2012-жылы күйүүчү май Кыргызстанга кошумча төлөмү жок алып келинет

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев, кошумча төлөмдөрсүзү (пошлинасыз) күйүүчү майлуу заттарды (КМЗ) алып келүү келишими 1-январдан күчүнө киргендигин билдирди. Орусия мурдагы жылдын жай айларында экспорттук сырьелорго төлөмдөрдү киргизгендиктен, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон талап күч алган.

Ассоциациянын жетекчисинин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы келишим боюнча 2012-жылы Орусия Кыргызстанга күйүүчү майлуу заттарды кошумча төлөмдөрсүз экспорттоп турат.

Бир жылдын аралыгында 1 тонна КМЗ алынып келинет. Бул көрсөткүч мурдагы жылдан 150 миң тоннага көп.

Акенеевдин айтымында келишим «көп жылга» макулдашылган. Келишим боюнча КМЗ Казакстан Республикасы аркылуу алынып келинет.

«Келишимге мурдагы жылдын декабрь айында кол коюлушу керек болчу. 19-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Орусияга барып 850 миң тоннанын ордуна 1 миллион тонна КМЗ жөнүндө макулдашып келген»,-деп айтты Акенеев.

Акееневдин айтымында, 1-январдан баштап алынып келе башталган күйүүчү май 2012-жылдын аягына чейин өлкөбүзгө жеткирилип турат.

Эскерте кетсек, 2011-жылдын май айында Кыргызстан жана Таджикстанга экспортолуучу күйүүчү майларга Орусия төлөм баасын киргизген. Ошонун негизинде эки өлкөдө тең күйүүчү майга болгон баа жогорулаган.

Бирок Алмазбек Атамбаевдин премьер-министр катары күйүүчү май маселелерин чечүү үчүн Москвага болгон расмий иш сапарынан кийин Орусия Кыргызстанга карата кошумча төлөмдөрдү алып салууну туура көргөн.

Таджикстан азыркы күнгө чейин күйүүчү майга болгон төлөм баасын алып салуу боюнча Орусия менен бир келишимге келе албай жатат. Ошол себептен башка өлкөлөрдөн алардын арасында Кыргызстнадан контрабанда жолу менен бензин жеткирилип жатат.

«Ата журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев, Кыргызстандын түштүгүнөн Таджикстанга контрабанда жолу менен бензин жеткирилип жатканы тууралуу айтып өттү.

«Эмнеге өкмөт контрабанда жолу менен алып өтүүнү токтото албайт? Эгер контрабандага каршы эч бир кадамдарды жай албаса, мындай бийликтин бизге эмне кереги бар?»,- деп Ташиев нааразычылыгын билдирди.

2011-жылдын декабрь айында «Азаттык» кабар агенттиги Кыргызстандан Таджикстанга мыйзамсыз түрдө бензин жеткиририп жаткандыгы тууралуу макаласын жарыялаган.

Макалада «Эр Айдоочу» жана «Жаңы Күч» мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү тарабынан, «президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Өмүрбек Бабановдун контрабандага тиешеси бар»,- деген сөздөрү берилген.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов, айыптардын баарын четке кагып, контрабандага тийешеси бар деген чоңдордун баары кызмат ордунан четтетилген,- деп айтып өткөн.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Авторы: Нурмухаммед Алимбаев жана Владислав Галуничев