"Гугл" интернет-сервиси башкы баракчасын өзгөртөт

Издөө сервиси "Гуглдун" башкы баракчасындагы кара панель жакынкы күндөрү боз Гугл логотипи менен алмаштырылат жана Гуглдун башка жети тейлөө сервистерине шилтемелер ачылат.

Жаңы өзгөртүлгөн башкы баракча Гуглдун англис тилдүү колдонуучуларына жетиштүүGoogle.com . Ал эми кыргыз тилдүү версиясында азырынчы эч бир өзгөрүү боло элек.

 

"Дайыма жаңылануу жана алдыга умтулуубиздин компаниянын философиясы. Эгерде "гуглдун" мурунку версиясы менен азыркы башкы баракчасын салыштырсак, маал-маалы менен болгон өзгөрүүлөр жыйынтык алып келгенин байкайсыздар",-деп Би-би-си маалымдады "Гугл" компаниясынын өкүлүнүн сөзүн.

«Дэвис Мёрфи Груп» компаниясынын  аналитиги  Крис Гриндин ою боюнча, "Гуглдун" адистери башкы баракчанын минималдуу жана жөнөкөй дизайнын сактап калууга аракеттенишет.

Башкы баракчадагы дизайнында "Гугл" башка сервистериндеги шилтемелерди калкып чыккан менюга киргизип койду.

Мындай өзгөрүүлөр гуглдун сервистерине кирүүнү татаалдаштырып, мурун шилтемени бир эле жолу басуу жетиштүү болсо, азыр эки жолу басуу керек.

Серепчилердин айтымында, башкы баракчанын өзгөртүлүшү компания үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, анткени башкы баракчада шилтемелердин азайышы жарнактарды көбүрөөк жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

«Биз издөө тармагын жакшыртууну жылдап иштеп чыгабыз. Бирок башка көз карашта ашыкча жардамдар тоскол кылбайт»,-деп Гринанын сөзүнүн кабарлайт Би-би-си кызматты.

2009-жылы "Гугл" башкы баракчасынын дизайнын патенттеп алган, башкача айтканда издөө сабын баракчанын ортосуна жана анын алдына эки кнопканы жайгаштыруу идеясынын автордук укуктары Гугл компаниясына гана тиешелүү.

Мурдагы жылдын сентябрь айында "Гугл" компаниясы издөө жыйынтыктарын көрсөтүү тизмесинде өзүнүнү жеке товарларын жарнамалап келет деп күнөөлөнгөн.

"Гуглдун" жетекчилер кеңешинин төрагасы Эрик Шмид, мындай айыптарды четке кагып, компания мындай кадамга эч качан барбайт деген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев