Оштун бир топ жаштары тажиядагы чыгымдарды кыскартууну сунуш кылууда


Ош мериясынын алдындагы жаштар комитети, "маркумдарды акыркы зыйнатка узатуудагы артыкча каражат кетирүүгө каршы" мыйзамдолбоорун кабыл алууну сунуштап жатышат. Бул демилге боюнча юристтер ар кандай ойлорун билдиришти.

Мэрия алдындагы жаштар комитетинин мүчөсү Тургунбек Жумаевдин айтуусунда, кыргыз эли "төмөн" экономикалык абалына карабастан тажияга "артыкча каражат кетирүүдө". Ошондуктан «акылдуу жаштар» бул боюнча «токтотуу жана түшүндүрүү» иш аракеттерин Оштун айылдарында жүргүзүүдө. Андан соң жаштар комитети кол топтоо иштерин баштайт.

Бирок айрымдары мындай иш чараларды туура түшүнбөгөнүн да Жумаев билдирди.

«Кээ бири туура түшүнсө, кийинкиси мени эмне кедей деп ойлойсуңарбы же эмне колуман келбейт дейсинерби, дешти жана дагы ошончо элден бир бузуку чыгып, бузуп аны көпчүлүк угуп кетип калышат»,—деп кейиди ал.

Ошондой эле азыркы учурда элдин жумушсуздугунан да мындай мыйзамдолбоорун иштеп чыгуусун зарылдыгын белгиледи.

"Элде акча жок, мейли аш бер, бирок кан чыгарып, өзүнүн экономикалык абалын төмөндөтпө дейбиз. Болбосо өзүбүздүн эле айылдагы эле адамдар, мисалы бей бечара болсо, анын ошо койун жеп кетишет. Андан көрө ага бир кыйла жардам болмок",—деп нааразы болду Жумаев.


"Шариятка туура келбейт"

Оштун тургуну Данияр Сыдыков бул демилгени колдойт. Жана мындай ашыкча чыгымдарды коротуу шариятка да "дал келбестигин" билдирди.

"Буга чейин деле бул нерселер айтылып, бирок иш жүзүнө ашпай келет. Ошого мыйзамды кабыл алып адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, элдердин баары эле макул болот[...].Сөзсүз эле жылкы сой же болбосо мал сой деп шариятта айтылган эмес",—деп оюн билдирди Данияр.

Оштогу борбордук мечиттин имамы Каныбек Жусуповдун айтымында, мусулмандарга мал же жылкы союп кан чыгарып маркумдарды узатууга "шариятта көрсөтүлгөн эмес".

"Кыргыздын менталитетиндеги салт менен шариятты аралаштырып болбойт. Бул жерде союулуп аткан нерселер биздин ата-бабаларыбыздан калган салт",—деди имам.

Ал эми мугалим Нурила Шакированын айтуусунда, кыргыз эли ар түрдүү каада салтарды тутунуп келүүдө жана ушул салтты улам "ашынып барат, беш кол барабар эмес".

"Кээ биринин колунда бар, кай биринде жок. Ошондуктан ушу коомбузда ушундай жат көрүнүштөргө карата кабыл алынган жалпыга бирдей мыйзам кабыл алынса жакшы болмок",—деди мугалим

Догдур Гүлүмкан Касымованын мындай демилгеге "бейтараптык" менен карайт. Оң жана терс жактары бар деп билдирди.

"Анан бизде баягы өлүм-житимге кеткен чыгымдардын баарын тең кыскартып койгонго да болбойт. Биздин менталитетке да туура келбейт. Анан бирок кээ бирлери ашыра чаап эле тойдон да артыкча кылып өткөзгөндөр болот да, бул туура эмес",—деп эсептейт Касымова.

Юристтердин ою

Юрист Назгуль Суюнбаеванын билдиргенине караганда, тажиядагы чыгымдарды кыскартуу боюнча сунуш демократиялык өлкөдө "туура келбестигин билдирди". Ар бир адам өзү "каалагандай каражат кетирип, каалагандай өткөзөт".

"Эгер мыйзам кабыл алса ага кандай чара көрүлөт, мен туура эмес деп эсептейм. Ар бир мыйзамдын, ар адамга өзүнүн кедергиси болот",—деп айтты юрист.

Ал эми юрист Нурбек Исмаилов кесиптеши менен макул эмес. Демократиянын принцибтерине эч кандай "залалдыгын" келитирбейт деген оюн билдирди.

"Ушундай эле көп каражат кетирип той кылам десе, административдик чаралар көрүлөт. Штрафтын негизиндеби кылмыш катары деле эсептелбейт, анан ушул нерселерге макул болсо анда [мыйзамды] өткөрө берет",—деп сөзүн жыйынтыктады Исмаилов.

Cүрөттүн автору: Асель Таланбекова
Редактор: Айзат Шакиева