Хроника: Ош шаарынын аба майданында учак күйүп кетти, 25 адам жеңил жаракат алды [18:24]

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын самолету Ош аба майданына конуп жатып күйүп кетти. Каза болгондор жок, 25 адам жеңил жаракат алды. Бишкек-Ош каттамдары токтотулду. Авария боюнча транспорт прокуратурасы тергөө ишин жүргүзөт.

18:24 Кулаган учактын жүргүнчүлөрүнүн бири Чолпон Абдусалиева «Клоопко» берген интервьюсунда, учак бир эле дөңгөлөгүнө конуп көңтөрүлүп кеткенин айтып берди.

«Баш аламандык башталып кетти. Чуркап чыгып, учактан алыс кетүүгө аракеттендим. Анан тез жардам келди, бир сааттай күттүк го»,-дейт жүргүнчү айым.

18:14 Шаардык оорукананын башкы врачы Абдижалил Муратовдун айтымында, 12 жарадар адам кайрылды. Бир эркек жана эки айым мээси чайкалгандыктан больницага жаткырылды.

Ош областтык балдар ооруканасынын башкы врачы Абдисамин Анарбаевдин маалыматында 7 бала медициналык кыймыл алууга кайрылган, анын ичинде 7 айлык ымыркай мээнин чайкалышы менен жана 19 жаштагы жигит больницага жаткырылды.

17:11 Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында 26 адам, анын ичинде 12си шаардык больницада, медициналык жардам алууга кайрылышты.

Ош областтык балдар ооруканасына 2 бала мээси чайкалып жөнөтүлдү.

16:58 Өкмөттүн басма сөз катчылыгы аварияны иликтөө үчүн биринчи премьер-министр Аалы Карашевдин жетекчилигинде атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөндүгүн маалымдады.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов «бул окуя авиа учуулардын коопсуздук системасын текшерүүгө жышаан» деп белгилеп кетти.

«Клооптун» кабарчыларынын маалыматында УККнын кызматкерлери конуу тилкесинден учактын калдыктарын жыйыштыра башташты.

16:27 Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров Твиттердеги блогунда «премьер-министр Өмүрбек Бабанов Ош шаарына бармакчы болду» деп маалымдады.

«ПМ Өмүрбек Бабанов Ош шаарына бармакчы болду. Ошто аба ырайынын оңолушун гана күтүп жатат, анткени аба майданы азырынча эч бир учакты кабыл албайтат»,-дейт Каназаров.

16:17 Кыргызгидромет борборунун маалыматында кечке жуук аба ырайы оңолуп кар токтойт. Бирок Ош шаарында туман түшөөрү күтүлүүдө

16:13Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында ТУ-134 учагынын авариясында 88 адамдан 25и жарадар болду.

Азыркы учурда 16 адам больницага ар кандай жаракаттар менен (мээнин чайкалышы, жеңил урунуулар) жөнөтүлдү.

Аба майданында жүргүнчүлөрдүн абалын медиктер текшерип жатышат.

15:56Ош шаарынын аба майданы учак каттамдары 18.00гө чейин токтотулду деп маалымдады.

15:50 Ош шаардык ооруканасынын травматологиялык бөлүмү аба майданынан жаракат алгандар келип башташты деп маалымдады. Жарадарлардын абалы «орточо» деп бааланууда.

Жаракат алгандардын так саны жана «оор» жарадарлардын болгону азырынча тастыкталбады

15:47 «Кыргызстан» авиакомпаниясынын өкүлү жана Ош аба майданынын директорунун орун басары Козубаев Юлдаш рейстин алдында учак текшерүүдөн өткөндүгүн маалымдады. Авариянын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамы азырынча белгисиз.

15:22 Учактын «катуу конушу» авриянын себептеринин бири катары каралып жатат дейт АКИпресс кабар агенттиги.

Бүгүн Ош шаарына Жарандык авиация департаментинин жана «Кыргызстан» авикомпаниясынын өкүлдөрү учуп бараары белгилүү болду.

15:05 Аба майданындагы «Клооптун» кабарчысынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүлгөндөн кийин самолет экиге бөлүнүп калды.

Транспорт жана байланыш министрлигинде «шашылыш чогулуш» өтүп жаткандыгын министрликте эч ким тастыктабады.

14:48 .Учак коноордун алдында «SOS сигналын берип, учактын бузуктугу болгондугун айткан»,-деп «Вечерний Бишкек» өзүнүн булагына шилтеме жасап өттү.

Гезиттин сайтында, «маалыматтар боюнча учак жердин тайгак болгондугунан кулады» деп жазылган.

14:40 Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, 69 жүргүнүчүнүн ичинен 18и жеңил жаракат алган.

Айдар Окенов Твиттердеги блогунда «учак конуп жатканда оң дөңгөлөгү сынып, бир канаты жерге түшүп калды» деп жазган.

14 :33 «КирТАГ» кабар агенттигинин маалыматы боюнча, «Кыргызстан» авиакомпаниясынын Ту-134 учагынан эки адам — экипаждын бир мүчөсү жана бир жүргүнчү жаракат алды.

14:26 «Кньюс» кабар агентигинин маалыматы боюнча, учак конуп жатып «жерге урунган»

«МК Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов Фэйсбуктагы баракчасында Бишкек-Ош рейсинде эки учак аварияга кабыл болгондугун жазды.

«Бир самолет конуп жатып күйүп кетти, ал эми экинчиси Ош аба майданына коно албай кайра Бишкекке учуп кетти. […] жаракат алгандардын арасында кичине балдар бар дешет күбө болгондор»,-дейт Бабакулов

Жаракат алгандардын саны такталууда

14:18 «Кыргызстан» авикомпаниясы учактын күйүп кеткендигин моюнга алган жок, бирок толук маалыматы болбогондугун айтып өттү.

Уметалиев Твиттердеги блогунда «Бишкек-Ош рейстери кечигип жатат» деп жазып чыкты.

14:15 Ош шаарынын аба майданынын администрациясы түшкө жакын учак конгондугун тастыктады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да бул маалыматты тастыктап, куткаруучулар иштеп жаткандыгын кошумчалап кетти.

ИИБнин басма сөз кызматы авария болгон жерде УККнын кызматкерлери иштеп жатканын маалымдады.

«Кыргыз Концепт» компаниясынын директору Эмиль Уметалиев Твиттердеги блогунда учак «кулады» деп жазды.

«Ош аба майданында №QH3 каттамындагы «Кыргызстан» авикомпаниясынын  учагы кулады. Азыркы маалыматтар боюнча жарадарлар жок»