы светофорлор кайдан сатып алынаары азырынча белгисиз.

«Эбак эле орнотуш керек эле»

Ош шаарынын тургундары, светофорлордун эбак эле алмаштырылыш керектигин айтышты.

Өрт өчүрүүчү Сагынбек Орозалы уулу, жаңы светофорлордун орнотулаарын билгенде кубангандыгын айтты.

«Мындан ары жүргүнчүлөргө жолду өтүү ыңгайлуу болот. Эми эрежелерди сакташыбыз керек. Антпесе, жарандар светофорлорду карбай эле, авто унаалардын көптүгүнө маани бербей жолдордон өтө беришет»,-дейт «Клоопко» берген интервьюсунда Сагынбек мырза.

Таксист Кубанычбек Балтабаев, жүргүнчүлөр каалаган жеринен эле жолду кесип өтө берерин айтты.

«Светофорлор орнотулгандан кийин жагдай өзгөрөт деп ишенем»,-дейт таксист.

Дагы бир таксист Аскар Насирдиновдун айтымында электрондук светофорлордо убакыт так көрсөтүлөт.

Студент кыз Гүлкайыр Мамытова, светофорлордун алмаштырылышы «өтө керектүү болчу» деп билдирди.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: АкпараликызыАйжамал