Алкоголдук психоздон Бишкек жараны каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында 31-декабрдан 9-январга чейин Реабилитациондук наркология борборуна 104 оорулуу кайрылган. Оорулунун бирөө алкоголдук психоздон каза болгон. РНБга орто эсеп менен жылына 3500 оорулу кайрылат.

Министрликтин басма сөз катчысы Светлана Байтикованын айтымында, жаңы жылдык эс алуу күндөрү РНБго узак убакыт алкоголдук абалда болгон 41-жаштагы Бишкектин тургуну алынып келген.

Наркологдордун аркеттерине карбастан, оорулуу көп убакыттан бери алколголдук ичимдиктерди колдонгондуктан жүрөгү туруштук бере албай каза болгон.

«Күндө аз-аздан жана көптөн бери ичкен адамдарда алкоголдук психоз пайда болот. Бул майрамдарда адамдар ашыкча алкоголдук ичимдиктерди колдонгондуктан, оор абалда станционардык борборлорго жеткирилген»,-дейт Байтикова.

РНБдун директорунун орун басары Татьяна Борисованын айтымында, жаңы жылдык 10 күндө 104 оорулу кайрылып, анын 10%ы айымдар болгон.

«Акоголдук психоз» диагнозу менен оорулуулардын январь айында көп болушу жаңы жылдык эс алуу күндөрүнүн көпкө созулгандыгында,- дейт Борисова.

«Эс алуу күндөрү ашыкча көп болуп кетти, адамдар 31-декабрдан 9-январга чейин майрамдашты»,-дейт РБНын директорунун орун басары.

Азыркы күндө 104 оорулуунун 44ү айыгып кеткен. Ооруканага түшкөн оорулуулардын жарымы Бишкектин жашоочулары, ал эми экинчи жарымы аймактардан келген тургундар.

Ребилитациондук борборго жылына орто эсеп боюнча алкоголдук абалда 3500 оорулу кабыл алынат.

Алкоголдук психоз — алкоголдук ичимдиктин көп колдонулушунан зат алмашуу системасынын бузулушуна алып келет.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Аида Ишмухамедова жана Адиля Дүйшеева