Жаңы жыл алдындагы жаңжал өлүм менен аяктады

Жаңы жылдык майрамдын алдындагы катталган кылмыштын бири, жубайлардын жаңжалы болгон, уруш-талаштын кесепетинен жолдошу жубайын өлтүрүп, өзүн атып салган.

Ички иштер министрлигин маалыматы боюнча, жубайлар жаңы жылга эки күн калганда урушуп кетишкен. Жубайы 3 баласын алып айылдагы туугандарына кетип калган.

31-декабрь күнү кечинде, жолдошу үйгө келип жубайын бир жолу атып жиберген. Тилекке каршы, айым ооруканага бараткан жерде каза болгон.

Балдарын кайра үйгө алып келген жолдошу өзүн-өзү атып салган. Үч бала жетим бойдон калды.

ИИМдин басма сөз катчылыгынын маалыматында 31-декабрдан 1-январга караган түндө республика боюнча 183 мыйзам бузуулар катталган, алардын ичине 1 талап тоноочулук, 4 мал урдоо жана 5 ууручулук болгон.

Олуттуу мыйзам бузуулар катары 31-декабрдан 1-январга оогон түндө эки мушташ катталып, жыйынтыкта бирөөсү каза болгон.

Жаңы жылдык түндө башка күнгө салыштырмалуу кайрылуулар көбүрөөк болду дейт ИИМдин дежурдук бөлүмү.  Ага инспектордун айтымында бардык мыйзам бузуулар күнүмдүк турмуштук себепке ылайык болгон .

30-декабрдан 1-январга чеийн жаңы жылдык түндө милиция кызматкерлери «күчөтүлгөн режимде» иштешкен.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Медер Сманов