Орусиядагы "Таза шайлоо үчүн" митингинин кийинки акциясы 4-февралга жылдырылды

Орусияда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыктарына каршы массалык митингдердин уландысы 4-февралда Москвада болот. "Фэйсбук" коомдук тармагында акцияга катышууга чакырган топ да пайда болду.

Митингчилер, 4-мартта болуп өтүүчү президенттик шайлоого бир ай калганда Садовое кольцо жана Жаңы Арбат чоң көчөлөрү аркылуу марш менен өтүүнү пландаштырууда.

"Биздин добуштарды уурдап алганына эки ай болгондон кийин, ал эми президенттик шайлоого бир ай калганда, 4-февралда кайтып келебиз. Кайра жолугушуу үчүн идеалдуу күн",-дейт "Фэйсбуктагы" топтун баракчасында.

Топ 30-декабрда түзүлгөн.  2-январга карата 9000 миңден ашуун адам митинге келүүгө макулдугун билдирген.

Азыркы учурда митингдин уюштуруучулары нааразычылык акциясын өткөрүүнү так белгилей алышпай талашууда. Орусиялык "Новости" кабар агентигинин маалыматында акцияны 4- же 5-февралда өткөрүлөөрү так чечиле элек.

"Бир күндү так чече албай жатабыз. Садовое кольцодон баштап, Тверь көчөсү аркылуу, Манеж аянтынан Лубянка аянтына чейин марш менен өтөлү деп ойлоп турабыз",-деп жазат "Новости" кабар агенттиги оппозициянын лидерлерини бири Борис Немцовдун сөзүн .

"Жекшемби күн акция өткөрүүгө ылайыктуу, анткени Москвада бул күнү авто унаалар, коомдук транспорттор аз болот, москвалыктар үчүн да ыңгайлуу",- деген Немцовдун оюн Би-би-си маалымат булагы кабарлады.

Акциянын башка катышуучулары митингди 4-февралда өткөрүүнү сунуштап жатышат.

"Ушул күнү 1990-жылы Москвада чоң марш өткөн. Катышуучулар СССРдин Конституциясынын "КПСС советтик коомдун негизги жана багыт берүүчү куралы" деген 6-беренесин жокко чыгарылышын талап кылышкан",-дейт Би-би-синин орус тилдүү кызматы.

24-декабрда Сахаров проспектисиндеги митингде оппозициянын лидерлери – Борбордук шайлоо комитетинин төрагасы Чуровдун кызмат ордунан кетишин жана шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып – резолюция кабыл алышты. Уюштуруучулардын маалыматында митингге 100 миң адам катышты, ал эми расмий маалыматтар боюнча 29 миң адам келген.

Шайлоолордогу эрежелердин бузулушун иликтей турган атайын комиссиянын түзүлүшүн, партияларды каттоо жөнүндө мыйзамдын өзгөртүзүлүшүн, саясий туткундардын бошотулушун демонстранттар талап кылышты. Мындан сырткары, 2012-жылдын 4-мартында өтө турган президенттик шайлоодо Владимир Путинге бир дагы добуш бербегиле деген кайруу таркатылды.

Азыркы күндө резолюциянын бир дагы пункту аткарылган жок.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев