Кыргызстанда электроэнергияга болгон бааны бекитүү маселеси дагы курчуду

Электр энергияга болгон бааны бекитүү боюнча мыйзам долбоору азыркы кезде божомолдуу түрдө кабыл алынып, Жогорку Кеңеште каралууда-муну депутаттар каалап жатат. Укук коргоочулар жана экономистер өздөрүнүн ой -пикирлеринин белгилүү болуп кетишинен коркуп, энергия тармагын эркин базар баасына өтүшүн сунуштайт.

Мыйзам долбоорду сунуштаган «Республика» партиясынын депутаты Урмат Аманбаева, электрэнергияга болгон баанын кескин жогорулашынан улам, 2010-жылы ынкылап болгон,- деп эсерип өттү.

«Ушул себептен улам, баардык тарабын жана анын акыр акыбетин терең изилдөөдөн соң гана тарифтердин ар түрдүү өзгөрүүлөрүн кабыл алыш керек»,-деп жазылган Аманбаева жана анын кесиптештери тарабынан даярдалган сунуштамада.

Депутаттардын ою боюнча, эгерде тарифтердин баасы алар тарабынан макулдашылса, анда «мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгынын тең салмактуулугу» сакталат.

22-декабрда болуп өткөн отурумда аталган мыйзам долбоорун 78 депутут колдоого алды. Эми бул өзгөртүүнүн экинчи жана үчүнчү отурумдан өтүүсү калды.

14 депутат каршы добушун берген-алардын арасындагы «арнамысчы» Эсенгул Исаковдун билдириминде, электрэнериясына болгон бааны бекитүү аткаруу бийлигинин-бул деген өкмөттүн милдетти болуп эсептелет. Ошондой экен парламент бул процесске аралашпоосу керек.

Бирок, электроэнергиянын баасы чоң ролду ойногондуктан, бир жактуу чечим чыгаруу мүмкүн эмес,- деп көпчүлүк депутаттар өздөрүнүн оюн билдиришти.

«Жылуулук энергиясына жана электроэнергияга болгон тариф жеке ишканалардын жана калктын негизги каржы катмарын түзүп, анын өзгөрүүсү республикалык бюджеттин негизин тең салмактуулука алып келип, республиканын социалдык-экономикалык абалына бир топ маанилүү таасир берет»,-деп жазат авторлор өзгөртүү киргизүүчү сунуштамада.

Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетовдун ою боюнча, тарифти жөнгө салууда парламенттин катышуусу бир жагынан жакшы болсо, бир жагынан терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Калмамбетовдун айтуусунда, жакшы жагы бул- «жоопкерчиликтин бирдейлигин»эске алып, Жогорку Кеңештин калк алдында жооп берээрине түрткү болсо, экинчи тараптан тарифтин парламент тарабынан бекитилиши көп убакытты талап кылып, бирдиктүү бекитилишинин талашын жаратат.

Баалар эркин болуусу керек

Кыргыз экономистеринин арасында бул талаштын таламын талашпаган жана эки жакка тең аралашпаган тараптар да жок эмес.

Бишкек деловой клубунун жетекчиси Азис Абакировдун айтуусунда, электрэнергияга болгон бааны өкмөт же парламен кабыл албастан, базар баасы тарабынан бекитилиши шарт.

«Биздин өкмөт электроэнергиянын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө ылайыктуу эмес»,-деп билдирди ал.

«Электроэнергияга болгон баа базар баасы тарабынан бекитилүү керек. Жеке ишкерлердин өз алдынча экономиканы көтөрүүгө кудуретти жетет»,-деп билдирди жетекчи.

Ал эми, Борбор азиялык эркин базар институтунун серепчиси Азиз Иса, парламент тарифтик бааны аныктообоос керек,-деп билдирет.

Азыркы кезде дагы деле Кыргызстанда электроэнергияга болгон баа туруктуу эместигин жана анын баасы татаалдашып баратканын кошумчалап өткөн Азиз Иса, «Биздин парламент боло бермей чечимдерди кабыл ала беришет»,-деди.

Өкмөт тарабынан тарифтердин жогорулашына ишенбестигин билдирген серепчи тарифтерге болгон бааны жеке ишкерлер коюшу керек деп билдирет.

«Эгер бүгүн тарифтерди жогорулатса-мен төлөгүм келбейт. Себеби эмне болоорун мен билем. Жумшак айтканда жөнү жок жыйынтыксыз коротулат»,-деп айтты Иса.

Жеке менчиктештирүү-баанын көтөрүлүшү

Абакиров сыяктуу Азиз Исанын ою боюнча, электроэнергиянын менчиктештирилиши баанын жогорулушуна алып келет.

«Эгер жеке менчиктештирүү болсо, жакшы башкаруу келсе-албетте баанын жогорулашы болот. Бааны жогорулатпаса анда долбоор жөнөкөй эле күчсүз болуп жокко чыгат»,- деп билдирди серепчи.

Жеке мечиктештирүүнүн баасын жеңилдетүү үчүн Иса, энергиясекторуна болгон салыкты 10 -15 жыл аралыгында жеңилдетүү керек. Себеби инвестор өзүнүн короткон акчасын кайра кайтарып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү зарыл,-деп билдирди.

«Азыркы кезде Кыргызстанда ар тараптуу иштердин болушу инветорлорду чочутуп коюшу ыктымал»,-деп айтат Иса.

28-декабрда болуп өткөн минэнергонун байкоочулар кеңеши тарабынан өткөрүлгөн чогулушта, мамлекеттик жеке шериктештиктин максатын энергетика министри Аскарбек Шадиев колдоого алды.

Ал мисал катары ОсОО «Электрокубаттынын» ишин эске алып, бул ишкана Бишкек шаарына караштуу эң көйгөйлүү «Ак-Жар» жаңы конушун камсыздап келээрин билдирип, ОсОО «Электрокубат» иш канасы «Түндүкэлектрого» караганда аз чыгым кылаарын билдирди.

Энергетика министрлигинин орун басары Автандил Калмамбетовдун билдирүүсүндө, мамлекеттик жеке шериктештиктигинин өнүгүүсүндө, баалу кагаздардын (акциялардын) көпчүлүк бөлүгү өкмөттө болуусу абзел.

Жарыкты өчүрүү боюнча талаштар

Акыркы эки жума аралыгында Бишкек калаабызда жарыктын бат-бат өчүрүлүшү борбордо болуп өткөн нааразычылыктын себеби болду. Ошондой экен электроэнергия азыркы тапта кризиске учурап баратат.

Кыргызстандагы эң чоң энергия бөлүштүрүүчү «Түндүкэлектро» болуп өткөн бат-бат өчүрүүлөрдү каттуу суук болушунан улам, кубаттуулук менен камсыз кылуучу станцияларга күч келгендиги менен түшүндүрдү.

Ошондой болсо да акыркы бир эки жылдын аралыгында энергетикага болгон баа өскөн жок. Бир гана Курманбек Бакиевдин мезгилинде, 2010-жылы январь айындагы баанын жогорулашы нааразычылык акцияларын күч алдырып, бийликттин алмашуусуна түрткү болгон.

Бакиевдин орудна келгендер тарифтин мурунку абалында калышына шарт түзгөн. Бирок серепчилердин айтымында, ал баа электроэнергиянын айрым салыктарын эсек албоонун негизинде бекитилген

Юрист Нурбек Токтакунов таң калуу менен карап, «убактылуу бийлик өкүлдөрү тарифтин мурунку баасын калкка кайтаруу менен айрым нерселерди эске алган эмес»,-деп жазат өздүк блогунда.

Токтакуновдун билдирүүсүндө, энергетика министрлиги эмки жылдан тартып тарифтерди жогорулатууну пландап жатышат жана өкмөт сөзсүз түрдө бул тууралуу коомук талкуулоо өткөрүүсү зарыл.

Анын айтымында, эгер жаңы толкун чыга турган болсо күнөлүүнү табуу кыйын болот.

«Эгер биз жарыксыз, жылуулуксуз кала турган болсок, азыркы кезде энергияны бөлүштүрүү менен алектенип жаткандар же күнөлүүлөр акырын кана ишти калып коюп чет мамлекеттерге качып кетиши мүмкүн», -деп айтты ал

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин жетекчиси Айгүл Султанкулованын айтымында, электроэнергиянын өздүк баасы учурдагы тарифтерден жогору. Бирок, азырынча бааларды жогорулатуу планда жок.

Министрликтин айтымында тарифтер акырындык менен көтөрүлөт. Бул тууралуу так сандарды жана баанын жогорулашу жөнүндө азырынча министрлик эч кандай маалымат бере албайт.

Энергетика министрлигинин орун басары Автандил Калмамбетовдун «Клоопко» берген интервьюсунда, калктын бардык катмарына электроэнергия толугу менен жеткирилгенде гана тарифтердин өзгөртүү жөнүндө маселени көтөрсөк болот. Мындан сырткары. Тарифтердин көтөрүлүшүнөн «калктын катмары жабыр тартпашы керек» деп кошумчалап кетти.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редакторы: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айгуль Турдугулова