Финансылык тескөө кызматы январдын аягына чейин бардык кумарканаларды жабууга сөз берди

Финансылык тескөө кызматы оюн-зоок жайларын январь айынын аягына чейин жабууга сөз берди. Бишкек шаарынын ИИБ кызматкерлеринин текшерүүсүндө, тыюу салынганына карабастан беш казино жана үч оюн автоматтар залы иштеп жаткандыгы белгилүү болгон. Сурамжылоонун натыйжасында беш казинонун ичинен үчөө «азырынча жабылбасын» билдирген.

Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматынын жөнгө салуу бөлүмүнү башчысы Рустам Жоробеков, январь айынын аягына чейин «бардык оюн-зоок жайлары жабылат»,-деп билдирди.

Бардык мамлекеттик органдар 9-январда ишке чыккандан соң, казино жана оюн-зоок жайларынын толугу менен жабылуу иштери жүргүзүлөт,-деп кошумчалап өттү Жоробеков.

Жоробековдун айтымында, финасылык тескөө кызматы - мыйзамдын демилгечиси депутат Бакытбек Джетигеновго укук коргоо органдарынын кызматы, финполиция жана финансылык тескөө кызматкелери менен биргеликте атайын комиссия түзүү керектиги жөнүндө расмий кат жиберген.

«Казинолордун ээлери мыйзам аларга залакасын тийгизбей айланып өтөт деген үмүттө. Бирок бардык кадамдарыбызды мыйзам чегинде жасайбыз»,-дейт Жоробеков.

« Тыю салганга карабай иштешүүдө»

1-январдан баштап Бишкек ИИБ оюн-зоок жайларынын жабылгандыгы тууралуу текшерүү ишин жүргүзүүдө.

Шаардык ИИБнин басма сөз кызматынын маалыматында, «3-январда, тыюуу салынганга карабастан 5 казино жана 3 оюн-зоок жайлары иштеп жатышкан».

Тизмеге төмөндөгү оюн-зоок комплекстери кирген:
―«Дружба» казиносу ;
―«Десперадо» казиносунун көзөмөлдөөчүсүнүн айтымында, аларга расмий түрдө эскертүү болгон эмес.
― «Астория клубу»;
― «Мэри» казиносу ;
― «Монте-Карло» казиносу;
―«Ташрабат» казиносу ;
―«Добрый Жук» оюн автоматты .

Текшерүү ишин жүргүзгөн топ, иштеп жаткан казино жана оюн-зоок жайларынын жетекчиликтери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, «Кумар оюндарын уюштуруу ишмердигине тыюуу салган» мыйзам менен тааныштырып өттү.

Кумарканалар ишмердигин улантууда

«Клооптун» кабарчылары- өзүн кардар кылып тааныштырып, шаардык ИИБнин тизмесинде көрсөтүлгөн оюн-зоок жайларында сурамжылоо жүргүзүштү.

«Ташрабат» казиносу «эки күндөн бери 24 саат бою» иштеп жаткандыгын айтты.

«Монте-Карло» казиносунун кызматкери, алардын кумарканасы иштеп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле көңүл ачууу борбору январдын биринде да, үчүндө да иштеген.

«Астория клуб» автоматтык оюн жайы менен байланышкан учурда телефондун ары жагында шыбырашып трубканы коюп салышты. Ал эми «Мэри» клубу 1-январдан тыю салынгандыгына карабастан иштеп жаткандыгын айтты.

«Добрый жук» оюн автомат түйүнү 1-январдан бери иштебей жаткандыгын айты.

Макаланы жарыялоо учурунда «Дружба» жана «Десперадо» казинолору жеткиликсиз бойдон калды.

Лицензияларды кайтарып алуунун башталышы

«Кумар оюндарын уюштуруу ишмердигине тыюу салуу» мыйзамы 1-январдан тартып күчүнө кирген. Ал эми бийлик кумарканалардын лицензияларын чакыртып алууну баштады.

Лицензияларын чакыртып алуу боюнча тизмеге 25 казино жана 35 оюн автомат залы кирген.

Парламен депутаттары тарабынан 29-сентябрда «Кумар оюндарын уюштуруу ишкердигине тыйуу салган» мыйзам долбоору көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган.

Мыйзамдолбоорунундемилгечиси«Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Бактыбек Джетигенов, казино жана оюн автомат жайларынын болушу кумар оюндарынан көзкаранды болгондордун психикасына терстаасирин тийгизет,-деп билдирет

Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева да мындай демилгени колдоп, жеке видео-блогунда казинолор коомго «терс» таасир тийгизип жатат деген.

Казино жана оюн автомат жайларынын ээлери жана кызматкерлери мыйзам кабыл алынган күнү митинг өткөрүшкөн.

700дөй адам митингге катышып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы болушкан. Ошондой эле, эгер кумарканалар жабылса 15миңдей адам жумушсуз калаарын билдиришкен.

Эркин рынок Орто Азия институтунун «Кыргызстандын калкынын социалдык-экономикалык абалына оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнүн таасири» отчетуна таянсак мамлекет оюн-зоок комплекстеринин жабылышынан 16 миллиард сом жоготот.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Алимбаев Нурмухаммед