Ош базарынын сатуучулары Киев көчөсүнүн Юлиус Фучик көчөсүнө чейин узартылышына нааразы

Шаардык мэрия тарабынан Киев көчөсүн Юлиус Фучик көчөсү менен кесилиштирүү пландаштырылган. Бул маселе боюнча талкулоо жыйыны 9-январда Бишкек шаардык мэриясында болуп өттү. Жолду куруп оңдоо иштери тууралуу Ош базарындагы сатуучуларды алдын ала эскертишкен. 8-январдан 9-январга караган түндө мэрия тарабынан милициялар жана омондор келип, Ош базарындагы орундарын кайтарып жаткан Берекеттин сатуучуларын сүрүп чыгышкан.

«Сатуучулар абдан эле нааразы, анткени ушунчалык кыйналып жаткан заманда бизге жолдун кереги деле жок болчу. Себеби сатуучулардын 90%ы кредиттин үстүндө олтурушат, эгерде бизди жаап салса кредитибизди ким төлөйт, биздин абалыбызды карап, жолду башка жактан курушса болмок»- деди сатуучулардын бири Гулмира айым.

Бул убакытка чейин мэрия сатуучуларга Балбай жана Сейтек базарларынан орун берип, ал тарапка жайгашуусун өтүнгөн.

Сатуучу Анара эженин айтымында, аларга 8-январга чейин убакыт беришкен. Бул боюнча алар Асия Сасыкбаевага кат жазып, ал айым менен он экисинде жолугуп сүйлөшмөк. Бирок иш жүзүнө ашкан эмес. Түн жамынып келишкен эки машина ОМОН жана милиция кызматкерлери сатуучуларды бүт товарлары менен чыгарып салышкан.

Макала жазуу учурунда Асия Сасыкбаева комментарий алууга жеткиликсиз болду.

Соодагерлерге көрсөтүлгөн базарлар аларды канаатандырган эмес. Себеби элдин баары Ош базарына көнүп калгандыктан ал жакка көнүшү оңойго турбайт.

«Себеби ал базар беш жылдан бери иштебей турат жана ошондой эле шарттары туура келбейт. Бирок бизге оңдоп беребиз деп айтууда, макул биз барып туралы, биздин соодабыз жүрүп кетет деп ким кепилдик бере алат»,-деди Майрам эже.

Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, сатуучуларды жумушсуз калтырбастан, аларга башка базарлардан орун беришкен.

«Биз аларды такыр эле жумушсуз калтырып, оордуларын тартып алган жокбуз, мүмкүнчүлүктөрдү башка сатуу түйүндөрүнөн түзүп бердик. Бирок Балбай же Сейтек болсун сатуучулардын кирешеси азыркы турган жеринен кескин төмөндөйт. Борбор шаарыбызда миллионго жакын киши жашайт, шаар тургундары үчүн Ош базары эмес, Киев көчөсүнүн узартылышы абдан зарыл. Ошондуктан 20-30 га жакын павильондон көрө бишкектиктердин жолдо ыңгайлуу жүрүүсү артык»,- деп билдирди шаардык мериянын басма сөз кызматы .

Бирок бул дагы убактылуу көрүнүш барган сайын Балбай же Сейтек дагы Дордой-Дыйкандай болуп өз кардарларын табат деп ишенебиз -деп билдирди мэрия кызматкери Актан Сапианов.

Бир жумадан кийин ошол жерде ЖАК «Берекет Грант» соода түйүнүндө мериянын өкүлү жана сатуучулар менен жолугушу болот. Ошондо дагы канча сатуучу орундары Балбайга же Сейтеке көчүрүлөрү так маалым болот деп -басма сөз кызматы кошумчалап өттү.

Жаңы жолду оңдоо иштери башталды

Бүгүнкү күндөн тартып Кийев көчөсүн Фучик көчөсүнө чейин узартуу боюнча оңдоп түзөө иштери башталды. Жолдун кенендиги 12-14 метрди түзүп, жолдун четинде тротуар орнотуу да каралган.

Тротуардын кенендиги 1,0-2,0 жана 2,5-4,5 метр болуп, ошондой эле шаардык тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, жер алды аркылуу өтмөк жол да эске алынган. Жолду оңдоп түзөө иштерине жана жер алды аркылуу өтмөк куруу үчүн 59,2 млн сом сарпталмакчы,-деп жарыяланган шаардык мэриянын сайтында.

Азыркы учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан кез. «Берекет» базарынын айрым бөлүгү таптакыр алынып, Киев көчөсүн реканструкциялоо башталды. Реканструкция эки этапта болот.

Биринчи этапта жер иштери болуп, Чүй-Кулиева көчөсүнү кесилишинен баштап Киев көчөсүнө чейин жол жабылат. Экинчи этапта көчө толугу менен оңдолуп, жер алды аркылуу өтмөк жолунун курулуу иштери башталат.

Бишкек шаардык мэриянын карамагына караштуу  соода башкармалыгынан интервью алуу учурунда,  болуп жаткан окуялар тууралуу эч нерсе билбестигин айтып, Ленин райондук администрациясына кайрылууну өтүндү.

Эскерте кетсек, 2011-жылы мэрия тарабынан Ош базарынын айланасында онго жакын жолдор оңдолуп, колдонууга берилген. Ошол учурда да сатуучулар тарабынан нааразычылыктар болгон.

Ошондой эле сатуучулар тарабынан бир нече жолу митингедер болуп, мэрдин кызмат орудан кетиши жана алардын соода кылуу жайларын оңдоп берүү талаптары коюлган.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы