Троллейбус башкармалыгынын  электр энергиясына болгон карызы миллиондон ашкан

Бишкек Троллейбус башкармалыгынын электр  энергиясына болгон карызы 2 миллион 868 миңге жеткен. Карыз азыркы кезде аз аздан төлөнүп жатат. Бул туурасында “Тундукэлектро” (ААК), Бишкек Троллейбус башкармалыгына бир нече жолу эскертуу билдирген. Эгерде карыз өз убактысында төлөнбөсө Түндүкэлектро электрэнергия менен камсыздоону токтотот.

2011-жылдын декабрь айында энергия менен камсыздоону Түндүкэлектро токтотууну пландап жаткан. Бирок Троллейбус башкармалыгы карызды төлөөгө убакыт берүүсүн суранган.

Троллейбус каттамдарынын энергиясын өчүрүү 2011-жылдын 16-декабрында андан кийин 27-декабрына пландалган болчу. Түндүкэлектро ишканасынын орун басары Тилебалды Жаныбаевдин айтуусунда, карызды төлөө убактысы 500 миң сом төлөнгөндөн кийин дагы узартылган.

Жаныбаевдин билдирүүсүндө, энергия менен камсыз кылуу качан токтотулары азырынча белгисиз.

Бишкек шаардык вице-мэр Төрөбек Имашевдин "Клоопко" берген интервьюсунда, Троллейбус башкармалыгына мэрия тарабынан атайын акча каражаты бөлүнүп турат. Ал бөлүнгөн акча каражатын аталган иш кана өздөрү каалагандай сарпташат.

Өз учурунда төлөнбөгөн карыз

«Троллейбус башкармалыгынын электр энергияга болгон карызы 3 миллиондон ашкан. Бирок азыркы күндө карызын аз-аздан төлөп баштады- биз аларга мумкунчулук берүүдөбүз» - деп билдирди «Клоопко» берген интервьюсунда «Тундукэлектро» (ААК)нун мудурунун орун басары Жаныбаев Тилебалды.

Троллейбус башкармалыгынын аткаруучу мудуру Айдаров Каныбектин айтуусунда, жергиликтуу бюджетте акча жоктугунан улам карыз төлөнбөй келет.

«Бюджетте акча жок болгондуктан убагында төлөй албай жатабыз. Кардарлардан түшкөн каражат карызды толугу менен жаба албайт. Айдын аягына чейин төлбөсөңөр электр кубаттуулугу менен камсыздоону токтотобуз деген эскертуу келген » - деп айтып өттү Айдаров.

Түндүкэлектронун билдирүүсүндө, электр кубатына болгон карыз шаардык мэриянынын жергиликтуу бюджетинен төлөнүшү керек.

«Эгерде карыз убагында төлөнбөсө троллейбустардын жүрүү каттамы токтотулушу мумкун» - дейт Түндүкэлектро мүдүрүнүн орун басары.

Вице мэр Төрөбек Имашовдун айтымында, троллейбус башкармалыгына берилип жаткан электр кубаты өчүрүлөт, бирок троллейбуc каттамына эч кандай таасирин тийгизбейт, каттам мурдагыдай эле жүрө берет.

«Башкармалыктын имаратын электр энергиясы менен камсыздоо токтотулат. Бирок троллейбус зымдарын кубаттулук менен камсыздоо токтотулбайт»,-деп билдирди Вице мэр.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы