«Боинг 737-500» үлгүсүндөгү жаңы учак кеңейтилип, орундар кошулат

“Кыргызстан” авиакомпаниясы аба транспортун 5 миллион 800 миң долларга  узак мөөнөт ижарага сатып алды. Жаңы келген учак 110 орундуу болуп, Кыргызстанга Англиядан алынып келинген. Компания учактын калган толук төлөмүн 2 жыл ичинде кайтарып берүүсү керек. «Боинг 737-500» аттуу учак жакынкы күндөрдө 132 орундуу болот.

 «Кыргызстан» авиакомпаниясынын башкы мүдүрү Бектурганов Жолдошбектин билдирүүсүндө, «Алынып келинген учак 110 орундуу, бирок азыркы кезде 132- орунга чейин кеңейтилүү пландаштырылууда, ал иш чара атайын адистер тарабынан жүргүзүлөт жана адистер гана жасай алат».

 Кыргызстанга алынып келинген жаңы учакка дагы 22 орун кошулуп, 21-жыл кызмат көрсөтөт.

Кыргызстан авиакомпаниясынын жетекчисинин айтуусунда, кошумча орнотулган орундуктар эч кандай коопту эмес, бул кадимки эле көрүнүш. Аталган учактын кубаттуулугу кошулган орундуктарга   ылайыкташтырылат.

 «Учак 110 орундуу болуп, ички жасалгалары жана анын техникалык абалы канаттандыраалык экенин адистер айтышты. Аба транспорту 19 жыл Европанын өлкөлөрүндө колдонулган, ал дайыма авикомпаниянын техникалык көзөмөлүндө болот»,-деп унаа жана байланыш министрлиги кошумчалап өттү.

 «Бул жөнөкөй нерсе эмес да, каалагандай чоңойтуп- кичирейте бергендей, ар бир буроосуна олуттуу мамиле кылыш керек» - дейт авиакомпаниянын мүдүрү.

 Замандын талабына ылайык учакта бизнес-класс жана эконом-класс тейлөөсү болот.

 «Бизнес-класс менен эконом-класстын тейлөө суммасы каттамдарга жараша өзгөрүп турат. Кыргызстан ичиндеги каттамдарда 50-100 АКШ доллар айырма болот, ал эми сырткы каттамдар азыркы кезде так белгилене элек, каттамга жараша болот» - деп кошумчалады Бектурганов.

 Жакында дагы эки учак алынып келинет

 «Бир айдан кийин эки учак алынып келинет, алардын бирөөсү Венгрияда жасалып жатат. Авиациялык эрежелерге жана шарттарга туура келсе самолетту алууну максат кылып турабыз» - деп билдирди Жолдошбек Бектурганов.

 Унаа жана байланыш министри Калыбек Султановдун айтымында, « Бул самолет компаниянын экинчи учагы. 2012-жылы дагы эки чоң учак алганы турабыз. Аларды январь, февралда алып келиши керек. Ошондо төрт самолет болот.

 Унаа жана байланыш министрлигинин интернет сайтында көрсөтүлгөндөй,  бүгүнкү күндө Кыргызстанда 17 авиакомпания бар. Алардын ичинен 14тү кызмат кылып келишет.

«Кыргызстан», «Итек Эйр», «Avia Traffic Company» иш каналары жүк ташуу жана жарандарды жеткирүү кызматтын көрсөтүшөт. Ошондой эле алар ички жана тышкы каттамда катташат.

 Азыркы учурда өлкөдө 91 учак катталган. Анын 70и учак болуп, 26сы жарактуу, калган 44тү жараксыз. Ал эми 21 верталет болуп, 13ү жарактуу, калган 8и жараксыз.

Авиакомпания

Түрү

Саны Кенендиги Эскертүү
1 Кыргызстан

ТУ154М

2

164

жарактуу

2 Кыргызстан

ТУ134А

1

76

---

3 Кыргызста В737-40

1

146

жарактуу
4 Кыргызстан АН24 1 48 жарактуу
5 Кыргызстан

Кинг-Эйр

1

жарактуу

6 Авиа Траффик Компани

ВАЕ146

2

84

жарактуу

7 Авиа Траффик Компани

В737-300

1

148

жарактуу

8 Авиа Траффик Компани

АН24

1

48

жараксыз

9 Эйр Бишкек

А-320

3

158

жарактуу

10 Эйр Бишкек

В737-300

1

148

жарактуу

11 Клик Эйрвейс

ИЛ76

1

Жүк ташуучу 40 т.

жараксыз

12 S Group Aviation

ИЛ18

1

Жүк ташуучу 10 т.

жарактуу

13 Sky Kg

ИЛ18

1

Жүк ташуучу 10т.

жарактуу

14 ӨКМ КР

МИ-8

1

24

жарактуу

15 Аэростан

Ми-8

АН26

2

1

5,5 т.

жарактуу

Редактор: Айгул Гуламидин кызы