ИИМ: Жубайы жолдошун өлтүрүүгө буюртма берген

ИИМдин маалыматы боюнча, үй жайды менчиктештирүүнү каалаган аялы жолдошун өлтүрүүгө 20 жаштагы үч өспүрүмдү 40 миң сомго жалдаган.

Жайыл районунун ИИБсине түнкү саат үчтө- 26-декабрда Кара Балта шаарында белгисиз эркектин денеси табылгандыгы тууралуу кабар берген.

Окуя болгон жерге атайын иликтөөчү топ барган. Каза болгон адамдын денесинде оор жаракаттар жана моюну тарабы бычак менен жарадар болгону тастыкталган. Каза болгон адам айыл чарба менен алектенгени аныкталды.

Милиция кызматкерлери кошуна жана туугандарын сурап чыкканда, үй-бүлө мүчөлөрү өздөрү берген көрсөтмөлөргө чаташа баштаган.

ИИМдин маалыматы боюнча, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан 10 күндөн кийин өлүмдүн уюштуруучулар катары каза болгон кишинин жубайы жана анын эки кызы кармалган.

Ал эми туугандары, каза болгон киши балдарын жана жубайын бир нече жолу уруп согуп үйүнөн кубалап чыккан деп билдиришүүдө. Бирок кошуналары андай нерсенин болгонун четке кагууда.

Өлтүрүү үчүн 40 миң сомго 20 жаштагы үч өспүрүм жалданган,- деп билдирет ИИМ.

Жубайы менен жолдошу 25 жыл бирге жашап, төрт балалуу болушкан. Азыркы учурда күнөөлүнү табуу жана өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев