Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчиси Жаныбек Бакчиев «Ата Журт» партиясынын коалициядан чыгышы менен кызмат ордунан бошотулду. Анын ордуна орун басары Болот Жунусов убактылуу милдет аткаруучу болуп дайындалды.

9-январь күнү премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жарлыгы менен мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду.

Бакчиев, «Ата Журт» партиясынын коалициядан чыгышы менен мамлекттик катоо кызматындагы ордуна калуу туура эместиги жөнүндө премьер-министрге кайрылуу каттын жазган.

«Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүлдү. Мени бул кызматка сунуштаган жана көрсөткөн «Ата Журт» партиясы коалицияга кирбегендиктен, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси катары калышым моралдык жана этикалык жактан туура эмес деген пикирдемин»,-деп жазган Бакчиев премьер-министрге жиберген катында.

Жаңы коалициянын түзүлүшүнө чейин «Атамекенчилер» Бакчиевди экс- төрага Ахматбек Келдибеков  менен биргеликте жеке учакта Астрхань шаарына барып келгендикте күнөөлөшкөн.

Жогорку Кеңештин отурумунда Бакчиев, орусиялык шаарга болгон сапарын танган жок, ошондой эле эч кандай бюджеттик каражат коротулган эмес деп билдирген.

« Ал жакта эмне кылганым, эмне менен алектенем бул менин жеке ишим деп эсептейм»,- деп жооп берген парламенттик отурумда Бакчиев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп Бакчиевдин орун басары Болот Жунусов дайындалды. Министрлер кабинетинин түзүлүшүнө чейин Жунусов МККнын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп иштейт.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев