Ош облусунда талаадагы пахтанын "тең жарымы" кар астында калды

Кара-Суу, Араван райондорунда дыйкандар пахтаны кышка чейин толук жыйноого жетишпеди. Алардын айтуусунда, быйыл аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүп, "пахтага кеткен чыгымдарды актабады".

Дыйкан Насир Жолдошовдун айтуусунда, суук тез түшүп, экинчи терими терилип, үчүнчүсү терилбей калган. Бирок жыл сайын терим беш жолу болчу.

"27-октябрда баштаган жамгыр 27 [ноябрга] чейин дагы жамгыр жааган, ылайкерчилик болгон. Кар жаагандан кийин эч мүмкүнчүлүк болбой, суукта терилбей калган. Тергенде биринчи [терими] үч сомдон, [1 кг] анан төрт сомдон тердирген [дыйкандар]. Кеткен чыгымдарын актаган жок[...],—деп айтты Жолдошов.

Ошондой эле ал 2010-жылы пахтанын баасы "кымбат болуп 1 килограммы — 51-53 сомго чейин чыкса", 2011-жылы 40 сомдон болуп, кийин баа төмөндөп, азыркы учурда 32-33 сомдун тегерегинде.

Бирок дыйкандар пахтанын терип алуучу жана заводко сатуучу бааны ар кандай айтышууда.

Дыйкан Равшан Абдуллаевдин билдирүүсүндө, күзүндө пахта терүү мезгилинде жаан жаап койгон. Пахта чапкандарды иштетип, бир күнгө аларга 250-300 сомдон төлөп берген. Ошону менен бирге быйыл "банкрот" болуп калды.

"Аз түшүм жыйналды, теӊ жарымы калып кетти. Отуну жазга барып алынат эми, азыр килограммы 10 сомдон терилип жатат. Пахтанын баасы былтыркыга салыштырмалуу аябай эле арзан болуп калды. Кредитти гана зорго жапты, бизге пайда калбады",—деп кейиди ал.

Токтогуль Акматованын өз сөзүндө, эрте эккендер гана пайдасын көрдү, деп белгиледи.

"[…]Биздики кечирээк эгилип кургакчылыкка туура келди. Каналга суу келбей, суу кеч [пахталарга] коюлду. Жыйнаганы келгенде, кыш эрте келди. Кол эмгектерин эсепке албаганда техникалык кеткен чыгымды пайда актабайт. Насыяны айлыктын эсебинен жаптык",— деп дыйкандарга кошулду Акматова.

"Чыгымдар акталды"

Бирок Мыйман Кадыровдун билдирүүсүндө, өзүнүн дыйканчылыгынан "жетиштүү пайда" алды.

"Үч-төрт теримди толук тергенде 12-13 тонна алмакпыз. Түшүмдүн 1/4 бөлүгү калды, үчүнчү теримин 12-15 сомдон тердирдик, кийинки жылы Кудай буюрса мындан көбүраак эгем",—деп айтты Кадыров.

Дыйкан Назар Султановтун "Клоопко" берген маегинде пахта чыгымдар акталган, бирок өзүнө жетиштүү болгон жок, деп айтууда.

"Гектарына 25-30 миң сомдой чыгым кеткенде, 3 гектардан 6 тонн тапшырдым, пахтанын киллограммы 40 [сом] болгондо 10 миңдей өзүмө калган. Былтыр баа жакшы болуп 55 [сомдон] тапшырган экен, быйыл 40-41 [сомдон]",—деди дыйкан.

"Мамлекет жардам берет"

Араван районунун акимдик милдетин аткаруучу Пайзылла Мирзабарамовдун маалыматында, Төө-Моюн айыл өкмөтүндө биринчи теримден 2,5 тонна пахта жыйналып, калганы ошол боюнча калган. Ага себеп Төө-Моюн элинде жумушчу күчтүн жетишсиздиги.

Ошондой эле ал мамлекет тарабынан дыйкандардын банктарга төлөө насыяларынын мөөнөтүн кийинки жылга узартып берүүсүн айтты.

"Биз 40-45 пайызын гана жыйнап алганга жетиштик, калган пахталар кар астында калып кетти",—деп кошумчалады Мирзабарамов.

Дүйнөлүк деңгээлде баа төмөндөдү

Негизинен пахтанын 90 пайызы Оруссияга сатылат.

Карасуу районундагы "Сарай" пахта заводунун жетекчиси Асылбек Абдыраевдин айтуусунда, быйыл дүйнөлүк деӊгээлдеги "ак алтындын" баасы түшүп кеткенине байланыштуу азыр баардык Кыргызстандагы заводдор пахтаны саталбай тургандыгын айтты.

"Кыргызстандын пахтасы дүйнөлүк базарда деӊиздеги тамчы. Кыргызстандын пахтасы менен биз дүйнөлүк базар баа боюнча эч бир таасир тийгизе албайбыз, көлөм аз, баардыгын топтосок 30 миӊ тонна, Өзбекстан 400 миллион [тонна] тапшырат",—деп сөзүн жыйынтыктады ал.

"Актеккс" пахта заводунун чарба башчысы Ахмад Төрөбаев да азыркы учурда "ак алтынга" муктаждык жок экендигин билдирди.

"Пахта алуучулар келбей, пахтаны саталбай жатышат. Алар Пакистанга, Оруссияга экспорт кылышат. Пахтанын баасы өтө түшүп кеткен, биринчи терими 32-33 тонна болду",—деп нааразычылыгын билдирди Төрөбаев.

"Азыр пахтанын бир килограммы 20-26 сомго чейин",—деп кошумчалады ал.


Редактор: Айзат Шакиева