Текебаев катышкан секс-видео «Ютуб» интернет сайты тарабынан алынып салынган

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге окшогон адам белгисиз кыз менен жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн ролик «Ютуб» видео сайтынын жетекчилиги тарабынан алынып салынган.

Ролик «сексуалдык мүнөздө» болгондуктан өчүрүүгө себеп болгон.

«Сексуалдык мүнөздөгү ролик болуп, «Ютуб» порталынын эрежелерине каршы келгендиктен видео тасма өчүрүлгөн»,-деп билдирет интернет-сайтын администрациясы.

Видео-сайтын эрежелери боюнча жылаңач денени сексуалдык контекстте көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

Бирок жылаңач дененин тартылышы окутуу боюнча, илимий тармакта, документалдык жана көркөм тасмаларда көрсөтүлсө болот.

Бул видео тасманын «Ютубдан» качан өчүрүлгөнүн «Клооптун» редакциясы аныктай албады.

Бирок, «Клооптун» кабарчысынын айтымында 2011-жылдын август айында видео тасманы көрүү мүмкүн эле.

«Ата Мекен» партиясы катышкан парламенттик шайлоо мезгилинде, 2010-жылдын октябрь айында, НТВ телеканалы жылаңач тартылган Текебаевдин ролигин жаңылык берүүсүндө көрсөткөн.

НТВ телеканалы көрсөткөн видео тасманын кадрларын видео-сайттан дагы эле көрө аласыздар. Бирок бул роликте жыныстык мүчөлөр кара квадраттар менен жабылып көрсөтүлгөн эмес.

Өмүрбек Текебаев видеодо катышканын четке кагып, видеонун жарыяланышын «Ата Мекен» партиясына жана анын өзүнө карата каралоо деп билдирген.

Кийинчерээк 2011-жылдын сентябрь айында «атамекендиктер» президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясын сунуштаган. Анын негизинде ар бир жаңылыктын жазып алынганы текшерүүдөн өткөн соң гана чет элдик жаңылыктардан көрсөтүлөт.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Которгон: Бермет Абдыкадырова
Автор: Диана Рахманова