Радиологдор көмүр сатылып жаткан жерлерде текшерүү ишин жүргүзүшөт

Адисттер сатылып жаткан көмүрлөрдүн радиоактивдүүлүгүн текшерүүнү пландап жатышат. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, көмүр Кыргызстанга 2011-жылдын сентябрь айында алынып келинген.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык тескөө департаментинин тапшырмасы боюнча, радиологдор көмүр сатылып жаткан жерлерде текшерүү жүргүзүшөт.

Бишкектин жаңы конуштарындагы жашоочулардын радиоактивдүү көмүр менен ууланышы текшерүүлөлдүн жүргүзүлүшүнүн себеби болду.

«Калыс Ордо» жаңы конушунун тургуну Асыл Кадыркулованын айтымында, анын балдары Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүрдөн ууланып, каза болгон.

«Үй -бүлөм ууланганда, тез жардам чакырдык. Чакырылган тез жардам көмүр газы менен ууланган,- деген бүтүм чыгарып беришти. Бирок, мындай көрүнүш мурун болгон эмес да. Баары сапатсыз көмүрдөн болуп жатпайбы»,-деп айткан Кадыркулованын сөздөрүн «Кньюс» кабар агенттиги маалымдайт.

Бирок, саламаттык сактоо министрлиги «Калыс Ордо» конушунун тургунунун өлүмү менен алып келинген көмүрдүн ортосунда эч бир байланыш болбогондугун билдирет.

«Асыл Кадыркулованын балдары 2010-жылдын декабрь айында истен ууланып каза болгон (лабораторияда тастыкталган), ал эми радиоактивдүү көмүр Бишкекке 2011-жылдын сентябрь айынды гана алынып келинген»,- деп саламаттык сактоо министрилгинин басма сөз катчылыгы түшүндүрүп берди.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов, Казакстандын Кулан айылынан сатып алынган 8 тонна көмүр жөнүндө маалымдаган. Кийинчерээк түзүлгөн атайын комиссия бул маалыматты тастыктаган.

ТЭЦтин кампаларында радиоактивдүү көмүр азыркыга чейин сакталууда. Бийлик өкүлдөрү бир ай ичинде бул маселени чечүүгө сөз берип, жакынкы аралыкта көмүр чыгарылаарын билдирди.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев