Кыргызстан биринчи жолу топ менен хоккей ойноо боюнча дүйнөлүк чемпионатына катышат

XXXII Дүйнөлүк чемпионаты 29-январдан 5-февралга чейин Казакстандын борбор калаасы болгон Алматы шаарынын «Медеу» стадионунда болуп өтөт. Кыргызстандын курама командасы «С» группасына туш болду жана Эстония менен Япониянын курама командалары менен беттешет. Федрациянын президенти Мурат Жакыповдун айтымында, турнирге болгон чакыруу азырынча келе элек.

Топ менен хоккей ойноо федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун «Клоопко» берген интервьюсунда, Кыргызстандын курама командасы расмий түрдө жолдомо ала электигин кабарлады.

«Жакынкы күндөрдө баарына чалып кабарлайм, биз баарыбыз чогулабыз. Мындай олуттуу маселелер жөн жерден эле жасала бербейт да»,-дейт Жакыпов.

Федерациянын президентинин айтымында командага оюнга даяр болгон 18 адам кирет.

Дүйнөлүк чемпионаттын расмий сайтындагы маалымат боюнча, Япония жана Эстония өлкөсүнүн курама командалары кирген «С» тобуна Кыргызстандын курама командасы да туш болгон.

Дүйнөлүк федерацияга жаңыдан мүчө болгон мамлекеттер «С» тобуна кирет.

Калган эки «А» жана «В» топторуна Финляндия, Орусия, АКШ, Швеция, Казакстан, Норвегия, Голландия, Венгрия, Канада, Белоруссия, Монголия жана Латвия сыяктуу күчтүү командалар кирген.

Кыргызстандын курама командасы менен болгон оюндар 31-январда, 1-,2- жана 4-февралда болуп өтөт.

Аталган оюн дүйнөлүк чемпионатын өткөрүү тарыхында XXXII оюн болуп саналат.

Азиядагы катышуу

Кыргызстандын топ менен хоккей ойноо боюнча курама командасы VII кышкы Азия оюндарында катышкан. Хоккеисттер коло медалдарга ээ болушуп, үч курама команданын арасынан үчүнчү орунду ээлешкен.

Тилекке каршы Монголиянын курама командасынан 2:17 көрсөткүчү менен утулган хоккеисттерибиз эки оюнда тең жеңилип калышкан.

Ал эми Казакстандын командасынан 0:21 упайы менен утулуп, Казакстанда болуп өтүүчү Азия оюндарынын финалына катышуу мүмкүнчүлүгүн алдырып жиберишкен.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор:Айгул Гуламидин кызы
Автор: Медер Сманов