Түштүктө имамдар өздөрүнүн диний сабатына канааттанбайт

Имамдар өздөрүнүн билимдерине канааттанбагандыктан, Ошто 9-январдан баштап 60 имам үчүн окуу курсу башталды. Имамдардын диний билимине Ош облусунун казысы толук ишенээрин айтты. Ал эми түштүктөгү көпчүлүк жарандардар да имамдардын диний сабатына канааттанбастыгын билдиришти.

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) теология факультетинин деканы Асылбек Алиев "Клоопко" берген интервьюсунда, ислам диний кызматкерлердин билимин өркүндөтүү зарылдыгын айтты.

Буга арналган 21 күндүк курска, 60 имам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген. Аларды ОшМУнун теология факультетиндеги жана Туркия-Диянет–Вакфы коомдук фондунан келген мугалимдер биргелешип ислам мыйзамдарына окутушууда. Имамдар бул окуу жайдын жатаканасында жайгашкан.

Алай районун Сопу-Коргон кыштагынын имамы Анарбай Үсөнов өзүнүн диний сабатына канааттанбагандыктан бул курстарга райондук имамдын чакыруусу менен келди.

"Билбегениңерди билип кетесиңер, үйрөнөсүңөр, ошону элге жеткиресиңер, өзүңөр имам болгондон кийин деген маалымат жетти райондук имамдан",—деп айтты Үсөнөв.

Ал эми Сапараалы Жээнбаев Ноокат районунун Көк-Жар айылынын имамы бул жердин азыркы кыш күнүндө да шарты жакшы экендигин айтты.

"Баарыбыз ыраазы болуп жатабыз. Ысык суу, муздак суу бар экен",—деп кубанды Жээнбаев.

Улан Каратаевдин оюнда, Куранда өзүнүн билбеген нерселери көп, диний сабатын жогорулатуу максатында келгендигин "Клооптун" журналистине айтты.

«Мен бул курстан өзүбөзгө чоң пайда күтөм. Көп билбеген нерселерди үйрөнөлүк деп келдик. Бул жердин шарттары канааттандыраарлык экен»,—деди Каратаев.

"Сабаттуулугу жакшы эле"

Бирок Ош облусунун казысы Ниязаалы Ариповдун оюнда, бул имамдардын сабаттуулугу "жакшы эле". Жогорку окуу жайдын дипломдору жок болсо да имамдыкка жетишээрлик билимидери бар.

"Диплом албагандары үчүн гана ошентип жатышса керек. [...] Аларды кабыл алууда [официалдуу имамдыкка] дипломун сурайбыз, тесттен өткөрөбүз»,— деп билдирди казы.

Ошондой эле казы Арапов окуп бүтүрүп чыккан имамдар толеранттуу болуп, динге илимий көз карашы менен карап, жаштарды динге чакырууну өздөштүрүп калышат деп кошумчалады.

Окуу курстарын бүткөндөн соң имамдар мониторинг жүргүзүшөт. Алар бири биринин аыйылдарына барып ошол окуган маселелерди кайра айтып беришет.

"Өзгөрүштөр баардыгында эле [имамдардан] байкалган",—деп сөзүн жыйынтыктады Арипов.

"Сабатына ишенбейбиз"

Ош шаарынын жашоочусу Бактияр уулу Арген кыргызча алфавиттен окуп үйрөнүп алып эле, имам болуп алган да имамдар бар экенинин билдирди.

"Бир күнү мен мечитке араб тамгаларын үйрөнгөнү барганмын, имамы арабчаны түшүндүрө албайт экен, андан кийин мечетке барбай койдум. Маселени да жакшы айта албайт экен. Анан өзү да [имам] мойнуна алды",— деди ал.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Нурмамбет Кулушевдин айтуусунда, айрым имамдар маалыматты "так жана туура эмес таасирин берүүшү мүмкүн".

"Биринчи адам имам болуш үчүн жогорку билимдүү болсо, университетте окуса, диндин мыйзамдарын айтса ошондо эле эффективдүү болот",— деген оюн билдирди.

Ал эми Оштун тургуну Нурзаада Рустиева имамдардарга кайрылбагандыктан алар жөнүндө эч кандай маалымат айткан жок.

"Билбейм мен молдолорго кызыкпайм. Азыркы учурда молдолордун сабаттуулары да болсо керек",—деди ал.

Студент Жусуп уулу Бекжол көпчүлүк имамдардын сабатына ишенгенин айтты.

«Мен имамдардын сабатына 65% гана ишенем»,—деди студент.

Редактор: Айзат Шакиева