Кыргызстандын саясатчылары жаңы жылдык эс алууну кандай өткөрүштү?

Президент жана премьер-министр январдын биринчи күндөрүнөн тартып ишке киришкен. Депутаттар аймактарга иш сапралары менен чыгышты, ал эми министрлерге өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган.

Эскерте кетсек өкмөт кыргызстандыктарга 1-январдан 9-январга чейин эс алуу күнү деп жарыялаган. Ошого байланыштуу өлкөнүн жүзү болгон депутаттар жана саясатчылар арасында жаңы жылдык эс алуу күндөрүн кайда өткөргөндүгү жөнүндө «Клооптун» кабарчылары сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоого катышкан саясатчылардын баары жаңы жылды үй-бүлөлөрү менен тосушканын билдиришти.

Президенттин басма сөз кызматы, Алмазбек Атамбаев январдын алгачкы күндөрү мамлекетик резиденцияда «ар кандай кагаз иштери менен иштеп», өкмөт жетекчилери менен байланышта болгондугун маалымды.

Өкмөттүк аппаратын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров «Клоопко» берген интервьюсунда, премьер-министр Өмүрбек Бабанов 3-январда жумуш ордунда болгонун айтты.

Каназаровдун айтымында, премьер өзүнүн чет мамлекеттик иш сапарларын башка учурга жылдырууну айтып, мамлекеттик оргнадардын жетекчилерине жана өкмөт алдындагы мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин жеке сапарларын башка учурга жылдырууну тапшырды.

«Өлкөдө тартипти орнотуу, жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоо жана инфраструктуранын стабилдүү иш жүргүзүүсүн камсыз кылуу боюнча премьер-министр бардык мамлекеттик органдарга тапшырма берген. Ошондуктан 3-январдан баштап премьер-министр башында болгон бүт өкмөттүк аппарат жумуш ордуларында болду»,-дейт Каназаров.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин айтымында, анын «эс алууга мүмкүнчүлүгү деле болгон жок».

«Бизде, аскер адамдарында жаңы жылдык эс алуулар кыска болот. Эс алуу деле болбойт. Эки күн дем алыш болгондуктан, Бишкектен башка жакка барууга убакыт болгон жок. Өкмөт жаңы эле түзүлдү, ошол себептүү алдыбызда чоң-чоң маселелер бар, бюджетти бекитүү алдыбызда турат, ошондуктан жакшылап эс алууга мүмкүнчүлүк деле болгон жок. Жаңы жылдан кийин үй-бүлөбүз менен тоого чыгып келдик, бир күн активдүү эс алдык деп айтсам болот»,-дейт министр.

Ордо калаабыздын мэри Иса Өмүркулов жумушка 1-январда эле чыккандыгын айтты. Анткени, жаңы жылдык майрамдоолордон кийин шаарды тазалоо иштери башталган. Мындан сырткары, райондордун акимдери жана шаардык структураларынын жетекчилери менен биргеликте чогулуш өткөрүп, 2012-жылга карата тапшырмаларды тактап, өз милдеттерин аткаруу боюнча чечимин чыгаргандыгын билдирди.

Акыйкатчы Турсунбек Акун жаңы жылдык эс алуу күндөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн үйүндө өткөзгөндүгүн айтты, ошондой эле 5-январда жумушка чыгып, ал эми айдын жетисинде балдары менен тоого барган.

«Тоолорду дайыма сагынам. Мен чабандын, аңчынын уулумун, ошодуктан тоолорду жакшы көрөм»,-дейт акыйкатчы.

Аймактарга болгон сапар

ӨКМнын жетекчиси Кубатбек Боронов 1-январдан жумушка чыгып, жаңы жылдык эс алуу күндөрү кесиптештери менен өлкөбүздүн баардык аймактарына иш сапары менен барып келген.

«Тааныштыруу иш-чаралар жүрүп жатат. Изилдөөлөрдү жүргүзүп коопсуздукду камсыз кылуу үчүн кандай кадамдар каралашы керек экендигин аныктап жатабыз. 6-7-январда Баткенде, 8де Жалал-Абадда болдук, ал эми азыр Ошто жүрөбүз»,-дейт министр «Клоопко» берген интервьюсунда.

Үй-бүлөлөрү менен болууну каалаган парламент депутаттарынын көпчүлүгү жаңы жылдык эс алуу күндөрү Бишкектен сырткары аймактарга барып келишкен.

«Ата -журтчу» Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад облусунун Барпы айылында жашаган ата-энесиникине барып келген.

«Жаңы жылды ата-энемдин үйүндө тостум. Бул адат салтка айланган десем болот: 31-декабрь күнү өзүм рулга отуруп, балдарым менен биргеликте ата-энемдин үйүнө барам. Жаңы жылды туугандарым менен биргеликте бир дасторкондо тостук. Эс алган деле жокмун, анткени элдер менен көптөгөн сүйлөшүүлөр болду. 3-январдан 5-январга чейин жергиликтүү элдер менен жолугуштум, айдын бешинде кайра Бишкекке келдим. 6-январда бир күн кечке мончодо болдум»,-деп айтып берди Ташиев жаңы жылдык эс алуу күндөрү боюнча .

Социал-демократтын депутаты Гульнара Жамгырчиева, жаңы жылдык эс алуу күндөрү Балыкчы шаарына барып шайлоочулары менен жолуккандыгын айтты.

«Калган күндөрү Бишкекте жумушта болдум. Келип кетип атым, өлкөбүздөн сырткары эч жакка чыккан жокмун. Башкалар сыяктуу ыссык жактарга кызыкан да жокмун»,-дейт Жамгырчиева.

Спорт жана парламенттеги жумуш

«Республика» фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов, жаңы жылды Ош областынын Ноокат шаарында тоскондугун жана ал жерде бир нече күн болгондугун айтты.

«5-6-январда биздин партия жаңы жылдын кирип келиши менен Ноокат шаардык башкармалыгында, Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн Кулестон жана Махмуд айылдарында спорт оюндарын уюштурду. Биз баскетбол, шахмат боюнча мелдештер уюштурдук жана жолугуушуларды өткөрдүк. Үч-төрт күн уюштуруу иштери менен алек болдук»,-дейт Бекматов.

«Ар намысчы» Дастан Бекешов бир нече күн достору менен Ысык-Көлдө болгон. Бирок 4-январда жумушка чыгып, мыйзам долбоордун үсүтндө иштегенин айтты. Мындан сырткары, күндө сууга сүзүү менен алектенип жана спортзалга бараарын кошумчалады.

«Ар намычсы» дагы бир депутат Айнуру Алтыбаева «Клоопко» берген интервьюсунда, жаңы жылдык эс алуу күндөрү депутаттар майрам алдында бекитүүгө жетишпей калган Жогорку Кеңештин жаңы структурасынын үстүндө иштегендигин айтып өттү.

Сүрөттө: Бишкек шаардык мэриясы, сүрөттүн автору Тимур Райымкулов

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айдай Токоева