Каракол-Алматы каттамдарынын билеттери бир жума алдын сатылып кеткен

Алмата-Каракол каттамдарынын билеттери 7-январга чейин сатылып кеткен. Бул каттам 2-декабрда ачылып, Казакстан жарандары арасында өтө белгилүү болгон. Каракол мейманканалары эки жума алдын буюртмаланып, бош орундар жок.

«Компас Тур» агенттигинин өкүлү Малик Исхаковдун айтымында, Караколдо эс алуу казакстандыктар арасында «абройлуу»

«Мындай абройлуулуктун негизги себеби эс алуучу жайда жолдордун ар түрдүүлүгү жана асма жолдорунун бар болгонунда»,-дейт Исхаков.

Турагенттиктин өкүлүнүн айтымында, эгер бул сапар байсалдуу болсо, анда кийинки каттамдарда эки учак кызмат кылып, коңушулаш өлкөнүн башка шаарларынан да каттамдар болушу мүмкүн.

Каракол-Алмата-Каракол авиа каттамы Караколдун тургундары арасында да белгилүү.

«Көптөгөн чалуулар түшүп, кызыгуулар артты, ар бир каттамда Караколдон 10 жүргүнчү бар»,-дейт Исхаков.

«Мейманканаларда бош орун жок»

« Green Yard» мейманканасынын менеджери Тимур Аглашовдун айтымында, 7-январга чейин алардын мейманканасынын бардык бөлмөлөр толук болуп,бош эмес.

«Жалпысынан алганда баары Казакстан жана Орусиянын жашоочулары»,-дейт Аглашов.

«Монарх» мейманкансынын кызматкери да, 7-январга чейин бош бөлмөлөрдүн жок экендигин айтып өттү.

«Лыжа базасын көрүүгө келген жарандардын көбү Орусия жана Казакстандын тургундары, алар 4-5 күнгө келип эс алууга келишет»,-дейт мейманкананын кызматкери.

«Амир» мейманканасынын көзөмөлдөөчүсү Сабина Кербишованын маалыматында, мейманкананын бөлмөлөрү орусиялык жана казакстандык тургундар менен толо жана 8-январга чейин бош эмес.

«Каркыра» мейманканасынын кызматкери да, бөлмөлөр 10-январга чейин бош эместигин билдирип, «көпчүлүгү Бишкектиктер» деп билдирди.

«Негизги кардарлар — туристтер»

Караколдогу «Факир» кафесинин көзөмөлдөөчүсү Шахноза Абдыкадырованын айтымында, негизги кардарлар бул-туристер, бирок алардын арасында шерине уюштурган туристтер да кездешпей койбойт.

«Бир гана Казакстандыктар эле эмес, америкалыктар да кафеге келип турат. Алар да корпоративдик кечелерди өткөрүшөт. Азырынча бизде да бош эмес»,-дейт Абдыкадырова.

«Зарина» кафесинин көзөмөлдөөчүсү Марина Кислатованын айтымында, туристер да келип турушат, бирок көбүнчө Бишкектин тургундары келишет.

«Албетте күтүп калуулар болбойт, бирок кээде бардык кардарларды тейлөөгө жетишпей калабыз»,-дейт Кислатова.

«Биздин кафеге ар кайсы мамлекеттен келген туристтер келишет. Кээде алар тарабынан уюштурулган кечелерин да тейлейбиз»,-дейт «Руслан» кафесинин кызматкери.

Лыжа базасына келген туристтер керектүү жабдыктарды жана кийимдерди Караколдун дүкөндөрүнөн сатып алышат.

«Биздин буюмдарды Казакстан жана Орусиядан келген туристтер сатып алышат, бирок быйылкыга караганда, былтыр көп сатып соодабыз жакшы болгон болчу»,-дейт «СпортМастер» дүкөнүнүн кызматкери.

20 жыл ичиндеги туруктуу биринчи авиа каттам.

20 жыл аралыгындагы алгачкы авиа каттамды кабыл ала баштаган Каракол аба майданы оңдолуп түзөлгөн соң, 2-декабрда ачылган.

Эгер кыргыз-казак чек арасындагы убакытты эске албаганда, Алматадан Караколго авто унаа менен 9 саатта жетүүгө мүмкүн. Ал эми учак бул аралыкты бир жарым сатта басып өтөт.

Авиа каттам бир аптада эки жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү учуп конот.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Азат Рузиев