Бийчи Атай Өмүрзаков сахнадан кетти

Атай Өмүрзаков эл аралык турнирлерге жана конкурстарга мындан ары катышпоосун билдирди. Кыргызстандын бийчи жигити өздүк бий мектебин ачып жана өзүнүн «Тумар» атуу тобу менен тыгыз иштешүүнү пландаштырууда. Эскерте кетсек, Атай Өмүрзаков Словакияда болуп өткөн эл аралык бий конкрсунун жеңүүчүсү.

Белгилүү кыргызстандык бийчи жигит Атай Өмүрзаков 2012-жылдан тартып сахнадан кетээрин билдирди, ошондой эле мындан ары эл аралык мелдештерде катышпаарын айтып өттү.

«Мен өз иштерим менен алектенүүнү чечтим. Жеке бизнесимди баштап, өзүмдүн студьямды ачып, өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө жардам бергим келет. Бул үчүн убакыт керек. Эгер мен эл аралык меледештерде, бий конкурстарында жүрө берсем аларга убакыт таба албай калам»,-дейт Өмүрзаков.

Азырынча Атайдын кайсыл жерде бий мектебин ачаары белгисиз.

Ошондой эле Өмүрзаков, «Тумар» атуу өзүнүн бий тобун чоң сахнага чыгаргысы келгендигин кошумчалап кетти.

2011-жылы «Тумар» бий тобу австралиялык «Минута славы» мелдешинде бийлеп келген.

Атай Өмүрзаковдун айтымында, азырынча чыгармачылыгын таштабайт.

Атайдын жеңиши

Эскерте кетсек КМШ өлкөлөрүндө атактуулукка жетишкен Атай Өмүрзаков орусиялык «Минута славы» телешоуна катышып, экинчи орунга ээ болгон.

Андан кийин Атай бир нече эл аралык конкурстарга катышып, 2011-жылдын аягында Братиславада өткөн «Чехия жана Словакиянын таланттары» аттуу бийчилер конкурсунда жеңишке жетишкен.

Атай азыркы учурда бир айдан кийин болуп өтчүү «Украина маэ таланты» конкурсунун финалына даярданып жатат.

Атайдын Братиславадгы бийи:

www.youtube.com/watch

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдос Казыбеков