Бийлик кумарканалардын лицензияларын чакырып алууда

Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматы 25 кумаркана жана 35 оюн автоматтар жайларынын лицензияларын кайтарып алган. Бирок оюн автоматтар жайлары жабылууга шашылбайт. «Дизель» форумунун колдонуучулары оюн автоматтар жайлары  дагы эле иштеп жатат деп билдирет.

Финансылык тескөө кызматынын төрагасы Юрусдан Тойчубеков, 30-декабрда кумарканалардын жана оюн автоматтардын лицензияларын кайра кайтарып алуу жөнүндө буйрука  кол койгон.

Бул тизмеге республика боюнча 25 кумаркана жана 35 оюн автоматтар жайлары кирген.

«2012-жылдын 1-январынан тартып кумар оюндарын ачууга жана оюн жайларын уюштурууга болгон  лицензияларын кайра кайтарып  алуу менен аны жокко чыгарууга  буйрук берем»,-деп айтылат расмий буйрукта.

Ошого карабастан ордо калаабызда тизмеге түшпөй калган  кээ бир оюн автоматтары дагы эле иштеп жатат.

Мисалы, Киев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги үч оюн автоматтар жайы:  «Вулкан», «Бонус» жана «РиО» мурунку калыбында  иштеп жатат.

«Диллинджер» казиносу жабылгандыгын маалымдады.

«Astra Club» оюн автоматтар залынын кызматкери телефон аркылуу, «бүгүн кечинде» же болбосо «эртең» ачылабыз,-деп билдирди.

Башка казино жана оюн автомат жайларынан маалымат алуу мүмкүн болбоду.

Финансылык тескөө кызматынын басма сөз кызматы макала жазуу учурунда жеткиликсиз болду.

«Катрандар жабылган жок»

«Дизель» форумунун колдонуучулары Бишкектеги оюн автоматтар жайлары дагы эле иштеп жаткандыгын кабарлап жазышууда.

Uric аттуу форумчу  Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн автоматтар залы иштеп жатканын жазган.

«Оюн автоматтар, аба чимириктери эмнеге иштеп жатышат? Жабылыш керек эле да!!»,-деп нааразы Uric.

Aibek_84 колоднуучусу да «катрандар (оюн автоматтар залы) жабылган жок» деп кабарлайт.

«Оюн клубдары дагы эле иштеп жатат»,-дейт Akbar92 аттуу колдонуучу.

«Дизелчи» Erik Kaziev кайсы бир казинонун кызматкерлери менен сүйлөшкөнүн, алар жабылууга даярданып жатканын айтып өттү.

Депутаттар мыйзам кабыл алышкан

29-сентябрда Жогорку Кеңеш «Кумар оюндарын уюштуруу ишкердигине тыйуу салган» мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Бактыбек Джетигенов, казино жана оюн автомат жайларынын болушу, кумар оюндарынан көз каранды болгондордун психикасына терс таасирин тийгизет дейт.

Дастан Бекешев жана Ширин Айтматова мыйзам долбоордун кабыл алынышына каршы чыгып, казино жана оюн залдары «көмүскөгө» кетип калышы мүмкүн деп билдирет.

Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева да мындай демилгени колдоп, жеке видео-блогунда казинолор коомго «терс» таасирин тийгизээрин билдирген.

Мыйзам кабыл алынган күнү казино жана оюн автоматтар жайларынын ээлери жана кызматкерлери митинг өткөрүшкөн.

700дөй адам митингге катышып, эгер кумарканалар жабылса 15 миңдей адам жумушсуз калаарын айтышкан.

Оюн-зоок комплекстер ассоциациясынын юристи Элдияр Мамыров, 26-декабрда КирТАГ кабар агенттигине «мыйзам талап кылгандай кумарканалар 1-январдан жабылат» деп маалымдады.

«Кыргызстандын калкынын социалдык-экономикалык абалына оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнүн таасири» аттуу Эркин рынок Орто Азия институтунун отчетуна таянсак, мамлекет оюн-зоок комплекстеринин жабылышынан 16 миллиард сом жоготот.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Улугбек Акишев